Азиза, Роза Шакирова, Айнура Салахидинова "Эсиңдеби, курбум, баягы?.."
Жанр:Эстрада
00:03:22
52,38 Мб
Жүктөлгөн: 22-08-2014


Сөзү:Сөзү элдики, жаңылап иштеп чыккан Жеңишгүл Өзүбекова
Обону:Элдики

Кере жутуп салкын абаны,
Шаттуу кыял ага канабы?
Булак бойлоп бүлдүркөн терген,
Эсиӊдеби, курбум, баягы?..

Кубалашып чыгып кыяга,
Күч жок эле бизди тыярга.
Каткырыктан тоону жаӊыртып,
Батчу элек го, түркүн кыялга.

Тунук булак жашын чубуртуп,
Саамайына мончок тагалы.
Экөөбүз теӊ чөлмөк суу болгон,
Эсиӊдеби, курбум, баягы?..

Ал кезекте биз, биз эселек,
Таттуу сезим колдон жетелеп.
Далай жылдар өтүп кетсе да,
Бирок ал кез эстен кете элек.

  • Currently 4.50/5
(38 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (103)

24.08.2014. 09:09
 gulperi92
Аябай соонун ыр болуптур.Учоонуздорго ийгилик,бактылуу болунуздар
24.08.2014. 13:07
 realbek89
Айылымды, Апамы эстетип жиберди.супер
24.08.2014. 14:59
 ilgiz-kg01
azamatsyzdar iwinizderge iygilik ejewalar!!
24.08.2014. 21:36
 suiush
Клип супер!!!Роза Эже аябай сонун да...молодцы!!!
25.08.2014. 00:11
 Aksy-13
сонун клип болуптур тамашалуу клиптердин эн жакшысы деп эсептейм, Роза эженин аткарганы жакты аябай кулуп жыргап кордук. Азиза эженин уну озгочо экен
25.08.2014. 00:26
 kuu-1005
Жакшы чыгыптыр азаматтар!
25.08.2014. 01:21
 sardar1
Розанын сабиз жегени, Айнуранын уй сааганы укмуш экен. Роза чопту которо алат деп ойлобопмун. Азизанын арык кези жакшы болчу. Азыр чооон эле аял болуп калыптыр. Кыска залат кийип, чоптун устундо жургону жакпады дааа. Калганы супер. Алга кыздар!
25.08.2014 10:06
goodman02
sardar1, жакшына эле болуп турат го
25.08.2014. 01:45
 Aikoo2014
Вау соонун клип болуптур. Ырларыда соонун ага клип жарашып эле калыптыр. Айылга баргым келип кеттииии....
25.08.2014. 01:49
 nana1516
Ой ой укмуш соооонун клип болуптур!!!! Сыйлайм ушул эжейлерди!!!!
25.08.2014. 03:34
 rnurzida
Супер. Аракет кылса болот экен го. Клип десе жарашат. Клип деген атка татыктуу.
25.08.2014. 05:15
 ZUR.NUR8693
Роза ежем биз сиз менен сыймыктанабыз уй булоолук бакыт чыгармачылык ийгилик каалайбыз ден-соолукта болун омурунуз узун болсун унунузго берекке сиз озгочосуз
25.08.2014. 05:33
 ZUR.NUR8693
Ырга клип да жарашып еле калыптырго Айрыкча Роза еженин аткарганы боороду езетко Азаматсыздар Айдаркенибиздин сыймыгы Роза ежем алтын ундуу
25.08.2014. 08:10
 dina_nina
Айнура Салахидинова супер ырчы айым! Менин суйуктуу ырчым,бар болунуз! Эн жашы, эн сулуусу! Роза Шакированы да сыйлайм. Клип озгочо болуптур. Роза эжем экоонуздор дуэт ырдасаныздар жакшы болмок, унунор да соонун Азизасы жок эле. Роза Шакирова мыкты роль жаратыптыр. Айнура, Роза азаматсынар!
25.08.2014. 09:33
 M89
Эси кеткен катындар жолуктарын ыргытып жиберишти го))))
25.08.2014. 11:26
 KushChu_Aleikum
Молодцы сонун клип болуптур
25.08.2014. 14:56
 spacegirl
сонун клип
25.08.2014. 15:22
 raha84
Жакшы клип болуптур.Мага Роза аябай жагат уну башкача.
25.08.2014. 17:29
 ALAi..14
Эн сонун ийгилик сиздерге,таланттуу,сулуу учо тен.
25.08.2014. 17:37
 carcanat
Шоу помпоши...
25.08.2014. 17:55
 sabyr86
Жакшы клип болуптур Азаматсынар.жакшы деп комент калтырган туугандар добуш бере кетсенер боло.болгону 19добуш 58комент экен.
25.08.2014. 21:11
 elvira1980
sardar1 Айнураны жандуу ун менен ырдатсанар ырдай албайт акты ак деп караны кара деп суйлош керек Азиза без макияж аябай сулуу Айнура клипте дагы боёнуп алган ону дагы жок уну дагы жок!
26.08.2014 00:08
beka1979
elvira1980, анча эмне куйуп быштын? Ушу сен Айнуранын ийгиликтерин коро албаганынды билгизип ич куйдулук кылба! Акты ак деш керек. Туура, Айнура таланттуу, жонокой, сулуу ырчы кыз! Комуз менен жандуу сопсонун эле ырдап журбойбу. Коро албастыгынды койчу. Азизаны билбейм, татуажы аябай билиниптир, без макияж ону суук эле. Баарынан Роза мактоого татыктуу жасалмасы жок.
25.08.2014. 23:43
 bander
Роза эже сламатсызбы,клип жакшы болуптур,02:31чи минутадагы мойнунарга тагылган эмне?

26.08.2014. 01:17
 kuzia
Азаматсынар курбулар .
26.08.2014. 01:45
 alai.gulcha94
Достукту чындаган жакшы клип болуптүр
26.08.2014. 09:12
 elli_88
жакшысы жакшы болуптур бир аз арыкташса болмок учоо тен
26.08.2014. 12:08
 tokitok
айылдык аялдарга окшоп калыптыр го
26.08.2014. 13:40
 kenen
ха. ха сабиз Айдаркен
26.08.2014. 14:14
 oki-doki
Айнуранын уну чынында жок, Азиза мыкты ырдайт, бирок ырдын коркун Роза ачкан. Досторбуз девеле чогу ырдаватышат да. Учоо тен помпошка болуп кетиптир.Кичине арыкташса сонун болмок да. Эл алдында журушкон сон...
26.08.2014 21:37
4aidai
oki-doki, Сен ыр эмне экендигин тушуносунбу деги? Айнура мыкты ырдагандыгы учун эл буларды суйуп угуп жатат да. Коро албагандардын создорун оюнарга албагыла кыздар, учоо тен мыкты ырчылар жана мээримдуу энелер.
26.08.2014. 19:38
 dinka
озгочо клип молодцы!
26.08.2014. 20:31
 moviemaker4
Бейпил Маманов молодец жакшы келатат клиптери баары соонун бул клипда сонун!!!
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: