Нурлан Насип "Эки жаш"
Жанр:Поп
00:03:38
48,69 Мб
Жүктөлгөн: 14-10-2014


Сөзү:Жылдызбек Турсунбаевдики
Обону:Нурлан Насиптики

Бийик болуп Ала-Тоодон бактыңар,
Балдай таттуу сүйүү таптыңар.
Көңүл кушу бири-бирин жактырып,
Кош ак куудай канат кактыңар.
Тагдыр буйруп, ушул күнү баш кошуп,
Той өткөрүп турган чактыңар.
Келиңиздер деп сыйга чакырып,
Конокторго эшик ачтыңар.

Кайырма:
Жар болгула ата-энени сыйлаган,
Жалпы журттан урмат жыйнаган.
Жашооңорго ынтымакты каалайбыз,
Жан болгула сүйүп, кыйбаган.

Жүрөгүңөр махабат деп кагылсын,
Жүзүңөрдөн бакыт чагылсын.
Куда болуп эки тарап достошуп,
Кубанычтар толкуп агылсын.
Куттуктайлы эки жашты чын дилден,
Коломтоңор өчпөй жагылсын.
Ак сакалдардын батасы тийип,
Алдей үнү үйдө жаңырсын.

Кайырма:
  • Currently 4.33/5
(9 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (56)

14.10.2014. 18:46
 kutkeldisulu
сонун
14.10.2014. 18:49
 uylaak
5 + Жакты!!!Нурлан азаматсыз!
14.10.2014. 19:08
 kg_samat_9595
О.о.о.о....2014 жылдын хит той ыры го.. ырга соз жок..клипке 4+ деген баа берем..
14.10.2014. 19:17
 isaasa
Нурлан Насипке соз жок.
14.10.2014. 19:21
 NADUW
ыр аявай жакшы болгон а клипти башкача тартса болмок.Азаматсыз Нурлан
14.10.2014. 21:26
 aryshka
Нурландын унуле бир соонун да.
14.10.2014. 21:44
 suiuktuujar
мага абдан жакты ырда клипда сонун
14.10.2014. 23:40
 shamenov_9596
башка достору жок калганбы же чын эле свадьбасы болгонбу?,,, орто
15.10.2014. 00:41
 Zair_Alimov
Kyskasyyyy krassavchik brat dooming go Jon gana super..
15.10.2014. 01:23
 nurti_cr7
Издену жок , жанылануу жок , клиптин мазмуну жок клип кылып акча кетирип тарткандан кийин бир мазмунду тушундургон клипти тарткылачы бекер эле акча кетирбей .Ырды угуп жаккан болчу клипти коруп жакпай калды анан да клиптеги Улук клиптин репутациясын тушургон тааныш билиш кылып эле клип тарта бербей татытуу бала койгулачы сураныч.
15.10.2014 02:41
Ханбийке
nurti_cr7, Бул даяр эле видеону койуп койсо керек, тойлордогу монтаждалган видеону.
15.10.2014. 01:35
 Eseke2013
Супер клип сонун экен онорунуз оркундой берсин берсин нурлан байке
15.10.2014. 01:41
 kunduz0702
Jakshy yny soonunda hit bolo turgan yr eken
15.10.2014. 02:32
 Almaz-93
Тойдо ырдай турган ырлардын бири. ХХХХ ХХХМодератор admin_media түзөттү 15.10.2014 10:35
15.10.2014 10:36
admin_media
Almaz-93, ulik-86, Patrik, Leili,
Баарыңарга оозеки эскертүү! Кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынат!
15.10.2014. 02:35
 Qnet
Ырды кунуго метродо жыргап угам,а бирок клип анча эмес болуп калыптыр.Сонун сюжет кылып,жакшынакай сулуу адамдарды тартсанар болмок(кечирип койгула го тартылгандар,бирок бир аз бул ырга дал келбей калыптыр келбетинер). Мен озгочо клип кутком...
14.11.2014 01:12
Жапалак
Qnet, komentinge 5+ :)
15.10.2014. 06:17
 sezimai93
ыр аябай соонун болгон ийгилик азаматсын клипта жакшыле болгон
15.10.2014. 09:06
 jasi
Ыры жакшы. Клипти даяр тойдун эле презентациясынан алып коюптур го
15.10.2014. 09:26
 Aipri
Соонун клип болуптур. Колдогу тартылган жеринде кызды артынан эле тарта бериптир, ошол жери жаккан жок.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: