Малика Дина "Жолугабыз аз күндө"
Жанр:Поп
00:04:19
54,46 Мб
Жүктөлгөн: 09-09-2014


Сөзү:А.Айталиевдики
Обону:К.Жакшылыковдуку

Көлдүн жээги, бирге басып салкындап,
Жайдар мүнөз, жаз күнүндөй жаркылдап.
Жумшак шамал бетти аймалап сыласа,
Майда толкун жээкке урунуп шарпылдап.
Кошкун дедиң көпкө чейин кол булгап,
Кете бердим пароходдо калкылдап.

Эми алысмын куса болуп сагынып,
Бирок дагы бирге жүрөт тамашаң.
Түбөлүктүү, өмүрүмдүн шериги,
Сени сүйүп, жалгыз сени жаратат.
Ашыктыгым ого бетер артылат,
Сагынганда сүрөтүңө карасам.

Ар бир кыял, мүнөздөрүң көңүлдө,
Унутпастан ойлойм өзүң жөнүндө.
Сары алтын түбү келип сабырдын,
Сагынуумдун зардабына жеңилбе.
Аз күн калды жолугушчу убакыт,
Сен узаткан Ысык-Көлдүн жээгинде.
  • Currently 4.58/5
(12 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (96)

09.09.2014. 16:21
 muchachos
татынакай экен го деп жургом...эх...
09.09.2014. 16:49
 g.jumabekova
Малика толуп кетиптир
09.09.2014. 17:03
 Zair_Alimov
Birok jakwy klip chygyptyr..
09.09.2014. 17:09
 hihikayu
Инстаграмдан узундусун коруп калып, бир айдан бери кутуп жургом, жакшы болуптур клип ийгилик!
09.09.2014. 17:18
 nuria karakol
Унуно соз жок бирок клип анча эмес
09.09.2014. 18:38
 begim12
эх бул ырга мен башкача клип куткон элем ,песня просто шедевр а клип ырды жаап койуптур
10.09.2014 02:51
Alai.kyzy
begim12, мен да ошондой ойлодум. Ушундай сонун ырга колдун жээк жагына жатып алып назданганычы (((
09.09.2014. 18:47
 Anisaydan
Азыркы жаш ырчылар оздору изденип жаны ырларды чыгара албай калышканбы? Асылбек Озубековдой ийине жеткире аткара алган эмес. Анан да Малика эле эмес,Кыз бурактын да кыздары сексуальный бийлемейинче ырдай албай калган окшойт. Же орустун ырчыларын туураганыбы(((? Менин жекече ойум биздин менталитетке таптакыр эле туура келбейт экен. Ата-эне, улуу-кичуу менен бирге олтуруп клип коруп болбой калды акыркы убактарда
10.09.2014 02:58
Alai.kyzy
Anisaydan, Маликага Сайкалдан жукса керек даа. Коздорун сузгогучу))) ! Биздикилер ачык кийинишсе эле укмуш деп ойлошот окшойт. Азыр сонун койноктор чыккан: узун, жени да узун, жайкы. Клипте ошондой койнок кийип кол жээгинде жигити м.н кол жетелешип баспайбы деген ой кетти. Бою узун да корунмок, ичи да билинмек эмес. Туура айттыныз, бул клип теледен берилсе, эч ким бала чакасы м.н бирге коро албайт!
09.09.2014. 19:16
 kutkeldisulu
сууга жатбай эле туруп же кечип сууну ырдаса болбойбу не?
09.09.2014. 19:33
 ayakosya
Боёнсон жакшынакай боёнсон болбосо Динара эжеге айтсан боёп коёт. Анан ырды коп кыншылап ырдап коюпсун унду эркин кой берип ырдаса сонун чыкмак. Кыскасы клип жакпады
09.09.2014. 19:53
 Maero
Желкесине татуировка чийдиргенби? кудум малга эн салгандай, куноо болот эмеспи, эгер билсе!
09.09.2014. 21:17
 sagyn01
Жан баксан болду, жашаш керек, акча табыш керек
09.09.2014. 21:36
 mi-li-na
Бир аз спорт менен достошуусу керек экен Маликанын, азыр жаш анан калса эл козундогу кыз дегендей, корей кыздарына окшоп калыптыр клибинде.Сууда жаткан жери ото эле секси болуп кеткен го))) а ырды укса болот.
09.09.2014. 21:59
 Ulashkin1717
реп ырдап аткансып колдун жееегине жатып алыптырго
09.09.2014. 23:25
 baby
голос просто шик
09.09.2014. 23:29
 Desmond
Эх Малика Малика чонойгон сайын эмне болуп бара жатасын билбейм??? (((
Татынакай кыз элен гол.
Ырдаганында соз жок!!!Модератор admin_media түзөттү 10.09.2014 09:12
09.09.2014. 23:50
 Jypargul
Ырды жакшы эле ырдаган . Клип кантет , XXI кылымдын жаштарыбыз деп эле тарта берген болбойт да ? ! Уят ......
09.09.2014. 23:59
 ayaza
Татынакай кыз,Клипи да жакшы болуптур,уну да жагымдуу,Баардык жагынан жакшы!!!
10.09.2014. 00:54
 fea1990
бовойле калыпсын.
10.09.2014. 00:59
 safia2011
Клиппти жакшы тартса болмок,сексульный ырдаганды жакшы корушобу дейм.жарашса олойун
10.09.2014. 01:18
 kmLove
super
10.09.2014. 01:54
 erkele
Приличныйраак бала жок бекен!?)
10.09.2014. 02:07
 bossmos7
Ыры жакшы болуптур! Ырга тартылган тасмада бир аз кемчилдиктер бар! Жандуу ойногон эмес ! Малика.
10.09.2014. 02:56
 Qnet
Уну бар аябай таланттуу кыз,бирок клиптеги образы такыр жаккан жок. Макияжы жарашпаган,сууда жатканы ашыкча,бала рольду жандуу ойногон эмес,кыскасы айтаарым айда жылда бир клип тартасынар,аны да майын чыгарып жасабайсынар! Анан да эски ырларды оз жайына койгулачы,тийишпегилечи!Озунорго ылайыктуу башка ырларды жаздырып ырдай бергиле да.
10.09.2014 16:19
Alai.kyzy
Qnet, клиптеги макияжы мага да жакпады. Эрдин ашыкча, чегиден чыгарып боеп салыптыр!
10.09.2014 16:34
arzigul89
Qnet.Жайлапсын кошулам
10.09.2014. 05:43
 aziko88
Уят клиптерге тартылгандай апасы деле кой дебейби ырды негизи жакшы ырдаган
10.09.2014. 09:31
 Gulnura-94
Сонун ырдын кадырын кетиринген клип болуп калыптыр
10.09.2014. 10:19
 Jibulina
ырдын мааниси жок клип тушунуксуз эффект жок уктагын келип кетет экен
10.09.2014. 10:21
 Jibulina
жаны ырга аз келгенсип эски ырларга тийишпегенде жакшы болмок эки ырдын тен уккун келбей калат экен
10.09.2014. 10:24
 Jibulina
клипти ырдын мааниси менен тартышпайбы, клипте бала машинада отурса кыз озу кетип калат экен а ырдын маанисинде болсо кыз узатып бала пороход менен кетип калат тартып атканда ойлонушса кичине жакшы болот эле
10.09.2014. 10:51
 jasi
коргон жанды суктантып журчу тусу бар, эмнеге мынтип чыгат тушунбойсун адам. Ыйман берсин баарыбызга!
10.09.2014 12:32
Kalus
jasi, туура айтасын тоба тобо ушу кантип клип болсун бекер эле расход кетириптир
10.09.2014. 10:51
 Asanovna1805
Клипте Малика эмне эле боло берген((((
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: