Мирбек Атабеков "Суранамын, кечир мени"
03:42
8,43 Мб
Жүктөлгөн: 17-07-2014
Жанр: Поп
Сөзү:Кундуз Качкынбаеваныкы
Обону:Мирбек Атабековдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.36/5
(39 добуш)
Азгырылып, сезим менен ойноп, айрылдым өзүңдөн,
Биздин сүйүүбүздү жомок деп ойлоп.
Сага жагыш үчүн издеп айла,
Жалган айтып алдадым.
Сени жоготуудан коркуп анда.
Көрбөптүрмүн сендей жанды,
Көздөрүңдө сыйкыр барбы?
Көңүлүмдөн орун алдың, орун алдың...
Жан дүйнөмдүн тынчын алып,
Жалын болуп күйүп-жанып, кеттиң алыс!
Сенсиз калдым эми жалгыз.
Кайырма:
Жүрөгүмдү ээлеп алдың,
Бар дүйнөмө бүлүк салдың.
Жалын болуп күйүп-жандым, күйүт салдың.
Бакыт сен жок сезилбеди,
Жүдөттүң го сезимимди.
Сагынычка эзбей эми, келчи деги,
Суранамын кечир мени.

Алоолонуп жүрөк эзип кайра, ар дайым эсимде,
Ал күндөрүм менин соолубас дайра.
Эми сезимдерим издеп айла,
Жалгыздыкка кезигем, сенин "сүйөм" деген сөзүң кайда?
Көрбөптүрмүн сендей жанды,
Көздөрүңдө сыйкыр барбы?
Көңүлүмдөн орун алдың, орун алдың...
Жан дүйнөмдүн тынчын алып,
Жалын болуп күйүп-жанып, кеттиң алыс!
Эми сенсиз калдым жалгыз.
Кайырма:
Жүрөгүмдү ээлеп алдың,
Бар дүйнөмө бүлүк салдың.
Жалын болуп күйүп-жандым, күйүт салдың.
Бакыт сен жок сезилбеди,
Жүдөттүң го сезимимди.
Сагынычка эзбей эми, келчи деги,
Суранамын кечир мени.

Суранамын кечир суранамын.
Кубанычым болуп, кучагыма толуп,
Кайрылсаңчы, сарсанаага алдырбай.
Аясаңчы мени жалгыз калтырбай,
Суранамын кечир мени!

Комментарийлер (37)

17.07.2014. 19:56
 dastan_nookat
"Текст" кошуп койсонуздар Сонун Ыр болуптур!
17.07.2014. 22:18
 elgiz0890
текстин угуп анан жазып ал
17.07.2014. 22:52
 obon
Мен гүткөн ырды араң таппадымбы, рахмат сиздерге супер инфо, эми текистин жазып койсоңуздар жакшы брлот эле, алдын алаа рахмат,
18.07.2014. 00:09
 spanchik
klasssssas!!!!!!
18.07.2014. 19:02
 mrbaukin
урматту супер инфо минусун жуктонузчу сураныч
19.07.2014. 20:29
 angelo4ka_96
Мирбек как всегда в своем репертуаре! Сонун ыр, уккулуктуу...
20.07.2014. 00:10
 bakyt-251190
Эээх кандайгана сонун ыр клибида сонун. Мага жактыыыы
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо