Назира Токонова "Суранам"
Жанр:Поп
00:04:04
50,33 Мб
Жүктөлгөн: 09-02-2015


Сөзү:Кубанычбек Бакиевдики
Обону:Эркин Каимовдуку

Неге сен мени карап жодурайсың,
Өмүргө күз жакындап калган кезде.
Көксөтүп алыс калган жаштыгымды,
Белегиң мага деген ушул беле.

Кайырма:
Азгырып улам-улам карай бербе,
Талдырып көздүн нурун бекерге эле.
Мен сендик эместигим билесиңго,
Суранам алоолонуп карай бербе, тиктей бербе.

Суранам мени улам карай бербе,
Толтуруп бүт денемди кусалыкка.
Тиктешиң сезимдерге салып бүлүк,
Жүрөгүм алоолонуп күйүп-жанат.

Кайырма:

Өтүнөм мени улам карай бере,
Ысытса эрип кетер темир деле,
Чыдабай илебиңе кабылбайын,
Өмүргө күз жакындап калган кезде.

Кайырма:
  • Currently 3.79/5
(34 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (51)

09.02.2015. 14:50
 peri-jan
Соонун клип болуптур, ошондо "сага "клиптин уландысы да э.Назира озу талантту кыз,ийгилик жаны ырларынды кутуп калабыз
09.02.2015. 14:56
 kaiurka
уну жакты ийгилик сага +5
09.02.2015. 15:04
 tima_aiperi
Ушул кыздын таланты бар жакшы ырдайт
09.02.2015. 15:07
 marmilantka
Сонун клип болуптур
09.02.2015. 16:25
 april
унунуз аябай жагат, назик. клип супер, жакты)))
09.02.2015. 17:09
 merez_jurok
Назира эжекебиз аяббай сулуу болуп калыптыр,уну керемет, ырына соз жок. А бирок тигил скамей
09.02.2015. 17:10
 merez_jurok
Назира эжекебиз аяббай сулуу болуп калыптыр,уну керемет, ырына соз жок. А бирок тигил скамейкага ырчынын баары тартылып бутту го. Анан клип бир аз тушунуксуз болуп жатат, ошондо карашып жаткан кыз, жанагы жаш кезинде бузукулук кылган кызбы?
09.02.2015. 17:12
 biikech0
Уну аябай жакты, клип да жакшы. Кайра-кайра кайталап угуп жатам. Укмуш. Уккандан тажабайсын. Эх,Азгырып улам-улам карай бербе,
Талдырып көздүн нурун бекерге эле.
Мен сендик эместигим билесиңго,
Суранам алоолонуп карай бербе, тиктей бербе.
09.02.2015. 19:46
 isamurai
урматтуу суперчилер эллегия деген ыр аткаруучу менимче нургул деген. клипинде бала жээкте сурот тартып олтурат.Эч эле интернеттен таппай жатам сураныч болсо жуктоп коюнуздарчы
10.02.2015 15:14
admin_media
isamurai, саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
09.02.2015. 19:51
 Samara88
Жакшы болуптур
09.02.2015. 22:30
 dkanu
Жакшы. Бирок минимум 5 жыл мурда айфон иштеткендер жокко эсе болчу?!!!
09.02.2015. 22:35
 nurbaKG
Капырай илгери иномарка машина мн сенсор тел ватсап бар беле? Кичине окшоштуруп тартсанар боло деги
09.02.2015. 23:16
 Bakulya79
Уну аябай жагымдуу.озу да назик кыз.
09.02.2015. 23:45
 Lusi
кандай гана керемет ун,кайра-кайра уккандан жадабадым,азаматсын Назира клип дагы жакшы мазмундуу,кантип кочуруп алса болот супер инфо.
10.02.2015 09:33
admin_media
Lusi,
Саламатсызбы! Оң жакта турган "Көчүрүү" деген сөздү бассаңыз көчүрүлөт.
10.02.2015. 00:47
 papanstan
Оххх соонун экен
10.02.2015. 02:11
 nazya5
Уну жакшы бирок ыры начар экен, обону да созу да маанисиз. Эптемей эле ыр экен
10.02.2015. 04:28
 rnurzida
Аз бирок саз ырларды ырдайт. Үнү сонун. Музыкалык сабаты бар да кансе дагы. Ар бир ырды жеткире ырдайт. Клиби да сонун чыгыптыр. Өзү да сулуу айым. Ийгилик.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: