Мирбек Атабеков "Сагынам"
Жанр:Поп
00:03:48
57,5 Мб
Жүктөлгөн: 30-03-2010


Сөзү:К.Качкынбаеваныкы
Обону:М.Атабековдуку

Жалооруп карап сенин жамалың,
Жалынга жүрөгүмдү байладың.
Жашоомо жаралган сен ардагым,
Жалгызым, бир өзүңдү сагындым.

Сени сагынып, сени сагынып,
Күндөрүм өтөт кусага батып.
Сени сагынып, сени сагынып,
Уйкусуз таңдар атты.

Кайырма:
Сен, жаралуу жүрөктү кыйнадың,
Сени сагынам, сезимимди сыйбадың.
Сен, тагдырымды неге кыйнадың?
Сени сагынам, үмүтүмдү алдадың.

Жанымда түбөлүккө калбадың,
Жазыксыз жүрөгүмдү арбадың.
Жанашып жарым болуп албадың,
Жалгыздык күндөрдү арнадың.
Күндөр жаңырып, жүрөк сагынып,
Көздөрүң карегимде кадалып.
Сезим жалынып, сага багынып,
Түбөлүк сен деп жашайм.


Табышпай калган биздин,
Тагдырыбыз айрылган экен.
Алыстарда жүрсөң да,
Сагынам, сагынам, сагынам.
  • Currently 5.00/5
(10 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (106)

30.05.2010. 11:31
 Даниэль
Без идеи как то клип скучноватым кажется.

AlmazKG, закажи в студии любой- они по ценам не такие уж дорогие (около 1000сомов)
31.05.2010. 14:45
 diko
Дубайга барып келгенин доказывать этип тарткан турбайбы :) Силерди ишенбей койбосун деп. Ой Мирбек антпесен деле ишенебиз ишенебиз! :)))
31.05.2010. 23:00
 silkusia
Бут клиптери оригиналдуу, озгочолонуп турат :) МОЛОДЕЦ!!!!!
01.06.2010. 15:20
 D.DROGBA
Мирба братаным Везде рулит.
01.06.2010. 15:23
 D.DROGBA
Мирбек байкемдим мен чын журоктон сыйлайм.Ал кыргызымдын СЫЙМЫГЫ.
02.06.2010. 10:18
 MaRmeLaDka
Ушул баланы мен сүйөм да.Өзүнчө эле лапочка го.Анан ар бир ыры жагымдуу,жүрөгүмө жакын.Мирбекке ийгиликтерди каалайм!!!
03.06.2010. 15:34
 Reya
Мага клип абдан жакты. Эс алып журуп тартса дагы, сапаты жагынан башка клиптерге караганда 100 эсе жакшы тартылган. Ыры болсо, менин эн суйуктуу ырларымдын бири.
08.06.2010. 15:06
 Perfekt
Ushul yrdy kaira-kaira ele ukkum kele beret,jakshy yr.
08.06.2010. 17:10
 AIZAJANKA
Мирбек озу супер, голос супер супер, ыр андан супер. Бирок озу эле журо бербей кыргыздын кызын кошуп койсо болмок суйуу жонундо ырдап жатат да сагынып, кимди сагынып журот. Всета ки жетишпейт.
08.06.2010. 18:39
 Дикуся
Мирбектин унуно,ырына соз жок.Клип кооз,сонун жерде тартылган,болгону сагынып жаткан кызынын Кыргызстанда жургонун чагылдырып койсо сонун болмок.
08.06.2010. 19:37
 azdek
Бул клиптин эн ле озгочолугу Мирбек озу экен.Ыр болсо супер!!!
09.06.2010. 17:07
 syrduu kyz
мага ыры жагат, а клиби жакшы эмес.
12.06.2010. 06:15
 dream
ыр жакшы,клип тушунуксуз,же бир кызды кошуп койсочу же акча жетпей калдыбы Дубайга бир кыз ала барганга тушунбойм.А так молодец Мирбек ты самый лучший
14.06.2010. 18:05
 Девушка невидимка
Значит пошли они на Дубай, решили за одно клип снять,ну понятно. Но если честно клип мне не понравился он какой-то скучный, ходит себе по городу....,а песня как всегда классная.
14.06.2010. 21:58
 botokoz
ты просто супер!!!!
15.06.2010. 11:42
 Suppastar
Мирбек!Ты молодец!Ты во первых очень хороший человек,а во вторых в этом клипе у тебя актерское мастерство на все 100% класс!
Пишет тебе Руфина с твоего клипа "U r my destiny"
15.06.2010. 11:45
 merimka
Супер клип!!!
17.06.2010. 14:36
 Arsenucci
мага че-то уже Мирбектин чыгармачылыгы жакпай баратат... че-то одна и та же заезженная тема
19.06.2010. 21:37
 LadyJan
Азаматсын!!!
23.06.2010. 07:29
 bekjangold
Клипке каарман катары бир кыз кошуп койсо болмок, же ала барганга акчасын уномдошконбу!
29.06.2010. 03:38
 kg sokuluk
Ыры жакшы,бирок клипи анча эмес.Эки коёнду бир аткан экенсин э Мирбек.(эс алуу жана клип)
29.06.2010. 15:39
 ХАНЗАДА
Ыры чын эле журокко жакын. Ал эми клипти мыкты клип деп айтпайм. Себеби Мирбектин Дубайдагы эс алган сапарынан эле видео болуп калган.
01.07.2010. 10:34
 замечательная
Мактаган кыз тойдо о..... болду окшойт. Ушул сонун ырына сонун клип тартса болмок.
01.07.2010. 17:47
 MaRmeLaDka
Чыкканына көп болсо да аябай сонун ыр болгон.Качан уксаң да тажабай уга бересиң. Эмне мынча Мирбек жүрөктү эзет аа?
01.07.2010. 20:24
 Asat
yr jakshy klip da jakshy
03.07.2010. 10:55
 beautiful Kunduz
Мирбек мыкты ырчы, ырлары дагы мыкты денгээлде, мааниси бар! Анын ырларына клип тартуунун да кажети жок.Таланттуу адам ар тараптан таланттуу!!!
бирок бул клибинде алыс Кыргызстанда Мирбекти сагынып турган кыз жетишпейт.
03.07.2010. 13:11
 Jamal
менин оюмча,Мирбектин продюссери клипте изображение анан Мирбек болсо жетиштүү деп ойлогон окшойт.Андай эмес,клипте маани жок,башка актер аткарса болмок,анткени Мирбектин жүзү выразительный эмес, жүзүндө ички сезимдер окулбайт.анан дагы биздин Микитай начар актер.ал эми актер аткарып берсе Мирбегибиз кааланаган кооз жеринде өзүн көрсөтүп турса жарашмак. а мында жогорку деңгээл деп айта албайм.а бирок Мирбек,ты в общим
06.07.2010. 08:39
 Nura
Мирбектин ыры сонун, а клип тоже(менин оюм),анткени ото эле кино, же жомок болуп кеткен клиптер тажатып жиберет элди!!
06.07.2010. 08:42
 Nura
дикусяга кошулам
06.07.2010. 12:41
 Jiza
Ыры эн сонун1 Клип орто. бул эми имиджевый клип да..Просто Мирбектин лицосун корсотуп таанытыш учун тартылган клип. Клиптин да турлору болот достор. а силер баары эле сюжеттик б-со деп эле куто бересинер..кызб -со анан башка б-со деп..Созсуз кыз сагыныш керекпи? Мирбек деле сагынып тартылыптыр туура деп ойлойм. Режиссер туура ойлонгон. Ал эми кыз сагынып кыз турган толтура клиптер бар.
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: