Кумар Асанов "Кыргызстан"
Жанр:Поп
00:04:16
68,33 Мб
Жүктөлгөн: 21-06-2010


Сөзү:Акылбек Айтиевдики
Обону:Акылбек Айтиевдики

Кыргызстан - тоолордун мекени,
Тунук суулар, токойлор, кендери.
Кылымдарга түбөлүк жашай бер,
Өсө бергин, гүлдөгүн, мекеним.

Көк асманды тиреген тоолорум,
Ак булутту жандаган зоолорум.
Жаратканым сулуулук бериптир,
Айтып бүткүс эң бир кооз мекеним.

Кайырма:
Кыргызстан - ыйык мекен,
Кыргызстан, койнуң кенен.
Кыргызстан, Кыргызстан,
Коргойбуз сени бек туруп!

Ата журтум, Ала-Тоом, мекеним,
Коргойбуз биз сактайбыз өзүңдү.
Күн нуруна бөлөнүп жергебиз,
Кыргызымдын эрдигин даңктайбыз.

Ала-Тообуз элимдин тиреги,
Көк асманга желбирейт желеги.
Кыргызымдын эрдигин даңктайбыз,
Бабалардын салтын биз барктайбыз.
  • Currently 4.25/5
(4 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (39)

21.06.2010. 15:47
 honey
ООО супер инфого мин мертебе рахмат. Соз айтып буткус ушул ыр мага аяяябааай жагат. Кумар Асанов да суперски аткарган. Аткарган кыймылдары эле чё стоит. Просто соз жок. Жесть! и еще раз жесть!Алга Кыргызстан! Бар бол Кыргызстан! Биз сени менен Кыргызстан! Создун мааниси, тоолор, айтор баары супер.
21.06.2010. 16:28
 ХАНЗАДА
Эн сонун ыр! Жакшы клип. Азыр бизге ушул ыр керек! Азамат, Кумар!
21.06.2010. 17:03
 super
Супер!
21.06.2010. 18:10
 Шаиста Шатманова
Ушундай ырды, обонду жараткан Айтиевге, аны журокторго жеткире ырдаган Кумарга рахмат! Бул ырды укканда ар бир эле кыргыздын журогундо жакшы сезим ойгонору анык.
21.06.2010. 21:31
 Dangerous
Ээээээх....Кыргызстанга барып келгендей эле болдум го. Кандай болур калдын экен? Мен сени сагындым,Кыргызстанчигим.:( Буюрса 2 айдан кийин барып калам сага. Урааааааааааа!
21.06.2010. 22:02
 silkusia
Ыр дагы, клип дагы сонун!!! Дайыма ырдап журо турган ыр. Патриотттук сезимди кучотот.
21.06.2010. 23:52
 super
Ырдын текстин жазып койсоңор болмок да!
22.06.2010. 03:49
 gulia
ооо кандай сонун ыр,бул ырды мен укпаганыма канча болуп кетти эле жакшы чыгарыпсынар даааа
22.06.2010. 03:53
 gulia
ыр деп ушуну айтса болот
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: