Омар "Тамчы кыз"
Жанр:Поп
00:03:23
51,65 Мб
Жүктөлгөн: 22-12-2014


Сөзү:К.Качкынбаева, Омар
Обону:Омардыкы

Өзгөрүлүп аалам күндөн-күн,
Баалуулугу түшүп дүйнөнүн.
Азгырык да сенин айланаң,
А, сен кызысың таза дүйнөнүн.
Ар ким айтса сүйгөнүн,
А, сенин китеп сүйгөнүң.
Мээримге толгон жүрөгүң,
Сен деп жүрөмүн.

Кайырма:
Кандай кыз сага теңелет,
Уялганың керемет
Периштедей сезилет
Тазалыгың жактырам,
Адебиңе суктанамын,
Ашыгам, тартылам.

Апакеңдин аппак сүтүндөй,
Аруулугуң калса эч ким түшүнбөй.
Сен аларга көңүл бурбагын,
Бийиктигиң, баркың түшүрбөй
Ар ким айтса сүйгөнүн,
А, сенин билим сүйгөнүң.
Ыйманга толгон жүрөгүң,
Сен деп жүрөмүн.
  • Currently 4.33/5
(39 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (42)

22.12.2014. 11:46
 Guli.K.E.
Супер)))) молодец!!!
22.12.2014. 11:49
 suiuktuujar
жакшы баракелде
22.12.2014. 12:15
 kindly_girl91
жакшы ийгилик Омар
22.12.2014. 12:32
 Alisher
Ийгилик жакшы ыр жана клип болкптур Чексиз нур деген китеп козго жакшы ташталды.....
22.12.2014. 12:46
 Bakulya79
азаматсын.......ОМАР.
22.12.2014. 13:47
 papanstan
Бир ырындагы клибине окшоп калыптыр го анда да китепкананын ичинде ырдачу.
22.12.2014. 14:59
 asil-08
ырларынын обондору бири бирине окшош ото жакшы эмес ото жаман эмес орто ыр болуптур
22.12.2014. 15:07
 Нуркыз Курманбек кызы
Аябай кутком да бул клипти умутумду актабады чынын айтатйын
22.12.2014. 16:00
 missO
Тамчы кыз??? бул не деген сөз эми???
22.12.2014 17:00
nurti_cr7
missO, таза кыз..ыймандуу кыз дегенди тушундурсо керек..бул жеке оюм..
22.12.2014. 17:02
 nurti_cr7
ыр жакты ..сонун ырдаган...клипти профессионал адам тартпагандыгы билинип турат..орто...мындан ары ийгилик каалайм!!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: