Айар "Карындаш "
Жанр:Поп
00:03:30
44,33 Мб
Жүктөлгөн: 12-07-2014


Карындаш, жүрөгүмдү козгодуң,
Карегиң карегиме кадалганда.
Кайталап көргүм келет өзүңдү,
Сагынычтарга мен батканда.
Көздөрүң мөлтүрөгөн карагат,
Көргөн жан эңсеп сени тамшангандай.
Ирмелет кирпиктериң жаралап,
Сезимге жалын жаккандай.

Кайырма:
Сага махабаттын гүлдөрүн сунам,
Мага чын жүрөктөн жылмайып койсоң.
Жаным, балдай ширин сөздөрүң менен,
Сүйөм деп, сүйөм деп койсоң.

Карындаш, назданасың эркелеп,
Ансайын ашык болдум жамалыңа.
Жалындап кол кармашып түбөлүк,
Ойгонсок ар бир аткан таңда.
Серпилип маңдай чачың таралат,
Секетим, сен маралдай басканыңда.
Сүйөм деп койчу мени дарылап,
Сүйүүсүз алдан тайганда...

Кайырма:
  • Currently 4.36/5
(14 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (35)

12.07.2014. 00:23
 dinooou
Тим эле укмуш го ай))
12.07.2014. 00:28
 dinooou
Бир кашын өйдө көтөрүп,кыймылдатып сонун ырдайт экен :D Жакты!
12.07.2014. 00:58
 Ulanbek1992
Жалган айтпасам муда чыккан э бул ыр, жана клип дагы?
12.07.2014. 01:24
 elkat
Баягы биринчи клибине окшогон эле клип экен.Аягына чейин коргон жокмун.Башка жаны бир клип тартса коробуз
20.08.2014 11:57
incognito1
elkat, +1
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: