Мирбек Атабеков "Барам сага"
Жанр:Поп
00:03:41
46,06 Мб
Жүктөлгөн: 01-09-2014


Сөзү:Алмаш Чойбекова
Обону:Кадыралы Артыков

Мөлтүрөп бүлдүркөндөр бышкан кезде,
Асманга бүркүт шаңшып учкан кезде.
Cаамайларын cеңселткен ак кайыңдар,
Самашып сагынычымды,
Самашып сагынычымды уккан кезде,
Барам сага.

Шоолалар кирпигиңди өпкөн кезде,
Ак жамгыр нөшөрлөтө төккөн кезде.
Кубарып кусалыктан ак жүзүбүз,
Көп күндөр арабыздан,
Көп күндөр арабыздан өткөн кезде,
Барам сага.

Ширесин карагаттар чачкан кезде,
Ажарын жоогазындар ачкан кезде.
Кучактап бейкутчулук түн коюнун,
Күн нуру уясына,
Күн нуру уясына баткан кезде,
Барам сага.

Гүлдөргө аарыларың конгон кезде,
Бал чөбүн Ой-Алманын соргон кезде.
Алгачкы биз жолуккан кечтегидей,
Алтын ай асмандагы,
Алтын ай асмандагы толгон кезде,
Барам сага, барам сага.
  • Currently 4.68/5
(19 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (51)

01.09.2014. 12:15
 omel9
Класс просто
01.09.2014. 12:22
 Zulin
Жакпады
01.09.2014. 12:30
 bossmos7
Эн жакшы иштеп чыккан! Ыры жазда чыкты эле! Тасмасы дагы Озунчо бир Голливуд.)Зор ! Азаматсын!
01.09.2014. 12:33
 deva
"Тамашоудогу" Кубанын аялы го ээ тиги кыз
01.09.2014. 12:34
 Real_Madrid95
Мага жакты, азаматсын Мирбек!
01.09.2014. 14:16
 guzelai
Мага жакты
01.09.2014. 14:22
 Aipri
сооун ыр мага жакты.
01.09.2014. 14:28
 suyom_seni
соооооонун....
01.09.2014. 14:39
 goodman02
бул ыр негизи жагатда, а клип другая тема)))))
01.09.2014. 15:09
 MADIYAR
дерзко
01.09.2014. 16:43
 joodar.kg
Азаматсын Мирбек!
01.09.2014. 17:18
 meineblume
sooonun boluptur... birok ozunun jubaiyn da tartsa bolmok klipterine:), jubaiy da bashkacha suluu go degenim... kutom!

iigilik mirbek dagy da bolso!!!
01.09.2014. 18:21
 nurbek0404
ырдабаган мирбек эле калды эле.болбойт
01.09.2014. 18:39
 Aselya-345
Сооонун! Ийгилик сага!
01.09.2014. 18:44
 ayakosya
Мирбек баары бир суперсин
01.09.2014. 19:44
 Dikei
Ооба болбойт!
01.09.2014. 20:00
 eldar87
Озу жаны ыр чыгарбайбы
01.09.2014. 20:02
 motomoto
аяылын эле тартса болмок, аялы жакшынакай озуно жарашкан няшка го.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: