Мирбек Атабеков "Суранамын, кечир мени"
Жанр:Поп
00:03:45
44,2 Мб
Жүктөлгөн: 05-07-2014


Азгырылып, сезим менен ойноп, айрылдым өзүңдөн,
Биздин сүйүүбүздү жомок деп ойлоп.
Сага жагыш үчүн издеп айла,
Жалган айтып алдадым.
Сени жоготуудан коркуп анда.
Көрбөптүрмүн сендей жанды,
Көздөрүңдө сыйкыр барбы?
Көңүлүмдөн орун алдың, орун алдың...
Жан дүйнөмдүн тынчын алып,
Жалын болуп күйүп-жанып, кеттиң алыс!
Сенсиз калдым эми жалгыз.
Кайырма:
Жүрөгүмдү ээлеп алдың,
Бар дүйнөмө бүлүк салдың.
Жалын болуп күйүп жандым, күйүт салдың.
Бакыт сен жок сезилбеди,
Жүдөттүң го сезимимди.
Сагынычка эзбей эми, келчи деги,
Суранамын кечир мени.

Алоолонуп жүрөк эзип кайра, ар дайым эсимде,
Ал күндөрүм менин соолубас дайра.
Эми сезимдерим издеп айла,
Жалгыздыкка кезигем, сенин "сүйөм" деген сөзүң кайда?
Көрбөптүрмүн сендей жанды,
Көздөрүңдө сыйкыр барбы?
Көңүлүмдөн орун алдың, орун алдың...
Жан дүйнөмдүн тынчын алып,
Жалын болуп күйүп-жанып, кеттиң алыс!
Эми сенсиз калдым жалгыз.
Кайырма:
Жүрөгүмдү ээлеп алдың,
Бар дүйнөмө бүлүк салдың.
Жалын болуп күйүп жандым, күйүт салдың.
Бакыт сен жок сезилбеди,
Жүдөттүң го сезимимди.
Сагынычка эзбей эми, келчи деги,
Суранамын кечир мени.

Суранамын кечир суранамын.
Кубанычым болуп, кучагыма толуп,
Кайрылсаңчы, сарсанаага алдырбай.
Аясаңчы мени жалгыз калтырбай,
Суранамын кечир мени!
  • Currently 4.79/5
(43 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (97)

06.07.2014. 12:06
 elgiz0890
жакшы и жакшы абдан сонун клип
06.07.2014. 14:50
 universal
Алгачкы сүйүү - тунук сезим...
06.07.2014. 15:23
 Zarina92
Ужас эмес, заманга жараша эле клип менин оюмча.
06.07.2014. 15:27
 nurando
Супер инфо не mp3 бербейсинер??????????
06.07.2014. 16:51
 Xperiaedil
Жакты мага, ыр дагы клип дагы, сюжети сонун экен
06.07.2014. 17:23
 aniraz.zari
jakwy eken
06.07.2014. 17:38
 admin_superstan
Клиптин аудиосу жакынкы арада жүктөлөт.
06.07.2014. 21:56
 apal.87kg
Клиптеги жигит суйкумдуу экен.ошол жигит жонундо маалымат берсениздер урматтуу super.kg.рахмат.
07.07.2014 11:27
admin_superstan
apal.87kg, Саламатсызбы!
Сунушуңуз тууралуу тиешелүү бөлүмгө кабарлап койдук. Рахмат!
06.07.2014. 22:24
 erlanizina
Красавчик Мирбек Ыр дагы и Клип дагы вообще класс игилик сага
07.07.2014. 01:59
 omur0312
ММ супер порша озгочо жакты
07.07.2014. 04:42
 kyz19
сонун экен
07.07.2014. 11:06
 kmLove
соонунго)))
07.07.2014. 11:23
 Sexy_88
Ырды бир уккан га болот экен. Клипти эки коргонго. Машинанын номери 1234 го))))
07.07.2014. 14:47
 Ak_gulum
Романтика , балалыктан жагымдуу коз ирмемдери менен клип жакты.Ырды Мирбек .А жеткиликтуу денгээлде ырдаган. Укмуш +
07.07.2014. 17:15
 nuri_jan
М.Атабеков сага ийгилик мен ырынды кино аркылуу эле жактырп анан качан чыгат деп кутуп жургомун мумкун болсо МР-3 жуктоп койгула суперчилер
07.07.2014. 18:31
 hanysha91
Атабековго ийгилик алгаа!!!
07.07.2014. 19:02
 bela77
Чынын айтайынбы? Жакпады, Атабековдун денгээли эмес менимче:(
08.07.2014. 00:26
 djkaro
Суперррррр...
08.07.2014. 10:45
 malik.87kg
Мага жакпайт ырчы бирок алга мен эчнерсе дей албайм аллахтын алдында куноолу болгум келбейт
08.07.2014. 11:17
 Bad boy
мп3 болсо сонун болмок анан ак porshe клиптеги :) бала красавчиккен а кыз...сулуу кыздар коп го азыр мындан башка...
08.07.2014. 11:34
 azamat94
Мүмкүн болсо "mp3" super.kg
08.07.2014. 18:31
 aika_sv
Кыз деле татынакай экен.
08.07.2014. 23:06
 kyrqyz
Ушундай дагы сулууу бала болобу?
09.07.2014. 00:05
 gul-bek
Азаматсыз Мирбек братан чыгармачылыгынызга ийгилик
09.07.2014. 00:45
 NARGULYA
Mp3 jokpu???
09.07.2014. 05:35
 ayakosya
Жагымсы клип
09.07.2014. 14:24
 Brokovich
Ожидал почему то большего. Жакпады
09.07.2014. 18:35
 Nurbatken
format factory программасынын жардамында mp3 кылса болот го клипти
09.07.2014. 22:47
 kinaza
Мирбек ырдагысы келбей эптеп эле ырдап койгондой.
10.07.2014. 01:55
 Esenturov
жакшы болот)
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: