Азиза, Роза Шакирова, Айнура Салахидинова "Эсиңдеби, курбум, баягы?.."
Жанр:Эстрада
00:03:22
52,38 Мб
Жүктөлгөн: 22-08-2014


Сөзү:Сөзү элдики, жаңылап иштеп чыккан Жеңишгүл Өзүбекова
Обону:Элдики

Кере жутуп салкын абаны,
Шаттуу кыял ага канабы?
Булак бойлоп бүлдүркөн терген,
Эсиӊдеби, курбум, баягы?..

Кубалашып чыгып кыяга,
Күч жок эле бизди тыярга.
Каткырыктан тоону жаӊыртып,
Батчу элек го, түркүн кыялга.

Тунук булак жашын чубуртуп,
Саамайына мончок тагалы.
Экөөбүз теӊ чөлмөк суу болгон,
Эсиӊдеби, курбум, баягы?..

Ал кезекте биз, биз эселек,
Таттуу сезим колдон жетелеп.
Далай жылдар өтүп кетсе да,
Бирок ал кез эстен кете элек.

  • Currently 4.50/5
(38 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (103)

23.08.2014. 00:18
 tavsan
прикольный получился клип :))))
23.08.2014. 00:24
 perlywka92
супер мыкты клип экен айылга бир барып келгендей еле болдукго ийгилик сиздерге Айнура Азиза Роза эжелер
23.08.2014. 00:24
 umutai.86kg
азаматсыздар сонун болуптур айылдагы женелерими аябай сагынып кетим+55555555
23.08.2014. 00:34
 Nuri-Alina
сонун болуптур бир айылга барып келдим
23.08.2014. 00:57
 Nariste...12
Сонун ыр, клип болуптур.
Айылды сагынып жургондо,анча сагынычты таратып алгандай болдум.
Роза, Айнура,Азиза эжелер ийгилик сиздерге!
Уй булоолук бакыт!
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: