Назира Токонова "Сага"
Жанр:Поп
00:03:53
48,2 Мб
Жүктөлгөн: 03-06-2014


Сөзү:М.Молдалиеваныкы
Обону:Н.Токонованыкы

Сыздасын дегениңби,
Сырымды билбей койдуң.
Сыйкырлуу жомогумдун,
Ичине кирбей койдуң.

Кайырма:
Унутсун дегениңби?
Уйкумду бузбай калдың.
Жайнаган көңүлүмдү,
Жылытпай музга айландың.

Түңүлсүн дегениңби?
Түшүмө кирбей койдуң.
Тымызын сүйөрүмдү,
Негедир билбей койдуң.

Аялуу жүрөгүмдүн,
Эшигин чертпей калдың.
А бирок унутулбай,
Оюмдан кетпей калдың.
  • Currently 3.78/5
(9 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (60)

03.06.2014. 12:54
 oooald
Жакшы эле болуптур
03.06.2014. 12:57
 Jakusya
Жакшы клип экен, жашоодо ушундай тушунбостук жана ишенбестиктер болбой эле койсунчу.
03.06.2014. 13:28
 Arslana
Ушундай бирөөнүн бактысына көз арткан кыздарды өпкөсүн жулуп, өтүн өзүнө куюш керек!
03.06.2014. 13:32
 aikow92
Мырзага таң бердим. Тобо, сураса болот го бул эмне деген сурот деп, кыз эмнеге ыйлайт дебейм мен да ишендире албай ыйлай берчүм. Эми ыйлабайм.

Идея жакшы, бирок аябай кыскартып, жай берип койгондой. Эгер 1 суроттун айынан кетип калса, демек экоо кыз-жигит болуп 1 жума журушкон окшойт.

Тигил подружкасы менен 2 апта дружить эткен го
03.06.2014 13:39
jalgyzdyk
aikow92, чын айтайын мындай суротко таштап кеткен болсо анда акылынан тайган жигит окшойт. тообо
03.06.2014. 13:36
 Нуркыз Курманбек кызы
Ырдын аткарылышы мурдагысынан начар болуп калыптыр. мурун назира эмоцияны катыра берген эле. мунусунда устуртон гана кайгырып койгондой. Типа: Мен арманга батып жатам бирок анча эмес дегендей.Аранжировка жакшы. Актерлдордун ролду ийинине жеткире аткаралбаганы бул режиссердун кемчилиги болушу керек. тустор жакшы берилген, назиранын койногундогу жалтыроак жултурактар коп экен маакул кыскасы урбанизациянын жолундабыз...
03.06.2014. 13:38
 Нуркыз Курманбек кызы
Анан могу негизги ролдогу актриса "кыз-Бурак" тобунан чыгып кетти беле. Кече эле Сайкалды ээрчип журот эле го ырдамакчы болуп. Эх Кыскасы кыз-буракта бордак-бурак болуп жаткан чагы окшойт. суперчилер айткандай тараганы калышты окшойт ушул топ
03.06.2014. 15:46
 BelkaBoB
Классташым ушул ырды мага ырдап берди эле... Көп жылдар сүйүүсүн арнады эле эми сагынып жатам. Мурункудай эле түшүмдөн кетпейт..
05.06.2014 12:01
jalgyzdyk
BelkaBoB, Биз оз учурунда кээ бир жакын адамдарыбызды баалаганды билбейт экенбиз. Бул кантсе да кудайдын буюругу. Демек ушундай болушу керек эле. сагынбаныз...
03.06.2014. 16:31
 dastan_nookat
Жакшы жакшы сонун
03.06.2014. 16:39
 bopos
жакшы клип,кээ бир сатып койгон курдаштардан экен каармандын жанындагы.жогоруда Арслана айткандай кылыш керек.Назирага ийгилик!
03.06.2014. 18:06
 snejinka
эх, кайра кайра угуп атам..менин жүрөгүм сүйлөп аткандайле болдум(((...Унутсун дегениңби?
Уйкумду бузбай калдың....
03.06.2014. 20:17
 rahat74
ыры жакты аябай
03.06.2014. 21:59
 Aikoo2014
Назиранын баардык ырлары жагат. Клип жакшы эле,бирок баланын бир сурот учун тыштаганы кызыкго. Кыздар тональный кремди басканго беттерине.
04.06.2014. 00:00
 nurik-jami
Ушул ырын канча уксам да тажабайм да.
04.06.2014. 00:01
 aygerimka
Убагында ушул ырды аябай суйуп укчумун. Азыр музыкасын бир аз озгортуп койгон го. Мурдагыдай денгеелде аткарылбаптыр. Клиби да жаман эмес
04.06.2014. 08:57
 jasi
Жакшы клип болуптур. Ырды да созолонто ырдаптыр го. Азаматсыз Назира!
04.06.2014. 14:33
 justbs
yr jagat ayabay,klip dagy jakwy boluptur
04.06.2014. 22:51
 ais9
Like))
05.06.2014. 00:22
 shaiyrkyz
Клип сонун маанилуу болуптур бирок ырдын мурунку версиясын аябай
берилип ырдап уккулуктуу болчу, мунусунда голосун бироо бууп койгондой ырдаптыр.Клипке моз жок мыкты.
05.06.2014. 01:28
 erkele
ырды бузуп салыптыр!
05.06.2014. 01:52
 ayman9309
соонун ыр,обонун алмаштырбаса жакшы болмок
05.06.2014. 05:28
 melek1
jigit jenil oiluu kyly koiuptur klipte.a birok nazira ejege soz jok azamatsyz!!!!!
05.06.2014. 09:30
 Oi_pikir
Мен кызыгуу менен, жактыруу менен уккан саналуу ырлардын бири болчу. Назира, ылдамдатылбаган эле версиясы абдан таасирдүү эле. Жаңыча ырдагың келгендир, билбедим, бирок клиптеги каармандар баарын бузуптур. Бири да образга кире алган эмес. Сюжет баналдуу. Бул терең маанилүү, муңдуу, уккулуктуу ырга драматизми терең, күчтүү клип тартылышы керек болчу. Бул кыздар сенин эмгегиңдин баасын түшүрүп салышыпты
06.06.2014 13:06
toktonazarova
Oi_pikir, туура айтасын эски варианты жакшы болчу
10.06.2014 23:35
gulmi
Oi_pikir, бышкан ашка сынчы коп,мындан кайгылуу сюжет кандай болмок?башкы каарманды олтурупт туруп,орттоп салуубу?эн мыкты ыры да,клип дагы.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: