Мирлан Баеков "Ата тилеги"
Жанр:Поп
00:03:48
46,97 Мб
Жүктөлгөн: 19-01-2015


Сөзү:Ж. Абдыраимовдуку
Эрмегим элең эркелеп, кызым,
Колумдан кеттиң эртелеп, кызым.
Теңиңе кошуп узатып жатам,
Теңирим бакыт берсе деп, кызым.

Кайырма:
Ай, жыл да өтөр,
Улана, кызым.
Турмуш бул татаал,
Убара, кызым.
Атадай камкор болуп жүргүн деп,
Тапшырдым сени кудама, кызым.

Кайырма:
Бой тумар сындуу,
Көрүнгөн кызым.
Бой жеткен кезде,
Бөлүнгөн кызым.
Бакыттын кушун колуңа кармап,
Бактылуу өткүн өмүрдөн, кызым.

Кайырма:
Тартылган үйгө желегим, кызым,
Таарынып келем дебегин, кызым.
Ак тилегимди ыр менен сунуп,
Арнаган сага белегим, кызым.

Кайырма:
  • Currently 4.83/5
(24 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (79)

20.01.2015. 03:08
 Erniet
Калипа Данияр Эрматовдун клибиндеги кыз беле? Клипке келсек жакшы. Бирок атасынын дагы башка балдары болсо жакшы болмок. Мирлан Баековдон дагы да жакшы чыгармаларды, шаңдуу ырларды кутобуз.
20.01.2015 10:41
Guli.K.E.
Erniet,ооба ошол кыз!)
20.01.2015. 04:19
 Qnet
Ой иий мынча кайгылуу окуя!!! Тим эле жеткире аткарышыптыр го! А десертке салфетка жокпу?
20.01.2015. 05:22
 nurik77777
Туу ата клип эмес бекен э? Молодец Мирлан.
20.01.2015. 05:46
 papanstan
Соз жок соонун мынаны клип десе жарашат.
20.01.2015. 09:10
 jigit.mr
Азамат Калипа Мирлан мыкты клип болуптур
20.01.2015. 11:52
 Bakyr
баракелде!!! эми сонун клип болуптур! Алга! Калипа клиптин коркун ачыптыр сонун аткарган!!!
20.01.2015. 12:19
 Bakytym_Madinam
мыкты клип болуптур,коруп ыйлагым келди.мирлан азаматсын.
20.01.2015. 12:45
 Siuz
Смело айтса болот суппппер клип деп.ыр жана клип дагы бири бирине соонун отурган Актерлордо соз жок. мен кыйын деген ырчылардан мындай клип коро элекмин. Азаматсыз Мирлан. сизге албан албан ийгиликтерди каалайм. бар болунуз, биз сизди жакшы коробуз.
20.01.2015. 13:59
 mirgul8186
эн соонун!мыкты клип болуптур ыр дагы мыкты денгелде.
20.01.2015. 14:09
 zeet
Аябай жакшы болуптур соз жок
20.01.2015. 14:22
 mersedes2013
Эн мыкты клип!Ыр да соонун уккандан тажабайм!
20.01.2015. 14:41
 korgoshun
Ыйлатты го кишини. Сонун тартылыптыр ийгилик
20.01.2015. 15:41
 Doka2004
Ушуну клип десе болот!!
20.01.2015. 15:48
 safia2011
сонун клипп болуптур кыздын жаш кезин Анжеликанын кызы аткарганго
20.01.2015. 17:17
 ainuska00
мен да ыйлагам ушинтип
20.01.2015. 18:02
 biikech0
Эрнисттин идеясы болсо керек менимче, клипмейкер. Аягын кайгылуу кылбай эле койсо молмок(((
20.01.2015. 18:19
 Elim93
Бул ырдын мурдагы клиби тамашалуу болчу, азыркысы ото маанилуу болуптур 4 минута болсо да коп нерсени камтыган клип. Молодцы ишинерге ийгилик!
20.01.2015. 18:38
 sezimai93
аябай таасири кучтуу экен ата энелер бар болсун кызынын кызматын уулунун урматын корушсун
20.01.2015. 18:55
 Atyr38
Ушуну клип десе болот менин журогум ооруп кетти го таасири кучтуу болуптур азаматсынар
20.01.2015. 18:58
 Siuz
Ырдын темасына "Ата тилеги" топ келген клип болуптур. Мына азыркы клип ырга жарашкан. Бардыгы соонун. Мирлан чыгармачылык ийгилик каалайбыз!
20.01.2015. 19:15
 Aselya_9105
Клип эн мыкты. Кайгылуу да экен. Ушул ырды уксам эле ыйлагым келе берет эле, эми мынтип клиби да ыйлатканга барды.
20.01.2015. 21:05
 sheki92m
En jakwy. Akterlor jakwy atkaryptyr! yr ozu ele abdan jakchy.
20.01.2015. 21:15
 suiuktuujar
Эн сонун клип болуптур коруп отуруп ыйлап ийдимго.
20.01.2015. 21:44
 kodo
жакшы
20.01.2015. 23:42
 Nuriss
Жакшы клип соз жок
21.01.2015. 00:59
 bektashova_ayzada
Клип сонун болуптур! Калипа эже, сизге дагы көптөгөн ийгиликтерди каалайм!
21.01.2015. 11:41
 gylburak_kg
Аябай жакшы ыр
21.01.2015. 14:16
 mersedes2013
аябай соонун клип болгон ыр да мыкты
21.01.2015. 14:32
 Zoluwka
Ушул ырды уксам журогум эзилип кетет.Козумо жаш тегеренип кетти.Мыкты ыр соонун клип болуптур.Мирлан байке сизден дагы да ушундай таасирдуу ырларды кутобуз.
21.01.2015. 15:33
 Salta-Diku
Ногойлордун ырыгооооо! Плагиат!
20.06.2017 01:02
crew89
Salta-Diku,кайсыл ыр, аты?
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: