Айпери Сыдыкова "Самба"
Жанр:Поп
00:02:55
38,5 Мб
Жүктөлгөн: 20-05-2014


Жай басып улам жанымдан,
Жан эркем, чачып жалындан.
Жаркырап бийге чакырсаң,
Бийлегим келди капыстан.

Кайырма:
Самба, самба, самба,
Кыймылдан артта калба.
Нота ойносун,
Жүрөк козголсун,
Сүйүүнүн бийи - самба.
Самба, самба, самба,
Кыймылдан артта калба.
Арзуубуз учуп
Асманга жетсин,
Сүйүүнүн бийи - самба.

Айлантып, кысып белимди,
Ансайын алып демиңди.
Кучагым толуп турганда,
Кумарга батып бийлейли.
Кайырма

Бийкечиң болом бактыңа,
Бийлейли бирге дайыма.
Жаңырып ар бир күнүбүз,
Жашасын тапкан сүйүүбүз.
Кайырма
  • Currently 4.60/5
(15 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (104)

20.05.2014. 11:54
 meerimjan89
Бийлей албайт экен. стили жок.
20.05.2014. 12:04
 tigrica
Обожаю ее.
20.05.2014. 12:13
 Айпери Сыдыкова
Бул клипке корк кошкон каскадер Адилет Акматовго жана анын окуучуларына терен ыраазычылык билдирем!!!Жана калын журтка ыр,клиптерибизди жеткирип турган www.super.kg сайтына мындан да чон ийгиликтерди каалап,терен ыраазычылык билдирем!!!
20.05.2014 12:21
Lee_Min_Ho
Айпери Сыдыкова,
Азаматсыз! Бийлеп жаткандагы форманыз сонун экен))
20.05.2014. 12:59
 Bella-life
Айперишка башка стиль, чач жасалга м.н жаңы.дем м.н киришсеңиз абдан жакшы болмок.
Үнүң абдан назик!
20.05.2014. 13:03
 liliya-gul
Айпери эже унунуз аябай жагымдуу , чыгармачылык ийгилик , уй - булолук бакыт сизге ! " ЖАРК " - эткен ажарыныз жанып журо берсин ! Анча - мынчаларга салыштырмалуу , сахнада ордунуз дурус эле . Биздей куйормандарыныз да арбын .
liliya-gul,рахмат.
20.05.2014. 13:26
 sara90
Adilet Akmatov, AKMATOVY gorditsya s v vami..karyndawynyz Samara..
20.05.2014. 13:43
 Made_in_Mama
Айпери озун сайтта отурасын. Ырчылардын клиптерин коруп, талкууга алынганын окуп эле журосун! Изденсен боло! Бет келбетти идеалдуулукка жакындаштырып жакшы макияж кылдыртсан болмок жакшы салондон. Кийимин жакпады! Сапаттуу койнокко каражат болбосо, жок дегенде прокатка алсан болмок! Озгочолук жок! Инетте коп отурасын, мумкунчулугун бар! Изден, изден жана изден! Озун таланттуу эле кызсын анан со вкусом кийиниш керек даа, жок дегенде клиптеринде! Катуу тийсе кечир! Бул менин жеке оюм!
20.05.2014 14:02
Baky1987
Made_in_Mama, Туура айтасыз,менда сиз ойлогондорду жазайын дегем.Кийимдери аябай начар жана конулу жок эле тартылып калганго клип,бийлегенин айтып жатам.Шандуу кылып,бийчилерди кошуп тартса жакшы болмок.
20.05.2014 14:10
melkaya
Baky1987, Бизге эч нерсе жакпайт озу,бийчилерди кошсо саксандатып баардык клипке кошушат дейбиз.Айпери эже дагы аракет кылат.Айперм эже менен тендер семирип,карып кеткен.Дагы озун карап,аракет кылат.Ийгилик сизге,конул бурбаныз.
Made_in_Mama, Чоооон рахмат,комменттиниз катуу тийген жок,бирок кабыл алдым.Стильди,келбетти Кончита Вурстка тапшыргам) )) .Артык болом деп тыртык болуп калгандан коркот окшоймун..
20.05.2014 14:27
Made_in_Mama
Айпери Сыдыкова,рахмат туура тушунгонунуз учун. Мен жакшы ниетте айттым.Купуяга жазсам деле болот эле, бирок баша ырчыларга да сабак болсун дедим.Кончитага стилинизди тапшырбай эле коюнузчу сураныч!Уйдо деле ар турдуу боенуп корунуз,кандай боенгон кобуроок жарашканын байкайсыз!Мумкунчулук болсо курстарга барыныз,уйронуп аласыз! Анан да инеттен кандай тус кандай тус менен айкалышын,кандай кийимди кандай кийгенди,кандай кийимди кайда кийуу керектигин издеп карап,уйронуп алсаныз ашыкча болбос!!!
20.05.2014 15:51
Russ86
Made_in_Mama, туп туура жазыпсын, макияж прическа хромает)
21.05.2014 02:41
upol92
Айпери Сыдыкова, Унунуз аябай жагат. Жакшы бийлейт экенсиз. Мага жакты. Макияж ашыкча керек эмес. Табигый сулуу айым. Кийимге конул бурса болот, калганы соонун.
Уй булооолук бакыт каалайм сизге.
21.05.2014 01:21
tigrica
Aiperi konul burba,joop jazba,bular atain provokaciya kilip atat.Jakpasa korbogulo,ukpagyla.Модератор admin_superstan түзөттү 21.05.2014 10:21
20.05.2014. 14:15
 meerim8793
Айпери Азаматсыз,ушул ырдын клибин күтүп жүрдүм эле. Рахмат. Сизге ийгилик каалайм. Көрө албастар айта берет, сиз кандай болсоңуз ошо боюнузча жагасыз мага.
meerim8793, Рахмат )))
20.05.2014 19:03
tulpanka92
Айпери Сыдыкова, баары сонун сизге ийгилик аллах колдоп коштоп журо берсин мынданда мыкты ырларды жарата бериниз
20.05.2014. 14:32
 Syrduu_kyz
Боенушса ашыкча боенуп алыптыр дейбиз. Шандуу бийлеп койсо дардандап бийлеп алыптыр кыз болуп туруп дейбиз. Жакшынакай кыймыл-аракет, жакшынакай макияж, жакшынакай стиль эле болуп турат. Эмне, бикини форма кийип, төө куштун парынан куйрук менен мүйүз жасап алып дардаңдап бийлеп чыгышы керекпи? Бул формасы деле биздин менталитетке туура келген, ырга жараша Латын Америкасынын стилинде эле болуп турат.
20.05.2014 15:10
ainur78007
Syrduu_kyz,укмуш комент берипсинго,жыргап кулуп алдым.Ал эми,Айпери тузук эле аракет кылыптыр,бара-бара косом болот деп койчу беле.
20.05.2014. 14:33
 Syrduu_kyz
Угушума караганда ырдын сөзү,обону, клиптеги формалардын баары ырчынын өзүнө таандык экен. Изденүү деп ушуну айтат, кыргыздар жасалмалуулукту сүйбөгөн жандарбыз да. Мага жакты аябай. ийгилик Айпери эже.
20.05.2014. 14:41
 Kyrgyz_kymyz_jyttuu_bala
Мен ырчылардан суранат элем...эмнеге бир эле сөздү жүз жолу кайталай бересиңер,угуп отуруп тажап кетесиң.Айпери,ырдын кайырмасын көп кайталабагылачы сураныч.
Ырдын тексти,кайырмасы,тексти,кайырмасы болду.ашыкча сөздүн кереги жок.Үнүңүзгө соз жок,өзгөчө тунук экен.
20.05.2014. 14:49
 SHS
Ugup yrahat ala turgandai e4 nerse jok eken. Samba debei ele bizdin Kyrgyzdyn kara jorgo byige arnap yrdasa bolmok. Je bawka uluttuk byige. Samba emne kyrgyz 1000 jolu byilesek dele samba bizdin uluttuk byi emesta.
20.05.2014. 14:59
 aika_sv
Жакшы аракет кылыптыр. Бизге монитордун бери жагынан сындап койю оной да. Ал эми ушундай формаларды тиктирип клип тартуу оной эмес болсо керек.
20.05.2014. 15:01
 Aelita_osh
сонун клип болуптур,баары озунузго жарашып турат макияж,койнок,кыймылдарыныз да укмуш.Бизди сынатып эле койсооо,анча мынча создорго маани бербей эле койо берин,андайлар коп эле болотго...
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: