АГК тобу "Жашоо керемет"
Жанр:Поп
00:03:17
43,31 Мб
Жүктөлгөн: 08-10-2014


Сөзү:Алишер Тоотаевдики
Обону:Алишер Тоотаевдики

Жашоо деген, чиркин, кандай керемет!
Амандыктан бизге башка не керек?
Ачык асман, тынчтык болуп турганы,
Билсең ошол Жараткандан чоң белек.

Кайырма:
Түркүн түрдүү укмуштары курчаган,
Биз жашаган дүйнө өзү жомоктой.
Сый бололу бирибизге бирибиз,
Адам деген асылдыкты жоготпой.

Жакшылыкка жар бололу кошулуп,
Болбогонго кейибейли өкүнүп.
Дүйнөбүздүн бейпилдигин сурайлы,
Жараткандан кайра-кайра өтүнүп.

Кайырма:

Жаз бололу жан дүйнөбүз жанданып,
Жадырашып, жашообузга шаңданып.
Жаркын дүйнө ажайып кооз жаралган,
Табиятка суктаналы таңданып.

Кайырма:
  • Currently 4.08/5
(25 добуш)

Комментарийлер (86)

08.10.2014. 20:48
 isaasa
Эн сонун.Чынында эле жошообуз озу жомоктой.АКГ тобуна ийгилик.
08.10.2014. 20:49
 Merimka2012
Мага жакты кулуп ортогуздардан сый кетпесин мыкты клип
08.10.2014. 21:08
 Hatiko
Кенже эже мынча семирген
08.10.2014. 21:30
 nazikerbol
Норм эле озунун жашына.
08.10.2014. 21:35
 Almazbek79
Эмнеге АГК ? КАГ же ГАК деп койсо болбойт беле ? )))
09.10.2014 09:07
goodman02
Almazbek79, а мнеге АКГ болсо болбойбу?
09.10.2014 13:46
gulsan
Almazbek79, Алфавиттик тартипте
08.10.2014. 22:45
 Aselina_kg
Четкий клип болуптур.Молодцы!
08.10.2014. 22:47
 bai.kymbat
Абдан жакты, чынында таланттуу кыздар!
08.10.2014. 22:47
 kutkeldisulu
мага аяяяяябай жакты
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: