Самара Каримова "Мен дүйнөнү апам менен тааныгам"
03:32
3,23 Мб
Жүктөлгөн: 13-10-2014
Жанр: Фольклор
Сөзү:Фатима Абдалованыкы
Обону:Т.Колдошовдуку
Көчүрүү
  • Currently 3.87/5
(31 добуш)
Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды көйнөгүнөн тааныгам.
Тирүү болчу көйнөгүнүн гүлдөрү,
Баскан сайын бажырайып ачылган.

Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды жыты менен тааныгам.
Жыттачу элем, магдыратып жытынан,
Чыкпачы эле, чыкпачы эле жаныман.

Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды колдорунан тааныгам.
Жылуу болчу, жумшак болчу колдору,
Кармашканда бала боюм балкыган.

Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды жоолугунан тааныгам.
Тирүү болчу жоолугунун гүлдөрү,
Баскан сайын бажырайып ачылган!

Мен дүйнөнү апам менен тааныгам,
Мен апамды күлкүсүнөн тааныгам.

Комментарийлер (68)

18.11.2014. 01:04
 osh1991
Эгерде обон жаралбаса Самара Эжекебиз да мынчалык атактуулукка жетмек эмес. Биринчи обонун жараткан агабыз Т. Колдошовго ыраазычылык билдиришибиз керек. Экинчиден, Т. Колдошов өзбекпи деп таңыркагандарга: Кечке интернетте олтурганча "Гугл" байкебизге жазсанар эле дароо чыгат.
25.11.2017 08:59
imashbektur.95
osh1991, Албетте,бирок акын сөзүн жазбаса обон кайдан жаралмак.Бизде эмнегедир акындарыбыз четте калып жатат.
26.11.2014. 13:34
 Fernando
jany torolgondo kaisyl aalamga tuwup kalganyn bilbeit boluw kerek
28.11.2014. 11:54
 Jiza
Эн сонун ыр! Саамара алга азамат!Баардык апалардын батасы тийсин, таазим сага!!!
10.12.2014. 20:12
 HURI86
азаматсын самара
21.12.2014. 22:52
 X-peria
Жакпады...ото эле назик ырдап коюптур. Журоко жетпеди. Автор озу мыкты ырдаган.
26.12.2014. 15:32
 aralk
Самара алга соонун ырдапсын
24.01.2015. 17:00
 shok_Jigit
aminuwka,озбектер тушуно кирдиби Тумонду тааныбайсыздар мейли,Бирок Рыспайды баарыбыз билебиз анын обондору укмуш жаралган канчалаган кыргыздын ырчылары эл артист наамын алышты акын обончуларга таазим.автордун ыкындын оорду чоон болот,Самара ал аткаруучу аны Самара кылган Жантайы!
10.02.2015 11:15
agent777
shok_Jigit, )))) сен ырчы окшойсун ээ)))) Сенде ошондой Жантайын жок экенине куйуп жатат окшойсун))) ушу ырчылар озунордун атынар мн эле кирсенер. Самараны коро албаган ырчы экенин билинип калды. Элдер озу эле билет ким ырды ыр кылып ырдаганын.
02.02.2015. 12:44
 adilet.alaikuu
Жашоо ушундай обончу, ушундай аткаруучулар менен да кызыйт экен. Ылаайым эле ушундай шедеврлер жарала берсин.
06.02.2015. 19:04
 saru
Ото соонун ыр,Уну да уккулуктуу экен.Чыныгы сахнанын ырчысы
16.02.2015. 00:51
 sayakat
самара эжеке эн соонун ырдагансыз уккан сайын козго жаш алып ата энеме жана туулган айылым Айкол айылына сагынычым артууда.ийгилик сизге.
16.02.2015. 02:08
 ferrara2014
Cамара учурда сиздин ырларыныз менен "катуу ооруп" жатам.чыгармачылык ийгилик каалайм.Журоктон гана чыккан ыр журокко жетет деген соз калетсиз экенине дагы бир жолу ынандым.
01.03.2015. 16:38
 Alfiya
Менимче бул ырды баарынан да Самара жеткиликтуу кылып жакшы ырдаган, башкалардын ырдаганын уксам журок кыймылдап да койбойт, а вот Самаранын ырдаганын укканда чынында буткон боюм балкыйт.
06.03.2015. 10:09
 Police_kg
Апа деген эн ыйык зат. Рахмат Самара эже ырынызга. Ырынызда терен маани бар. Жалпы энелерди эже карындаштарды 8-март майрамы менен куттуктайм!
13.03.2015. 01:22
 eliza5566
Самаранын ыры жана Абдышукур ажы Нарматовдун эне жонундо баянын уккан адам ото катуу ойлонуп,ыйлап ал тургай апасынын колунан ооп,буга чейин апасына айткан ар бир катуу созун,алайган ар бир коз карашын эстеп тизелеп кечирим сурап,апасын тобосуно которуп жоо жалан Меккеге алып барууга даяр болот.Баракелде ырына!
16.03.2015. 23:43
 nota89
Самара эң сулуу ырчы,актриса!!алгалай бер Өрүкзардын өрүк жыттанган кызы Самара!! Эл самап уккан ырчы бол!!
20.03.2015. 16:19
 Galia1990
Рахмат Самара Эже ырынызга азаматсыз .
21.03.2015. 21:58
 Aysuluu95
Соонун болуптур унунузго береке
30.03.2015. 10:58
 EMNur
Абдан жакшы ыр. Апаларды туболуко сыйлайлы.
31.03.2015. 02:56
 chynara-84
Абдан жакшы ыр экен,мага балам ырдап бергенден кийин уктум.Ыр мыкты аткарылган.
31.03.2015. 10:40
 Aika.120294
супер
01.04.2015. 00:07
 eliza5566
мага да жакты бул ыр
03.04.2015. 10:23
 bikusim
Укмуш ырда. Калемине таазим акындын.
14.04.2015. 02:00
 Bakytjanbekk
Аябай сонун ырдаптыр мага жакты!!!
21.04.2015. 02:52
 kumushai-kg
Сонун 5
02.05.2015. 02:27
 dlps
сонун
04.05.2015. 13:47
 amanatym
автордун аткаруусунда жакшы го дейм. Самара канчалык жакшы ырдабасын Автордун аткаруусуна жетпейт!
09.05.2015. 02:35
 bossmos7
Зор! Башка ырларынан озгочо !!!
10.05.2015. 02:39
 meili
Вааауууу шедевр ырлардын бири.Т.Колдошов агай жаш туруп ушундай обон жазганынызга Бали. Самара жакшы ырдаган.
23.05.2015. 11:50
 jeki_1011
баари бир Тумонбайдын аткаруусуна жетбептир
20.02.2016. 20:26
 tima.barpy
туптура айтасың jeki
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо