Азиза, Роза Шакирова, Айнура Салахидинова "Эсиңдеби, курбум, баягы?.."
Жанр:Эстрада
00:03:22
52,38 Мб
Жүктөлгөн: 22-08-2014


Сөзү:Сөзү элдики, жаңылап иштеп чыккан Жеңишгүл Өзүбекова
Обону:Элдики

Кере жутуп салкын абаны,
Шаттуу кыял ага канабы?
Булак бойлоп бүлдүркөн терген,
Эсиӊдеби, курбум, баягы?..

Кубалашып чыгып кыяга,
Күч жок эле бизди тыярга.
Каткырыктан тоону жаӊыртып,
Батчу элек го, түркүн кыялга.

Тунук булак жашын чубуртуп,
Саамайына мончок тагалы.
Экөөбүз теӊ чөлмөк суу болгон,
Эсиӊдеби, курбум, баягы?..

Ал кезекте биз, биз эселек,
Таттуу сезим колдон жетелеп.
Далай жылдар өтүп кетсе да,
Бирок ал кез эстен кете элек.

  • Currently 4.50/5
(38 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (103)

23.08.2014. 01:10
 nurizka..
Айылга болгон сагынычымы таратып алдым .Азаматсыздар соз бок чыгармачылык ийгилик!

23.08.2014. 02:17
 Jani1987
Жакшы клип чыныгы достук чыныгы айыл чагылдырылган 555555555
23.08.2014. 02:21
 Angel92
Супер!
23.08.2014. 02:49
 seli
Соонун чыгыптыр! Ийгилик сиздерге!
23.08.2014. 03:37
 azia9393
Роза эже соонун образ жаратыптыр.
23.08.2014. 03:48
 suimon302010
Сооонун!!!
23.08.2014. 04:26
 erkele
Азиза айым боексуз да суп сулуу,сонун жарашат экен айылдык келиндин образы.Эч жасалмасыз аткарышкан,ойсокеленип ары бери басып клип тарткан кыздар уйронгуло!Жонокойлук адамды озуно тартып турат,азаматсынар айымдар.Эми жезделерибиз менен чогуу шерине клип кутобуз.!!!!!!!♥♥♥♥
25.08.2014 01:04
4aidai
erkele, Азиза толуп, карып кетиптир жакшылап байкасан. Роза жашарып, жоолугу соонун жарашыптыр. Айнура сулуу келин болуп калыптыр.
23.08.2014. 04:44
 dina
Азыркы жеңелердин модасы сонун экен, илгери узунурак халат, көйнөк кийип жүрүшчүле. Жакшы клип болуптур, азаматтар!
23.08.2014. 05:29
 kg_07
ayabai jakwi sooonun boluptur, pozitiv
23.08.2014. 08:55
 jasi
Болоткенго клипти майына чыгара тартканга. Эс алгандай болдум клип коруп +++5
23.08.2014. 10:11
 furkat80
эн сонун клип болуптур азаматсынар ийгилик силерге.
23.08.2014. 10:14
 Aipri
Эн соонун ыр да клип дагы.
23.08.2014. 11:08
 alai81
Мына клип деп ушуну айтса болот.Азаматсынар!.
23.08.2014. 11:11
 tima-27
Азаматсынар алгаа ийгилик баарынарга
23.08.2014. 11:36
 Taalaibekov1864
Озгочо клип болуптур ийгилик сиздерге.
23.08.2014. 13:25
 peri-jan
Soonun klip ,yry da soonun ++555 degen baa .Roza eje ayabay soonun oynoptur, AZiza jana AYnura eje da supsuluuzdar
23.08.2014. 14:50
 Mariyana
Соонун клип! Суппееер! Айылды сагынып кеттимгоо... Роза, Айнура, Азиза сиздерге чыгармачылык ийгилик!
23.08.2014. 14:58
 honey.ka
айылга баргандай болдум го... сонун клип экен.
23.08.2014. 15:23
 ulik.2014
Сонун ыр да клипда. )))Айылга баргым келип кетти коруп))
23.08.2014. 15:39
 papanstan
Соз жоок соонун++++++++++++++++++++++++++++++++++++++555555555555555555555555,
Азаматсыздар
23.08.2014. 16:01
 meykin94
Роза эже чопту так которгону жактыы....
23.08.2014. 16:30
 mekusha
Азаматсынар сонун! !! Бейпил ге да бали
23.08.2014. 16:35
 aikol87
Эн сонун!!! Иш кылгандары жакты айрыкча Роза эженин.Уй булоонор менен бактылуу болгула, айылдын палбан келиндери.)))Айылга
баргандай болдум.
23.08.2014. 17:07
 jigitaly
Чиста айылдык кыздар го жакшы клип
23.08.2014. 19:33
 Jigito
Сонун клип экен
23.08.2014. 19:50
 Asan_aksy
Суппер клип алга чыгармачылык ийгилик
23.08.2014. 21:18
 nurgiza03
Мына чыныгы кыргыздын келиндери.супер!!!!!!
23.08.2014. 21:45
 bolot00
жакшы ырдаптыр игилик
23.08.2014. 22:32
 elvira1980
Азиза аябай сулуу айым уну дагы жакшы,Розанын уну дагы конур экоонор эле ырдап чыксанар болмок экен Айнуранын уну бутуп калгандай болуп ырдайт уну жок силер менен ырдаганда ырды бузуп коёт экен экоонордон дагы жакшы клиптерди ырларды кутобуз бактылуу болгула!
25.08.2014 01:00
4aidai
elvira1980, тескеричинче Роза менен Айнура жакшы ырдашат. Азиза экоонун колокосундо гана журот деп ойлойм. Кимге кандай, бирок Айнуранын ырдаганы жагат. Клипке 5
25.08.2014 01:17
sardar1
elvira1980, клиптин дагы, ырдын да коркун Айнура ачкан. Азизан жок очуп калды го. Роза менен Айнуранын ырдаганына 5 жана 5! Учоо тен издениптир болот.
24.08.2014. 04:02
 orhideya
Керемет!
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: