Асель Кадырбекова "Кыя албайм"
03:20
6,09 Мб
Жүктөлгөн: 23-07-2014
Жанр: Эстрада
Сөзү:Нурмат Садыровдуку
Обону:Нурлан Насиптики
Көчүрүү
  • Currently 3.85/5
(20 добуш)
Апакай гүл терип, ашыктар табышсын.
Ай нуру төгүлүп арзуусун айтышсын.
Мага да сезилет махабат жазгандай,
Ал үчүн төгүлүп ак жамгыр жаагандай.

Кайырма:
Гүлүм деп жакшы көрүп, үнүмдү тыңдайсың,
Көздөрүң күйүп турат, өзүңдү кыйбаймын.
Гүл кезим сени менен күн өтсүн эгиздей,
Каректен билип алдым, жүрсөң да сездирбей.

Аппагын кирдетпеген ак гүлдөй айымбыз,
Арзууңду арнасаң, ашыгым, каалоом түз,
Себебин сездирбесең, сен мендик билинбей.
Сен деги калбачы көңүлдүн кириндей.

Кайырма:

Комментарийлер (50)

23.07.2014. 16:44
 beka1979
Ушу кыз ырдай деле албайт. Буга караганда Малика укмуш ырдайт, сулуу дагы. Жаккан жок.
23.07.2014. 16:56
 hihikayu
Мага ыры аябай жакты, унун билбейм озум ырдай албаган учун баары эле жакшы угулат.Не болсо да Айперидей "Алма, алма "дебей жакшы ырларды ырдайт.Ийгилик!!!
23.07.2014. 17:01
 nurgultoktogul
Кайырмасы Мээрим Мураталиеванын сырдашып суйлошлу ким болот атыныз деген ырына окшошуп калыптыр.Жаштар кичине окшош кылбай чыгарсанар боло.Ырчы кызды сыйлайм жалпысынан.Таланттуу синдим десем болот
23.07.2014. 17:06
 Нуркыз Курманбек кызы
ии мен да эстей албай жаткам да отуруп сырдашалы деген ырды)))жалпысынан жагымдуу ыр. Мен да озум ырдай албаган учун ушунусуна да ыраазымын)))
23.07.2014. 17:06
 Zemlyanin
Кайда карабайын ушул кыз болуп калыптыр. Ну честно бир лицону коруп тажадык. Биздин шоубизнесте ырчы кыздар азбы эмне?
24.07.2014 05:07
sara90
Zemlyanin, tynymy jok iwtese,jany urlardy urdasa klip tarttyrsa anan albetette korunot da el kozuno.. araket kulsa bereket bolot Aselka chygarmachylyk yigilik...klibin da kutobyz...
23.07.2014. 17:10
 bema55
Үн - ноль... Келеяеги жок ырчы. убактысын, акчасын кетирбей озун башка жактан сынаса болмок.Модератор admin_superstan түзөттү 23.07.2014 17:21
23.07.2014 17:21
admin_superstan
bema55, талкуудан алыстабаңыз! Талкуу ыр тууралуу болушу зарыл!
23.07.2014. 17:45
 Aelora9292
Jakshy elego:)
23.07.2014. 18:00
 perlywka92
Сонун ыр супер +5 Асел эже унун назик чыгармачылык албан албан ийгиликтерди калаймын бар болунуз
23.07.2014. 20:10
 Ulanbek1992
Мышык майга жетпей сассык дептир дегенден болосунар да, биринчи озунор ырдагыла ушунчалык..
23.07.2014. 23:29
 Samat.A.A
Туура биз ырдай албайбыз, ошол үчүн ырчы эмесбиз. Ырдай деген адам өзүнө ишениш керек да. Бул ырчы бары жасалган Аранжировка кылып ушунча кыйналып ырдап жатса живой ырдаса точно шору шорподой кайнайтко.
24.07.2014. 01:59
 zamir.87
Жакшы ырдаптыр
24.07.2014. 03:25
 Cho
маладец асел
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо