Самара Каримова "Сагынганда атамды"
04:21
7,95 Мб
Жүктөлгөн: 27-05-2014

Жанр: Эстрада
Сөзү:А.Өмүркановдуку
Обону:Э.Талиповдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.15/5
(60 добуш)
Айылыма барарымда аптыгып,
Атамды ойлоп көздөрүмдөн жаш чыгып,
Балбалактайм бар-жогумду унутуп,
Балалыгым келүүчүдөй бастырып.

Кайырма:
Алыңды айтып алыс жактан жел келет,
Көптөн берки көңүл бугум жазамбы?
Көздөрүнөн өпкүм келет эркелеп,
Мен алыстан сагынганда атамды.
Көздөрүңдү өпкүм келет эркелеп,
Сагындым, эй, сагындым, эй, атамды.

Башыңдан күн, аягыңдан ай туулуп,
Турчу, ата, аппак таңдай кулпуруп.
Жерге бутум жетпей учуп баратат,
Аска чапчып аккан суудай жулкунуп.

Кайырма:

Бактан булбул, кырдан таңшып улары,
Баягыдай күнүң батып, чыгабы?
Карегинен каруу-күчүн алдырбай
Карааны тоо атам күүлүү турабы?

Кайырма:

Комментарийлер (62)

26.05.2014. 19:08
 leyli00
Рахмаааат ушул ырды кутуп журдум эле. Рахмат админ. Сагынгандаааа атамдыыыы
28.05.2014 09:07
aminuwka
Алынды айтып алыс жактан жел келет . Эх керемет создор
26.05.2014. 19:15
 begusia
Эх Атакем болгондо кучактап ооп,ооп тойушуча кучактап турмакмын((((
16.07.2014 17:45
shabdan_osh
Кана эми сен айтканкандай болсо куну туну кучактамакмын эмнеге кеч ойлойбуз эээххх тагдыр экен да
26.05.2014. 19:30
 Lazat
Сураныч сөзүн жазып коесуздарбы, эң жакшы ыр. Самара дагы көп ырларды күтөбүз. Чыгармачылык ийгиликтерди каалайм.
27.05.2014 17:10
admin_superstan
Lazat, ырдын сөздөрү жазылды.
26.05.2014. 20:33
 altynai98
ураа!мен куткон ыр! атамды аябай сагындым((
27.05.2014. 01:09
 sumka
urrraaaaaaaa super info 4on rahmat!!!!men atama baram kudai buiursa 5 kundon kiin u4am Gemaniadan!!!men kubanyp jataaaaammm dostoooooooor!!!!!!
27.05.2014. 01:38
 sumka
bul yrga baarybyz suusagan ekenbiz eeee)))keremet yr saptar!!!
27.05.2014. 05:25
 leyli00
Азыр ушундай аталар жонундо ырдаганына кубанып жатам. Ата энелерибизди козу барында сыйлайлы
27.05.2014. 05:28
 aminuwka
Rahmat admin men kutkon yr uraaaaaa Samara kyz azamatsyz dagy uwundai yrdai bergile
27.05.2014. 08:57
 Samandar
Жамалдуум Самарка сонун ырларды ырдайсын бирок укбай эле жазып жатам бул ырга комментарии озун гитара же аккордеондо ойноп ырдасан сонун болмок жаны ыр жаратып эл тан калаарлык кылып.
27.05.2014. 09:44
 hihikayu
oooooooooooooi akyry toluk juktoldu e ,,ato kununo konsertini koro berip kyinaldym ele atamdy estep yilap .kozdorunu opkum kelet erkelep men alystan sagynganda atamdy. eeeh atakem sagyndymgo sadagam dese.
27.05.2014. 14:17
 islamkg
Иииййй ыр эмес бекен э!!! Бир козго жаш толуп сагынычтан, бир кубанычтан,, сонун чыгарма экен!
28.05.2014. 11:15
 admin_media
akzuura,
Саламатсызбы! Катачылыктар кайталанып жатабы? Бизге купуя кат менен жазып койсоңуз. Рахмат!
28.05.2014. 23:42
 madi.miss
Менда сагындым ай атамды
29.05.2014. 23:20
 kristiano
кечээтен бери угуп жатам, мен да сагындым атам апамды, эх качан кетер экенбиз ушу москвадан
02.06.2014. 23:22
 balykchydan
козго жаш айланчу ыр экен... кандай гана сонун ыр...
05.06.2014. 19:51
 aminuwka
:((( кундо уксамда тажабайм козумо жаш кылгырат. Самара озгочо бир эргигенде ырдаган окшойсун ээ. Суперчилер ушул ырдын тарыхын билип бергилечи сураныыыыч??????
10.06.2014. 00:30
 Nuraza
Ээн сонун ыр,аткаруучу да мыкты! Азаматсынар
12.06.2014. 13:33
 ai_altyn
Мени атам жалгыз баласынын неберелери болгондуктан, аябай эркелетчу эле.Кундо мектептен келе жатканда апам самоор кайнатып, атам тосуп турчу. Классташтарым сонун ата,апан бар деп суктанышчу. Ошентип окууну бутконумо 6 жыл, атамды жоготуп алганыма 13-июнда 5 жыл болот... Атамды сагындым!... Сонун ырдаптыр Самара, азаматсын!
19.06.2014. 17:47
 marlisboy
Атам атам :)) азамат
01.07.2014. 12:44
 M89
Мен дагы атамды сагындым. Атанын баркын тушунгон адам гана тушунот. Мен бул ыр менен атамдын алтын адам экенин дагы бир жолу сездим. Көздөрүнөн өпкүм келет эркелеп, Сагындым, эй, сагындым, эй, атамды.Сонун ыр!
10.07.2014. 20:42
 Sport-Mix
Эн сонун ыр, ийгилик каалайм сизге...
23.07.2014. 23:37
 narmatov2009
Мааниси обону сонун ыр экен
04.08.2014. 01:24
 01beka
С.Каримованын ушул ыры аябай жакты,ар дайым ушундай ырларды ырдап журо бериниз,ийгилик сизге !!!!!!))))(*-*)
11.08.2014. 13:51
 Кыргыз Happy
жакшы ыр экенго бирок эстеген сайын кыйын болот экен
07.09.2014. 00:04
 Aselya_9105
Сагындым мен, сагындым ай АТАмды-ыыы... :(
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо