Гүлнара Кахарова "Айтпаса экен"
03:26
3,14 Мб
Жүктөлгөн: 06-01-2015
Жанр: Эстрада
Сөзү:Ж.Исабаеваныкы
Обону:Г. Сатыбековдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.22/5
(41 добуш)
Жамгыры коңур күздүн,
Төгүлүп турду бүт күн.
Кол чатыр кармап алып,
Сен мени билем күттүң,
Бүгүн да мени күттүң.

"Жайнаган каректериң,
Карагым келет" дедиң.
А башка сөздөрүңдү,
Укпашым керек менин.
"Дүйнөңүз таптаза экен,
Көзүңүз башкача экен".
Дегенде мен ойлодум:
"Сүйөм деп айтпаса экен".
"Чын эле, чын эле сүйөм" деп айтпаса экен...

Ак жамгыр майдаланып,
Апаппак карга айланып.
Ушул кеч мени күткөн,
Баратты таңга айланып.
"Дүйнөңүз таптаза экен,
Көзүңүз башкача экен".
Дегенде мен ойлодум:
"Сүйөм деп айтпаса экен".
"Чын эле, чын эле сүйөм" деп айтпаса экен....

"Жайнаган каректериң,
Карагым келет" дедиң.
А башка сөздөрүңдү,
Укпашым керек менин.
"Дүйнөңүз таптаза экен,
Көзүңүз башкача экен".
Дегенде мен ойлодум:
"Сүйөм деп айтпаса экен".
"Чын эле, чын эле сүйөм" деп айтпаса экен...

Комментарийлер (47)

06.01.2015. 12:27
 Batma.Sh
Сонун,жакшы.Гүлжигиттин өзүнүн аткаруусунда да бар бекен.
06.01.2015. 12:49
 suiuktuujar
Эн сонун.
06.01.2015. 13:33
 Maks_sharshenaliev15
guljigit akardion mn jakshy yrdait eken
06.01.2015. 14:30
 elnnura
Бул ырды илгери эле Саламат Садыкова ырдачу.
07.01.2015. 14:45
 mister
Урматтуу админ гулжигит сатыбековдун ырдаганын жуктоп кое аласынарбы...
07.01.2015. 16:10
 don.kg
Гулжигиттин ырдаганын жуктоп койунуздарчы
07.01.2015 17:15
admin_media
don.kg, mister, саламатсыздарбы! Аракет кылабыз.
07.01.2015. 20:37
 Nuka93
sonun, jakty...
08.01.2015. 00:18
 Peri76
Сонун ыр экен жакты.
08.01.2015. 13:16
 GORDIY.KG
болот
08.01.2015. 14:24
 Bekbosh
Укса болот.
09.01.2015. 00:44
 nusichka
бул ыр менен ооруп калдым, админ Гулжигиттин ырдаганын чыдамсыздык менен кутуп жатабыз
24.02.2016 11:40
perichte
nusichka,Гулнара ийине жеткире ырдаптыр!!!
09.01.2015. 01:58
 papanstan
Супер инфо текстин кутом
10.01.2015. 16:56
 papanstan
Текстин жазып койосунарбы Адмииин сураныч
15.01.2015. 21:33
 nurmat_71
супер.жакты
18.01.2015. 00:48
 daniel87
Гулнара Эже сизди ырчы,аял,жездебиздин жароокер жары,балдарыныздын байлыгы улуу АПА катары абдан баалайм.Сиздин унунуз ото табылгыз оргиналдуу ун!сиздин ырларыныз менин Жан дуйномон орун алат дайым.эгерде колунуз бошоп ырчылыкка берилгенинизде анча мынча менмин деген ырчыларды чанынызда калтырат болчунуз.Уй булоонузго бакыт,создан жакшы чыгармаларды кутуп калам Ахмандан ининиз.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо