Мирбек Атабеков "Суранамын, кечир мени"
Жанр:Поп
00:03:45
44,2 Мб
Жүктөлгөн: 05-07-2014


Азгырылып, сезим менен ойноп, айрылдым өзүңдөн,
Биздин сүйүүбүздү жомок деп ойлоп.
Сага жагыш үчүн издеп айла,
Жалган айтып алдадым.
Сени жоготуудан коркуп анда.
Көрбөптүрмүн сендей жанды,
Көздөрүңдө сыйкыр барбы?
Көңүлүмдөн орун алдың, орун алдың...
Жан дүйнөмдүн тынчын алып,
Жалын болуп күйүп-жанып, кеттиң алыс!
Сенсиз калдым эми жалгыз.
Кайырма:
Жүрөгүмдү ээлеп алдың,
Бар дүйнөмө бүлүк салдың.
Жалын болуп күйүп жандым, күйүт салдың.
Бакыт сен жок сезилбеди,
Жүдөттүң го сезимимди.
Сагынычка эзбей эми, келчи деги,
Суранамын кечир мени.

Алоолонуп жүрөк эзип кайра, ар дайым эсимде,
Ал күндөрүм менин соолубас дайра.
Эми сезимдерим издеп айла,
Жалгыздыкка кезигем, сенин "сүйөм" деген сөзүң кайда?
Көрбөптүрмүн сендей жанды,
Көздөрүңдө сыйкыр барбы?
Көңүлүмдөн орун алдың, орун алдың...
Жан дүйнөмдүн тынчын алып,
Жалын болуп күйүп-жанып, кеттиң алыс!
Эми сенсиз калдым жалгыз.
Кайырма:
Жүрөгүмдү ээлеп алдың,
Бар дүйнөмө бүлүк салдың.
Жалын болуп күйүп жандым, күйүт салдың.
Бакыт сен жок сезилбеди,
Жүдөттүң го сезимимди.
Сагынычка эзбей эми, келчи деги,
Суранамын кечир мени.

Суранамын кечир суранамын.
Кубанычым болуп, кучагыма толуп,
Кайрылсаңчы, сарсанаага алдырбай.
Аясаңчы мени жалгыз калтырбай,
Суранамын кечир мени!
  • Currently 4.79/5
(43 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (97)

05.07.2014. 13:36
 Janym_ata_enem
класташтар kg тасамасынын саунтиреги окшойт менимче
05.07.2014 13:55
Real_Madrid95
Janym_ata_enem, Талисман тасмасынын саундтреги
05.07.2014. 13:54
 djkaro
соонун болуптур баары.
05.07.2014. 14:02
 kursantbek
Мирбек красавчик)))))))
05.07.2014. 14:16
 elvira1980
ужас просто!
06.07.2014 16:26
Justdelightful
elvira1980, клип проссто супер ыынын да мазмуну жакшы экен а кыз менен бала аябай сулуу экен Мирбек мы стобой алга!!!!!!!
05.07.2014. 14:26
 sardar1
Саундрек жакшы болуптур. Азамат Мирбек!
05.07.2014. 17:48
 urmat_88-kg
Мирбек акыркы кундору ырларындын "х" тамгасы тушуп калчу болду ит болуп
05.07.2014. 17:57
 e.azi
Ujas bolso korbo Jakwy krasavchik
05.07.2014. 18:24
 teto
Клип жакшы ыр жакшы болбой калган екен
05.07.2014. 18:25
 Begimkyz
Сонун чыгыптыр!
05.07.2014. 19:52
 Samat.A.A
Мынча эле кыйналып ырдайт(
05.07.2014. 21:53
 kg_07
atabekivdun ayali talisman kino budet samim luchwim dep chiga elekte olo maktagan andai dele bolboi kaldi. bul klipti da olo maktadi le go iri ancha mes murunkudai hot klip kachestvennyi bolso da
05.07.2014. 22:05
 Ali-Sher
Жакшы эле! эмнеси жакпады силерге билбейм!
05.07.2014. 22:26
 azi9tka
Sonun)))molodets
05.07.2014. 22:36
 kg5stan
Кыргыз жылдыздары биздин кайсы ырлар казакыстанда хит болуп жатса баарынар чоогулуп концерт берип келсенер антпесе биздин ырларды казактар оздорунуку кылып алыштыго
05.07.2014. 22:51
 Real_Madrid95
Клип дагы ыр дагы соонун! Мирбек азамат! Иштерине ийгилик!
05.07.2014. 23:41
 aika_87_2007
Azamatsyn mirbek myrza iygilik kg5stan tuura aytasyn bizdin momun kyrgyzdar unchukpaile kalyp kalywty je kazaktardai kylyp ataiyn peredacha je maaniluu maekda kylaeliwek chakyrgyla kazaktar kelip emne sebepten kotorgonun autyp aftorlorun aytyp beriwsin mirbektinda bir emes eki uch yryn kotoruwkan
05.07.2014. 23:58
 dastan_nookat
Мр3 форматын жуктоп койсонуздар!
06.07.2014. 00:37
 bella.samat
сонун ыр экен клиппи дагы жакты
06.07.2014. 02:53
 nurando
Супер инфо mp3 мумкун болсо
06.07.2014 17:35
admin_superstan
nurando, жакынкы арада жүктөлөт.
06.07.2014. 03:29
 bossmos7
Азамат! Бирок болок тасмадан кочурулгону билинген! Кыргыздар азырынча ушул жолдо ! Кийин Кыргыздардан кочуро турган убакыт келер! Мага ыр жакты! Болгону тасманы ойлоп чыгуу керек эле......................
06.07.2014. 03:41
 meka94
Jakshy klip boluptur mirbek baike jany hit yrlardy kutobuz
08.07.2014 17:57
janul
Сонун клип...
06.07.2014. 05:55
 apal.87kg
Сонун клип.Мирбек сен эн сонун жылдызсын.Мен сени жакшы кором.
06.07.2014. 06:27
 venchiko88
dostor *mahabat jurokto yr bolup saktalat, mahabat .... saktalat* degen yrdi kim yrdayt, jardam bergile4i, syrani4
06.07.2014. 08:19
 ayakosya
Великолепный ужас
06.07.2014. 10:35
 anelya_kaparova
эн мыкты ыр! эн мыкты клип! эн мыкты ырчы!Бул саундтрек эмес,толук кандуу клип! мен бир ай кутком качан чыгат деп.
06.07.2014 13:45
Real_Madrid95
anelya_kaparova, ооба клипти Мирбек толук кандуу кылып тартты, бирок Ыр Талисман тасмасынын саундтреги.
06.07.2014. 10:47
 tima-27
Ыр да клипта сонун
06.07.2014. 10:51
 upol92
Соооооооооооооооонун
06.07.2014. 11:09
 Tosix64
Super info mp3 formatyn da jyktop koisonuzdar suranych??
06.07.2014. 12:03
 Kaky25
Эн жакшы чыгыптыр.Модератор admin_superstan түзөттү 06.07.2014 17:37
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: