Гүлжигит Сатыбеков "Ыйык булак"
04:12
4,8 Мб
Жүктөлгөн: 09-01-2015
Жанр: Поп
Сөзү:Г. Сатыбековдуку
Обону:Г. Сатыбековдуку
Көчүрүү
  • Currently 3.84/5
(32 добуш)
Сагынтасың мени айылым,
Кусалыктан келет ыйлагым
Бир күч бар го сага байлаган
Бейиш жерим, мекен, турагым
Жыл айланбай келем айылга,
Сенде калган мөлтүр курак.
Кылымдарга жол улап,
Ага берчи ар убак,
Соолубачы ыйык булак.

Кайырма:
Биздин айыл керемет
Сага кай жер тең келет.
Качан келсең берет кубат,
Биздин айыл жапжаш турак
Ага берчи ыйык булак.

Биз чоңойдук жигиттик убак,
Чуркап келип суу ичкен чулак
Балалыгым сенде катылган,
Сен болосуң ыйык булак
Жыл айланбай барам Аксыга,
Сенде калган бала курак.
Кылымдарга жол улап,
Ага берчи ар убак,
Соолубачы ыйык булак.

Кайырма:

Жыл айланбай келем Мукурга,
Сенде калган мөлтүр курак.
Кылымдарга жол улап,
Ага берчи ар убак,
Соолубачы ыйык булак.

Оюн карак бала элем,
Эркелеткен таенем,
Алар кеткен менден узап.
Жигит эле, акелер чачтарында бүгун бубак.
Сен карыба, ыйык булак.

Комментарийлер (53)

09.01.2015. 18:51
 baha_brat
соз жок ар бир созундун мааниси терен.онорун оркундой берсин
09.01.2015. 18:54
 sezimai93
соонун азаматсыз ар бир ыры маныздуу
09.01.2015. 20:14
 bliznesy
Сонун ийгилик чыгармачылык бийиктик.
09.01.2015. 20:21
 murat88
Негизи Гулжигит Сатыбековдун баардык ырлары жакшы кайра кайра уксан да жадабайсын ийгилик сизге
09.01.2015. 20:46
 mendiba
Бул ырда жакшы чыгыптыр
09.01.2015. 23:08
 papanstan
Куттуруп коюп жаткандайго,ырларын кутуп калдык эле.соонун чыгыптыр
09.01.2015. 23:26
 wolk85
Гулжигит озу жакшы ырдайт ийигилик сага Гулжигит
10.01.2015. 00:27
 Ravshan91
Азаматсыз байке ийгилик дагы да кутобуз
10.01.2015. 00:30
 Ravshan91
Супер супер супер
10.01.2015. 00:52
 sama1212
Саламатсызбы админ. Нон стоптун кош жылдыз аттуу ырын жуктоп коюнуздарчы сураныч. Мумкун болсо видиосун дагы. Аябай суранам
10.01.2015. 01:17
 elgiz0890
+5класс
10.01.2015. 02:11
 etaj_rus79
азаматсын гулжигит жаны ырларды кутуп калам ар бир ырынды кумарланып угам

10.01.2015. 02:34
 Bodibilding
супееер азаматсыз Гулжигит байке
10.01.2015. 03:01
 akusya.kg
Текстин жазып коюнуздарчы Админ?!
10.01.2015. 04:00
 Asiyo
Жакты
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо