КЕҢЕШ тобу "Ыйлабачы"
04:38
4,24 Мб
Жүктөлгөн: 21-11-2014
Жанр: Поп
Сөзү:Ташкент кызы Гүлдүкү
Обону:Мүзүр Мамбетовдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.13/5
(38 добуш)
Ишенбей турамын укканыма
Ичим от, жалындын кучагында
Ирмебей уйкусуз түндөр өтөр
Илинип санаанын тузагына
Жарыгы өчкөндөй махабаттын
Жалыны жалгандын каптап жатты
Жазыгы эмнеде билбейт элем
Кайгы таптым

Кайырма:
Ыйлабачы, ыйлабачы, жан дүйнөмдү кыйнабачы
Ыйлабачы, сыздабачы, жүрөгүмдү бүтүн жанчып
Суранамын мен өзүңдөн, жаным менин

Өзүңсүз мен эми жашай албайм
Өмүрдүн таттуусун сага арнайм
Өкүнтөт өрт болуп өткөн күндөр
Өзүңдү мен эми жандай албайм
Ойлобой койоюн десем дагы
Оюмдан кетпедиң күнү-түнү
Айыкпас жүрөктүн ушул тагы
Болдуң жаным

Кайырма:

Комментарийлер (72)

21.11.2014. 23:51
 shutUP
Өзүңсүз мен эми жашай албайм
Өмүрдүн таттуусун сага арнайм
Өкүнтөт өрт болуп өткөн күндөр
Өзүңдү мен эми жандай албайм
Ойлобой койоюн десем дагы
Оюмдан кетпедиң күнү-түнү
Айыкпас жүрөктүн ушул тагы
Болдуң жаным
22.11.2014. 01:18
 bolot00
жакшы ыр екен игилик
22.11.2014. 01:54
 anara-anara
Азаматсынар. Мага жакты журоктун тубуно жетет. Дагы да сонун чыгармаларды кутобуз. Талыкбай эмгектене бергиле. Концерттин толугун жуктонуздорчу.
22.11.2014. 02:47
 maks.kg.11
Жакшы ыр болуп тур
22.11.2014. 14:25
 kg_trubach
Оо аябай сонун чыгыптыр Кенеш тобу ар дайым жакшы ыралрды чыгарыпм келет. рахмат силерге . о.э чыгармачылык ийгилик дайыма ушундай ырларды жаратып журо бергиле , биз сиздерден ушундай ырларды кутуп калабыз
22.11.2014. 15:07
 danyshman
жакшы ыр экен.
22.11.2014. 16:51
 zhanybai
Супер инфо мага табышып койунуздарчы Асель Касымакунова менен Эльмурат Майрамбековдун Сынма бийи ырынын mp3 син алдын ала рахмат
22.11.2014. 19:24
 mendiba
Ен сонун ыр екен
22.11.2014. 19:28
 mendiba
Супер-инфо Сиздерден сураныч Курманжан дадка ату кинону жуктоп койунуздарчы
22.11.2014. 21:17
 sekelek96
Oho super!
22.11.2014. 22:50
 sultanna_kg
Соонун чыгарма!!! Кенеш тобунун ырлары негедир жан дуйнонду козгоп, кулук ойдун денизине чомулто турган ырлар. Кобунчо мен жалгызсырап турган учурда ушул топтун ырларын угуп, жан дуйномдун бугун коз жаш аркылуу чыгарып алам. Алыс жол жургондо да Кенеш тобунун ырларын угуп, таттуу кыялдын гулдуу талаасын аралаганды жактырам. Озгочо Тоо-Ашуунун узун жолунда зуулдаган машинада кетип баратып уксам ырахат алам.... Албетте, мен бул инсандарга чыгармачылык ийгилик каалайм!!!
23.11.2014. 02:15
 supeeri
Ушу Ташкент Кызы гул сонун ырларды жазат да.Кенеш тобу болсо эн сонун ырдап чыгат дайыма Азаматсынар!!!
23.11.2014. 02:43
 kadamjai1977
Кантип кочурсо болот айтып койунуздарчы менден болбой жатат.
23.11.2014. 02:45
 kadamjai1977
Ыр эн жакшы чыгыптыр.
23.11.2014. 04:58
 zhyr
ыр супер ийгилик
23.11.2014. 08:11
 Patrik
Креативдуулук жок. Баягы эле Музур жай ырдап келип кайырмада Гулмира кыйкырат. Качан карасан ошол эле корунуш ошол эле корунуш.
23.11.2014. 09:46
 elgiz0890
жакшы 5деген бал
23.11.2014. 16:00
 danyshman
Кенеш тобунун ырлары аябай жагат,ушул ыры да абдан жакты.Бул ырды жайлоодо кой кайтарып журуп,кечиндеси короого кой козусу менен келбей калса,тоо ташты кой издеп ыйлаганча уксан озунчо эле кайф керемет да.
23.11.2014. 19:57
 Zairbek88
Музыкасын жакшырак кылса болот эле. Кенеш тобу жакшы ырдайт
23.11.2014. 22:29
 maksat2016
Кенеш тобу алга азаматсынар ырынар аябай жакшы ыр экен дагын жакшы жакшы ырларды бат батан жазып турунуздар
24.11.2014. 11:25
 admin_media
maksimka, FIRDAUS, melashka,
Саламатсыздарбы! Кэшти тазалап кайра аракет кылып көрүңүздөр. Катачылыктар кайталанса бизге купуя кат менен жазып койсоңуздар, рахмат!
24.11.2014. 12:58
 miki87-06
Азаматсыңар дагы жакшы ырларды чыгаргыла ийгилик силерге.
24.11.2014. 17:30
 dastan_nookat
Осор Эшматов тизмеге кошуп койсонуздар сураныч
24.11.2014. 21:22
 aisuluu_12
Супер ыр болуптур Кенеш тобу алга мен сиздерди аябай суйом.
25.11.2014. 01:12
 Lega_kg
Кенеш тобу азаматсынар жакшы ыр экен чыгарманар оркундой берсин Гулмиранын уну жагат сонун ырдайт 5
25.11.2014. 16:56
 Galia1990
Азаматсынар Кенеш тобу
25.11.2014. 17:13
 suiun77
Эң жакшы!! Сонун ыр экен!!
25.11.2014. 18:19
 rnurzida
Сөзү жакшы жазылыптыр.
25.11.2014. 21:50
 beka45
тан калыштуу эгер ушул ырды мыкты десенер
25.11.2014. 23:35
 Ханбийке
Аягына чейин чыдап уга албадым, бир укканга да жарабайт!
01.03.2015 20:23
bolot00
Ханбийке,манисин тушунсон биринчи анан жаз
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо