Гүлжигит Сатыбеков "Аксыга кетеличи"
04:11
4,78 Мб
Жүктөлгөн: 07-08-2014
Жанр: Эстрада
Сөзү:Г. Сатыбековдуку
Обону:Г. Сатыбековдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.22/5
(18 добуш)
Сары-Челек көлдүн боюнда,
Сен экөөбүз түндүн коюнунда
Бирге отурсак арман жок эле.

Канат күүлөп калкып турам,
Чоң бакытка балкып турам,
Кээде түшүп сүйүү жалынга.
Жан дүйнөмө батпай келет,
Эмне дешти таппай келем
Бизди кошкон ушул тагдырга.
Тагдыр берген энчим менин,
Элжиретип эзбе мени,
Жаралдыңбы менин бактыма?
Токою бай, жер-жемиши,
Асыл жери, жер бейиши -
Жүрчү, жүрчү кеттик Аксыга.

Сары-Челек көлдүн боюнда,
Сен экөөбүз түндүн коюнунда
Таңды күтсөк арман жок эле.
Элинин да пейили сонун да,
Касиеттүү Аксы коюнунда
Өмүр сүрсөк арман жок эле.

Кашка-Суунун суусун кечип,
Бозбу-Атанын гүлүн терип,
Оюн салсак кечки адырда.
Жан кейиткен жамандардан,
Тажап бүттүм ушактардан,
Кетеличи жүрчү айылга.

Сары-Челек көлдүн боюнда,
Сен экөөбүз түндүн коюнунда
Таңды күтсөк арман жок эле.
Элинин да пейили сонун да,
Касиеттүү Аксы коюнунда
Өмүр сүрсөк арман жок эле,
Бир карысак арман жок эле.

Комментарийлер (79)

07.08.2014. 16:39
 tynar92kg
Эн биринчи мен. Сагындын сени АКСЫ жерим. Ыр жакшы экен.
07.08.2014 18:45
anara-anara
tynar92kg, Аз калды чыда мени да ала кетчи Аксыга
Комментарийлерди жашыруу
07.08.2014 23:22
tynar92kg
anara-anara, куздо кетебизби анда?
08.08.2014 12:30
anara-anara
tynar92kg, Куда кааласа
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо