Султан Садыралиев "Кыргыз бийи"
03:35
6,57 Мб
Жүктөлгөн: 09-06-2014
Жанр: Поп
Сөзү:К. Урманбетовдуку
Обону: М. Ниязов, А. Отунчиевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.31/5
(36 добуш)
Кыймыл менен сүйлөгөн,
Кыргыз бийин үйрөнөм.
Кызыталы өмүрдү,
Кыз-жигиттер, бий менен.
Кызыкты бул таппайсыӊ,
Кыдырсаӊ да дүйнөдөн.

Кайырма:
Атпай кыргыз бийлесин,
Аруулантып дүйнөсүн.
Жеӊил болгун булуттай,
Жерге бутуӊ тийбесин.
Байкап турган адамдар,
Бали, кыргыз бий десин!

Куштай канат кагалы,
Учпай кантип калалы.
Бийге баарын чакырып,
Бир кумардан каналы.
Жаркын күнгө теӊелсин,
Жаштыгыӊдын жамалы.

Кайырма:

Жүрөгүӊү тыбырат,
Жүлүнүӊдү кыбырат.
Дем кошулсун демиӊе,
Дене боюӊ чымырап.
Мелтиребей жарышкын,
Мезгил менен зымырап.

Кайырма:

Эргүү мындай болобу,
Эриккеним жоголду.
Эриш-аркак бийлесек,
Эл көӊүлү толорбу.
Тоӊуп калган бир кезде,
Толкуталы тоолорду.

Жалпы кыргыз ырдасын,
Жаратылыш тыӊдасын.
Жаркылдаган жылдыз бий,
Жашообузду нурдасын.
Ырыс болуп кыргыз бий,
Ынтымакты чыӊдасын.

Кайырма:

Комментарийлер (45)

09.06.2014. 15:31
 suyom_seni
Азаматсыз!! бийлейле бере турган ыр болуптур!)
09.06.2014. 17:25
 Nurtilek82
сонун ыр болуптур коптон бери Султан хит чыгарбай койду эле молодец 5
09.06.2014. 18:25
 Asus77
Азаматсыз!!!Соонун чыгыптыр көптөн бери күтүп жаттым эле.Суппер!!
09.06.2014. 18:54
 Samat.A.A
Жакшы ыр болуптур.
09.06.2014. 19:14
 Damir_Narmatov
Азаматсын Султан иним жакшы аткарыпсып. Жабировдун эмгеги да зор болуптур.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо