Гүлжигит Сатыбеков "Аксыга кетеличи"
04:11
4,78 Мб
Жүктөлгөн: 07-08-2014
Жанр: Эстрада
Сөзү:Г. Сатыбековдуку
Обону:Г. Сатыбековдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.22/5
(18 добуш)
Сары-Челек көлдүн боюнда,
Сен экөөбүз түндүн коюнунда
Бирге отурсак арман жок эле.

Канат күүлөп калкып турам,
Чоң бакытка балкып турам,
Кээде түшүп сүйүү жалынга.
Жан дүйнөмө батпай келет,
Эмне дешти таппай келем
Бизди кошкон ушул тагдырга.
Тагдыр берген энчим менин,
Элжиретип эзбе мени,
Жаралдыңбы менин бактыма?
Токою бай, жер-жемиши,
Асыл жери, жер бейиши -
Жүрчү, жүрчү кеттик Аксыга.

Сары-Челек көлдүн боюнда,
Сен экөөбүз түндүн коюнунда
Таңды күтсөк арман жок эле.
Элинин да пейили сонун да,
Касиеттүү Аксы коюнунда
Өмүр сүрсөк арман жок эле.

Кашка-Суунун суусун кечип,
Бозбу-Атанын гүлүн терип,
Оюн салсак кечки адырда.
Жан кейиткен жамандардан,
Тажап бүттүм ушактардан,
Кетеличи жүрчү айылга.

Сары-Челек көлдүн боюнда,
Сен экөөбүз түндүн коюнунда
Таңды күтсөк арман жок эле.
Элинин да пейили сонун да,
Касиеттүү Аксы коюнунда
Өмүр сүрсөк арман жок эле,
Бир карысак арман жок эле.

Комментарийлер (79)

07.08.2014. 17:09
 dastan_nookat
"Сонун ыр азаматсыз Гулжигит аке"
07.08.2014. 17:37
 Bodibilding
азаматсыз Гулжигит байке талантынызга таазим ырыныз мага жакты укпай туруп жуктоп аламда сиздин ырларынызды себеби сиздин бардык ырыныз уккулуктуу.
07.08.2014. 17:46
 Begimkyz
Ырлары окшошуп баратат че то... но норм эле.
07.08.2014. 18:29
 kursantbek
аксы аксы менин туулуп оскон жерим))))Гулжигит байкеге ийгилик)))))
08.08.2014 19:08
sagyn01
Бул ырын менен аксыга барып концерт коюп, аксылыктардын акчасын кагып кел, лейлекти кагып келгендей
Комментарийлерди жашыруу
10.08.2014 23:58
aslan_akjol89
sagyn01, ал балким акча учун ырчы болбогондур.Аксыга баргансайын элдин акчасын эмес ак батасын алып келет деп ишенем.
07.08.2014. 18:44
 anara-anara
Сагындым Аксы ыйык жерим кетеличи кетеличи.Гулжигит азаматсын унуно ун талантына талант кошулсун сен мн аксы эли сыймыктанабыз. 5555555
07.08.2014. 18:51
 bella.samat
коменттерди окусам жердештер коп экенбиз АКСЫ алга.
07.08.2014. 19:02
 Arstan
Азаматсыз Гүлжигит!
07.08.2014. 19:53
 bolot00
азамасыз игилик
07.08.2014. 19:59
 aizada.ru
Жакшы ыр экен!!!
07.08.2014. 20:16
 jigitaly
Жакшы
07.08.2014. 20:49
 Marlen.
Азаматсын, Ийгилик......
10.08.2014 17:04
bishkek.kg
Байке ийгилик жаны жаны ырларды кутобуз !!!
07.08.2014. 21:07
 Cho
гулжигит каяктан болот билгендер айтып койгулачы
08.08.2014 09:56
kursantbek
Cho, Аксыдан болот
07.08.2014. 21:10
 omurbekkutibaev77
Барибир Бекке жетпейт экенда бул акабиз эптеп эле ырдап койуптур ырда мани жок. Гулжигит кандай ыр чыгарат экен деп кутчу элек, акыркы ырларынан кийин кутпос болдук
10.08.2014 17:03
bishkek.kg
гулжигиттин укаси аканди колдоп койсон болбмок !!!!
07.08.2014. 21:25
 mister
азамат гулжигит... айбан ыр болуптур, чыгармачылык ийгилик...
аксы эли сени менен сыймыктанат...
07.08.2014. 21:57
 jeenkulov91
cho. Аксыдан болотта. ошон учун аксы деп кайра кайра ырдап жатпайбы.
07.08.2014 23:36
Cho
jeenkulov91, рахмат брат
12.08.2014 02:00
beks-07
jeenkulov91, анан мне кытай жонундо ырдасынбы
07.08.2014. 21:58
 jeenkulov91
жакшы ардаптыр азамат ГУЖУ братан
07.08.2014. 23:04
 jirgalb
бар бол ылайым, ушундай ырларды чыгара бер 5555555.
07.08.2014. 23:20
 Tak
Сонун чыгарма ийгилик!
07.08.2014. 23:23
 Tak
өзүңөр чыгарма жарата албай эле,сындай бересиңер.колдоп өнүктүрүү жок.
07.08.2014. 23:27
 Izatizat306
ыр жакшы экен. Гулжигит мырза Манас атабыз жердеген Талас жерине дагы ыр жазышынызды кутобуз.
07.08.2014. 23:57
 admin_superstan
tynar92kg, жеке айтышууга жол жок! Билдирүүңүз өчүрүлдү.
08.08.2014. 00:16
 elawbek.kg
Супер,текстин кутобуз
08.08.2014. 00:20
 nurkaKg90
Жакшы жакты мага
08.08.2014. 00:30
 Samat.A.A
Кыз издеп. Алгач "Ошко сапар" тартып. анан "Тикону" жактырып.кийин "Лейлектик кызга" барды ..анысы макул болбодубу айтор "Мен сенден кетейинчи" деп кайтып келе жатып "Трассада таксист" болуп зериктиби "Агентен Махабат" издеди. анысынан жооп болбогон соң "Эми мага баары бир" деп баарына кол шилтеди эле.. ааз өтпөй "Айзиректи". таап.. "Кечиккен махабатым" деп... анысына эми "Аксыга кетеличи" деп колун сураган кези!)
Кийинки ыры Үйлөндүм же Жубайыма деп арн
08.08.2014 02:28
sanjar
ушул сөздүн автору ким экенин жазып койсоң сонун болмок..блогумдан уурдабай ;)
08.08.2014 03:56
Danek.kg91
Samat.A.A, азаматсын санжыра тим елее :)
08.08.2014 12:49
bekman
Samat.A.A, катарынан жазыптырсын го пайлап жургондой хикаю
08.08.2014. 00:33
 Samat.A.A
Арнаса керек))) сонун ыр болуптур))
08.08.2014. 01:33
 canali12
Азаматсыз. Аксылыктар алга!!!
08.08.2014. 08:16
 XAH-007
Лайк.
08.08.2014. 10:20
 Samat.A.A
Sanjar, Урдады деп, урдай турганда нерсе деле эмесго. Просто жакшы жазылган экен ал жактан алып, бул жакка ыргытып койгом. Авторун жазып коюш деле кыйынга турбайт менимче. Автору Санжар Калматай)))
08.08.2014. 12:36
 anara-anara
Админ сизден сураныч текстин чыгарып коюнуздарчы алдын ала рахмат
08.08.2014. 13:00
 kg.bala80
Жакшы ыр экен. Онорун оркундой берсин Гулжигит
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо