ЖАШ КЫЯЛ тобу "Ананайын"
04:29
4,12 Мб
Жүктөлгөн: 28-06-2010
Сөзү:Доорон Жолдошев жана элдики
Обону:Доорон Жолдошев жана элдики
Көчүрүү
  • Currently 4.60/5
(15 добуш)
Кечээ күнү бир өзүңдү көрө албадым,
Бек кучактап жүзүңдөн өбө албадым.
Кайда жүрсөң бактылуу болоруңду,
Мен кааладым, мен кааладым.

Ананайын, ананайын,
Аттадың бир ак үйдүн босогосун,
Өткөндү эстеп көңүлүң бошобосун.
Кайда жүрсөң бактылуу болоруңду,
Мен кааладым, мен кааладым.
Кеттиң кайда, кеттиң кайда?
Күтүрбөстөн тезирээк келчи кайра.
Мен өбөйүн бетиңден кайра-кайра.
Кайда жүрсөң бактылуу болоруңду,
Мен кааладым, мен кааладым.

Кара көзүм, кара көзүм,
Кара көзүм, карегиңден карачу элем.
Асмандагы жылдыздай самачу элем.
Кайда жүрсөң бактылуу болоруңду,
Мен кааладым, мен кааладым.
Сен ошондо, сен ошондо,
Жашың жетип он сегизге толгондо.
Сенин тоюң башка менен болгондо,
Кыялбастан ал тойго мен барганда,
Сен карадың көз кырыңдан.

Кош бол, жаным, кош бол, жаным,
Мен сен менен түбөлүккө коштошомун.
Аргасыздан мен башкага баш кошомун.
Кимге барсаң бактылуу болоруңду,
Мен кааладым, мен кааладым.
Ананайын, ананайын,
Аттадың бир ак үйдүн босогосун,
Өткөндү эстеп көңүлүң бошобосун.
Кайда жүрсөң бактылуу болоруңду,
Мен кааладым, мен кааладым.

Комментарийлер (42)

28.06.2010. 19:34
 crick
ОООООО... сонун ыргоооооо
Модератор түзөттү 06.07.2010 11:12
30.06.2010. 09:50
 Саулешка
)))) укмуш ыр го, опаааа бийлегим келип кетти ))))
01.07.2010. 10:32
 MaRmeLaDka
Жаш кезибизде ушул ыр менен ооруп жүрдүк эле. Өз доорунун хити болгон да! Жакшы ыр.
05.07.2010. 10:53
 bakytmirza
Ал убактарда бул ырсыз той өтчү эмес да ))))
05.07.2010. 10:54
 bakytmirza
"Жаш кыял", "Нур" жана "Жети түс" деп үч группа катуу чыгышкан, ырлары хит болуп
14.07.2010. 20:29
 freid
Тууй ата!!! Ошол кезде бул ырдын аранжировкасы шумдук угулчу. Корсо мезгил озунукун алат турбайбы. Кайдасын менин ошол кундорум!!!
17.07.2010. 03:12
 Barika
Эх...ушул ырды чын журогумдон суйуп угам, жакшы ыр зор чыккан.
18.07.2010. 03:10
 bambucha
эхеее Бахадыр братан башка ыр жаза албай эле Ананайынды кайра кайра иштеп чыга берет экенсинерда. а так прикольно. Томас Андерс (Modern Talking) деле ырдап журбойбу эски ырларын кайра иштеп чыгып ))
22.07.2010. 11:54
 Bolo
1-2 жума отту го! Кочуруу качан мумкун болот экен?
03.10.2010. 01:36
 GIOGARAXA
men 2-klassymda chykkan oto jakshy yr
26.10.2010. 05:17
 Arstan
Ооо чынында тойлордо ушул ырлар жанырып турат эле.Азыр эмнеге чыкпай калды Дооронбек Жолдошев,Бахадыр Карабаев ырдачу.Кичинебизде кыйкырып ырдайт элек эхх жаш кез.
29.10.2010. 05:32
 Umnaiya luna
Балалык кезимди эстеп ыйлагым келди.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо