Асанкалый Керимбаев "Кусалык"
04:28
4,1 Мб
Жүктөлгөн: 04-05-2010
Сөзү:Ж.Мамытовдуку
Обону:А.Керимбаевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.65/5
(23 добуш)
Кезигип жылдардын бир жылдарында,
Кайырсыз айлардын бир айларында.
Кайдадыр алып кеттиң жаштыгымды,
Жер чийген чачтарыңа байладың да.

Тирүүлүк бүтүн бойдон тушап алып,
Түшүүдө өмүр менден ушаланып.
Узун түн элесиңди унута албай,
Унчукпас болуп кеттим кусаланып.

Коноктой күндөр өтөт алчыланып,
Күмүш сап камчы менен камчыланып.
Бой таштап тегирмендин парасына,
Кээ күнү калгым келет кайчыланып.

Көз түшүп көк көйнөкчөн убагыңдан,
Арбын жыл атың кетпей кулагымдан.
Түшүмө киришиңди күндө тилеп,
Уктаарда угузбастан дуба кылам.

Комментарийлер (49)

05.05.2010. 21:32
 Таллас
Ушул элеби?
06.05.2010. 09:22
 Шаиста Шатманова
Саптарында не деген куса, сагыныч катылган. Биздин замандын ырчылары неге мындай саптарды курай алышпайт?
07.05.2010. 22:28
 Bargy
Эн сонун,эн мыкты!!!!!!!!!
09.05.2010. 15:34
 tabiygat
ech kachan 'koloko' tushkon yr emes tushpoit dagy... Klassika...
12.05.2010. 05:00
 Arstan
Соз жок ыр да.Эмнеге ушундай ырчылар азыр жок а? Ушул акенин ырларын дагы кошунузчу плииз.
12.05.2010. 05:02
 Arstan
Журогун эзилет да тим эле.
13.05.2010. 13:58
 Dooron
Eng jakshy yr. Maga jagat. Dooronbek.
13.05.2010. 13:59
 Dooron
Super info bul yrdy kandai otkorup alabyz?
13.05.2010. 15:42
 Colt45
атайын бир мөөнөт берилет ошонднон кийин өткөрүп алганга болот.
15.05.2010. 03:10
 kyrgystan
ushundai jakshy yrlardy asyrky yr4ylar yrdabagany okunu4tu:(( emnege asyr e4 bir yr4y ushintip yrdabait?
23.05.2010. 17:42
 адилет
кантип кочуруп алса болот
31.05.2010. 01:51
 оштук
ушундай мааниси тамып турган созду,сезим отун жалындаткан обонду камтып турган чыгарма шедевр емей эмне?А азыркы ырлардын создорун, мен емес, оздору да тушунушпойт го.
31.05.2010. 02:11
 оштук
p.s:Жаш ырчыларга:-Ырынарга жакшыы создорду таппай журосуздорбу?А.Осмоновдун, Ж.Садыковдун,М.Алыбаевдин,А.Бегимкулованын,К.Сыдыкованын ж.б.у.с акындардын обон киргизиле елек ырлары толуп жатпайбы.Ошолордон пайдалана бергиле.Аларга акы деле коротпойсунар.
02.06.2010. 12:43
 адилет
кантип кочуруп алса болот
05.05.2015 00:49
san4ik.B
адилет, кочуруу дегегди бас болбосо 2 жолу.
20.08.2010. 18:23
 Strateg
Дагы ырларынан жүктөп койсоңуздар жашы болот эле.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо