Малика Дина "Жолугабыз аз күндө"
Жанр:Поп
00:04:19
54,46 Мб
Жүктөлгөн: 09-09-2014


Сөзү:А.Айталиевдики
Обону:К.Жакшылыковдуку

Көлдүн жээги, бирге басып салкындап,
Жайдар мүнөз, жаз күнүндөй жаркылдап.
Жумшак шамал бетти аймалап сыласа,
Майда толкун жээкке урунуп шарпылдап.
Кошкун дедиң көпкө чейин кол булгап,
Кете бердим пароходдо калкылдап.

Эми алысмын куса болуп сагынып,
Бирок дагы бирге жүрөт тамашаң.
Түбөлүктүү, өмүрүмдүн шериги,
Сени сүйүп, жалгыз сени жаратат.
Ашыктыгым ого бетер артылат,
Сагынганда сүрөтүңө карасам.

Ар бир кыял, мүнөздөрүң көңүлдө,
Унутпастан ойлойм өзүң жөнүндө.
Сары алтын түбү келип сабырдын,
Сагынуумдун зардабына жеңилбе.
Аз күн калды жолугушчу убакыт,
Сен узаткан Ысык-Көлдүн жээгинде.
  • Currently 4.58/5
(12 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (96)

10.09.2014. 11:12
 Aitolkun91
Ушул да клип болдубу саны бар сапаты жок клиптер,ырчылар толуп кетти.
10.09.2014. 11:26
 chikakorea
Yrga soz jok. Atkaruu dagy abdan jakshy. Bir gana klip nachar. Yr eski yr klip dagy oshol ubakty chagyldyrsa jakshy bolmok.
10.09.2014. 12:21
 janul
ошондо окшоштуруп аракет кылымыш болуп атканы гооо.... Эми апалар айткандай кыйшандабай эле ырдаса болмок. Бир жакшынакай ырды бузуп салыптыр. Кайран гана эски ырлаааар
10.09.2014. 12:22
 dodo
мага абдан жакты аябай жакшы клиптагы озу дагы.ар бир адамдын озунун ийгилиги бар.талыкпастан иштейбериниз. сиз мага абдан жагасыз. ушактай беришет бирок кербен журоберет
10.09.2014. 14:33
 admin_media
Alai.kyzy,
Кимдир бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болуңуз!
10.09.2014. 14:52
 g.jumabekova
Малика сулуу жана уну жакшы болгону бир аз арыкташ керек а то толуп кетиптир
10.09.2014. 15:46
 melek1
yrga soz jok jogorku dengeelde.klip orto emnele jamandap salgansynar katardagy ele klıp.awyk4a kyımyldary dele jok.makıyaj awyk4a emes baary oz ordunda bolgonu bıraz aryktaw kk ı vse.ıygılık)))))
10.09.2014. 17:18
 akyla88
ушул кыздын чонойгонун абдан куттум эле, 4жыл мурун КТРКнын астынан, жанынан коруп, сулуулугуна шилекейим агып калган,Динара эже кобуроок конул бурбаптыр, оозу пластический операция жасаткандарга окшоп калган экен.
10.09.2014. 17:26
 Sultanim
Korup atyp uialyp kettim... bazardagy arzan, achyk satylgan pomidor bolboi, marcandai safe'te katylgan baalu b.o kyzdar... oshondo kyzdar ozdorun da, alardy karagan erkekterdi da kutkarywmak akyrette...ehh!!!
10.09.2014. 19:14
 sonka89.
Ушундай да болчу беле????? Стриптизге окшоп кыйшаландап уят эмеспи ....
10.09.2014. 20:02
 Samaganova
Ырды Гульнур Сатылганова ыр даса жарашчудай Малика эжеге караганда)))
10.09.2014. 20:29
 lolo
Malika en jakwy yrdagan, unu en jakwy, klipda en jakwy, baardyk kiyim jakwy jarawat!!!Suuda jatyp alyp yrdasa emne eken, jylanach emesko jana Malika sooktu kyz, ip ichke bolup anan semirip ketse bir jon semiz degidei, figurasyn uwul kalypta alyp jurso en jakwy jarawat! Ustudo koment bergenderdin kobu kundo 5 maal namaz okugandai jazypsynargo, ozunordu oilongulachy!!! Jibulina saga aitarym yrdyn teksin okup chykchy" kete berdim parohoddo kalkyldai" dep turat a " kete berdin"emes!!!
10.09.2014. 20:41
 Sultanim
Lolo sen bizge koment jazbai chychalap, jogorudagi klipke ozungdun oiundu jaz.5maal namaz okuwsa okugandar bar.anyn emnesi bar eken.emi senden surap jaziwmak bele? Musulman musulmandi jakwylykka undop, jamandyktan tyiuu saluusu bul parz.
10.09.2014. 23:44
 Zaur88
бир жакшынакай болуп турат.силерге бирдеме жагабы озу
11.09.2014. 00:01
 merinargiz
ошшо да сопсонун эле турат.ыр супер
11.09.2014. 00:20
 sobr_89kG
сонун ырды хить емес ит кылыптыр...)))
11.09.2014. 00:30
 don.kg
Ииий {Шерменде} деген соз бар беле!
11.09.2014. 01:39
 Meliana
Сексуальный клиппи?
11.09.2014. 02:56
 Zair_Alimov
Sonun yr, zamanga jarawkan sovremennyi klip .. Dagy emne kerek, prosto super
11.09.2014. 03:13
 almaz90
Эх,эх кыргызым кайда баратасын,чет олкуну туурап,современый болобуз деп...!
11.09.2014. 03:45
 ALAi..14
Уну жагат мыкты ырдайт,ийгилик.
20.09.2014 21:16
Oleg.kgz
ALAi..14, Даа мага жагат озуда ыры да бирок клип бираз болбой калыптыр. Адам душманысыз ийгиликке жетпейго ошону учун гезиттин сындоочулары душманы болбосо да ар бир сынын туура алып кыргыздын динине менталитетине туура келген клиптерди жаратаар деп умут кылабыз. Динара эжени не подведет деп ойлойбуз ал учун элдин сыны керек
11.09.2014. 11:05
 Samat.A.A
Ыр сонун, клип өттө начар, ырчылар акыркы убак күйөрмандарыңарды, жвргатып жатасыңар, кайсы клип көрбө, бир кыз, же бир бала болду клип бүттү. Андай тарткандан көрө жакшысы, тарбай эле койсоңар боло, бала ырдаса бир кыз артында күлүп турат, кыз ырдай турган болсо, бир жигитти кучактап эле клип бүтөт, бул не деген айткылачы??))
11.09.2014. 11:09
 ROZI
Бул клипке кеткен кайран гана убакыт, кайран гана акча!!! Клиптерге кеткен чыгымдарды жону жок ысырап кылбай керектуу жакка жумшашса кандай пайда болоор эле. Жонокой мисал, бул жактагы биздин канчалаган бир туугандарыбыздын тагдыры жонундо кеп салылынып, уйго муктаждыктары айтылып жатат, аларды билмексенге салып акчаны сапырып, анысы аз келгенсип АЛЛАХ ТААЛАМДЫН берген сулуулугун баарына коргозуп. Мындай нерсе арам жана ысырапкорчулук!!!
11.09.2014. 11:20
 Muktar.baatyrjigit
baary ele jakwy emnesi jakpait silerge koro albaisynar da
11.09.2014. 11:22
 marat0989
Муну кыйнаган ойлору бар го,озун атайын ушундай алып жургонуно карагандаа...
11.09.2014. 13:43
 venchik
Ырга, үнүнө сөз жок. Бирок куса болуп сагынып деп ырдап жатат да, жыргап алыптыр да. Клипте өзүнүнү сулуулугуна гана басым жасаган. Көпчүлүк ырчылар деги эле ырга жараша клипте маанай жаратышты үйрөнө албай коюшту го. Качан көрбө тонна боекту шыбап сулууланып тура беришет, эмоциясы жок кукладай болуп!
11.09.2014. 14:11
 Aika0812
Соонун ырдаптыр уккун келет. Бирок дарактын жанына туруп алып кыйшандаганы такыр жарашпаптыр.Малика чонойгон сойын озунун сулуулугун озу жоготуп жаткандай сезилет
11.09.2014. 14:32
 tokitok
ушул эми болмок беле
11.09.2014. 15:37
 motomoto
соз жок аман эле болсун
11.09.2014. 15:52
 december
Мдааа... өзүн сексуалдуу көрстүүгө жакшы эле аракет кылыптыр.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: