Жоодарбешим, Нурлан Насип "Экөөбүз ашык бир кызга"
04:00
4,56 Мб
Жүктөлгөн: 11-12-2014
Жанр: Поп
Сөзү:Жоодарбешимдики
Обону:Нурлан Насиптики
Көчүрүү
  • Currently 4.34/5
(32 добуш)
Эңсетип мени кыйнадың
Эсимден такыр чыкпадың.
Ээрчитип мени, аны да.
Эмнеге бизди алдадың?
Агарып таңдын атканын,
Тосчу элек дайым аппагым.
Түбөлүк бирге болом деп,
Мени да, аны алдадың.

Уктабай күнү-түнү да,
Экөөбүз ашык бир кызга.
Адашып сүйүп жүрүппүз,
Байчечек гүлдөй бир кызды.
Эх, досум, болду кайгырба,
Табылат сага, мага да.
Мээримин төксө махабат,
Жүрөктөр жылыйт дагы да.

Өзүң деп өткөн күндөрүм,
Өкүнүч эмес, кубаныч.
Сени менен жүргөн түндөрдү,
Эстеп биз күлүп жүрөөрбүз.
Түбөлүк эсте сакталат,
Ал күндөр биздин жүрөктө.
Эстеген сайын жылмайып,
Жүрөбүз мезгил өтсө да.

Уктабай күнү-түнү да,
Экөөбүз ашык бир кызга.
Адашып сүйүп жүрүппүз,
Байчечек гүлдөй бир кызды.
Эх, досум, болду кайгырба,
Табылат сага, мага да.
Мээримин төксө махабат,
Табылат сага, мага да.

Уктабай күнү-түнү да,
Экөөбүз ашык бир кызга.
Адашып сүйүп жүрүппүз,
Байчечек гүлдөй бир кызды.
Эх, досум, болду кайгырба,
Табылат сага, мага да.
Мээримин төксө махабат,
Жүрөктөр жылыйт дагы да.

Комментарийлер (44)

11.12.2014. 10:57
 Ern
Өтө сонун деп болбойт, бирок жаман дагы эмес.
11.12.2014. 11:02
 elkat
Жакшы ыр экен тамашалуу.Кутуп журдум эле рахмат супер инфо
11.12.2014. 11:48
 anara-anara
Ваааууу кандай сонун жакты. Молодцы жигиттер.
11.12.2014. 12:28
 almaz90
Жакшы чыгыптыр
11.12.2014. 12:35
 dastan_nookat
"Оо сонун ыр го"
11.12.2014. 12:52
 Nuri-Alina
Орто
11.12.2014. 13:20
 Bek94
эки мыкты ырчы жигит бирге дует ырдашса ыр сонун чыгат деп ойлогом. Бул жакпады.
11.12.2014. 13:34
 elamannn
жакпады!!! укаанга да болбойт!
11.12.2014. 13:35
 bomba1995
бир еки укканго болот
11.12.2014. 13:44
 ere
укса болот жасалма ырдагансыйтко
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо