Нурлан Насип, Сайкал Садыбакасова "Бакыт издедик"
03:41
4,21 Мб
Жүктөлгөн: 04-03-2015
Жанр: Поп
Сөзү:Кудрет Тайчабаровдуку
Обону:Нурлан Насиптики
Көчүрүү
  • Currently 4.48/5
(44 добуш)
Бул өмүрдө ак сүйүү бир келет,
Ар жүрөккө бирден түгөй берет.
Ишене бергин жалган жашоодо,
Өзүңдү сүйгөн сезим өзгөрбөйт.

Билемин жаным ишениш керек,
Мындай сезимди жүрөк сезе элек.
Кыялдарымды өзүңө арнайм,
Жакшы тилектер кепилдик берет.

Кайырма:
Сен, мен бакыт издедик,
Тандап кимди сүйбөдүк.
Бакыт дайыма жанаша,
Жүрсө неге сезбедик.

Махабатыбыз ынтымак берсин,
Бакыттын дамын жүрөктөр сезсин.
Сүйүүнүн күчү күн өткөн сайын,
Салкындап кетпей, эселеп өссүн.

Жан шерик издеп, ак сүйүү таптым,
Көп жигиттерден бир өзүң жактың.
Түбөлүк сүйөм, сага сөз берем,
Жөлөгүм сенсиң, таалайым, бактым.

Кайырма:

Комментарийлер (82)

04.03.2015. 18:51
 jipara86
Klipbin kutobuz.
04.03.2015. 19:01
 sekelek96
" жакшы кором,туболук!" Не болот эми??? Жакшы ыр экен
04.03.2015. 19:31
 Mavlyuda
Nurlanchik алар Дубайга барган жок. Малайзияга барышты
04.03.2015. 20:55
 bekmurat1992
эмнеси болсода бактылуу болсун сайкал менен, асельге дагы бирнерсеси болор.
04.03.2015. 21:10
 Eraly___
Бир нерсе жетишпегендейбии дейм ырда. Бирок создоры жакшыкен. Ийгиликк.
04.03.2015. 21:39
 Mariyana
Жакшы. ..Чыгармачылык ийгилик!
05.03.2015. 01:21
 Aibiike
Чыгармачылык ийгилик каалайбыз.
05.03.2015. 01:36
 anyw
Кызык калкбыз дует ырдап чыкса эле эки ырчы аларды суйуштуруп куйуштуруп жиберебиз дароо эле.ыр жакшы чыгыптыр ийгилик чыгармачылыгынарга,оркундоп осо бергиле. Ар биринерди бактынар ОЗУ таап келсин издеттирбей эле.
05.03.2015. 01:42
 Qnet
Жакшы ыр экен! Асель дагы, Сайкал дагы болбойт Нурланга.Ага ыймандуу,сабырдуу,оор басырыктуу, шоу чойродон эмес,уйдун куту боло турган,татынакай,жонокой эле кыз керек.
05.03.2015 01:57
Aziyat
Qnet,Туура айтасың.
05.03.2015. 02:14
 aziko88
Мага Асель жагат.Сайкалдын Ошто кандай жургонун билемго.кечиресинер жазбайын дедим эле.
05.03.2015 17:20
goodman02
aziko88,Асель эле аппапакайбы )). Сайкал жакшы кыз между прочим, кантсе да Гулшайыр эжекебиздин кызыда
05.03.2015. 02:14
 gul-bibi9109
Сонун ыр экен жактыго. Эми Нурлан ким менен дует ырдаса эле ошону суйот экенда ээ?! Кимге уйлонсода,кимге тийседа бактылуу болушсун))))
05.03.2015. 05:40
 sergo
Мага Асель вообще жакбайт вот Сайкал реальная девушка если Нурлан Сайкал менен уйлонсо соонун болмок
05.03.2015. 07:14
 Zair_Alimov
Супер ыр болуптур!)
05.03.2015. 07:46
 Cynep
Ырдап койсо эле сразу журду ойлоп аласынарго бул просто дует еле ырдаган
05.03.2015. 09:31
 Nursultan.m.n
асельге кыйын болуптур
05.03.2015. 09:34
 Leili
Бакыт издептирсинер бактылуу болгула
05.03.2015. 11:09
 Aysuluu95
жакшы жакшы. Нурлан байке Сайкал эжени жактырып калган эмеспи?
05.03.2015. 11:11
 dastan_nookat
Мыкты дуэт болуптур!!
05.03.2015. 12:18
 bekali
Админ суранныч САМАРА САБИРОВАНЫН ырларын жүктөп койгулачы баарынанда жарты кайык деген ырын. Алдын ала рахмат...
05.03.2015 12:33
GOLOS
bekali, http://www.super.kg/media/?search_term=САБИРОВА&search_author=0&media_search=1&x=0&y=0
05.03.2015. 12:19
 imany
Qnet эң туура айтасыз. Нурланга экөө тең ылайыктуу эмес. Нурланды түшүнгөн шоу-бизнестен алыс болгон аял заты керек деп мен дагы ойлойм. Эми баарын Нурлан өзү чечет дечи. Бул күйөрмандарынын пикири болду.
05.03.2015. 12:25
 rnurzida
Малайзиядан жакшы эс алып, топтогон дем-күч менен дует даярдашыптыр да. Ыр жакшы экен. А жашоодо Асел эле ылайык го дейм Нурланга.
05.03.2015. 18:30
 Jelmoguz.brat
Экоонуу бир жолу уйлоп койгула эми ырга оз оюнарды калтырсанар ар нерсени айтып тантырай бербей. ырга келсек мага лично жакты азаматсынар
22.03.2015 14:12
Askatbek92
Jelmoguz.brat, Туура айтасын! Ырга ойунарды калтырсанар боло! Алар эмне болорун силер эмес алла таалам озу насип кылат кимди болсо да!!!!Модератор admin_media түзөттү 2015-03-22 16:54:37
05.03.2015. 20:37
 Mariyana
Ким менен дуэт ырдаса сразу эле жактырып калганго дейсинер, тиги пара, тиги пара эмес деп,(тим эле.. )ал Нурландын жеке жашоосу кимди жактырат, кимди тандайт.Ал эми,кыздарга келсек , аларды да жон койбойсунар, тиги жакпайт,тигини билемин кантип жургонун деп ... алар деле адам баласы биздей эле...(идеальный болуп кетесинер).
05.03.2015. 22:46
 omurbek9393
Силерге мне жок деймда адамдар озунун жашоосу бироосун тандап уйлонотда.
05.03.2015. 23:45
 jibek.shami
булар тим эле орустардын непара группасы болуп алыптыр го..туурашып алыптыр да
06.03.2015. 00:10
 azamat2015
чапканкан аттка жеткирбей жеткирбей бара жатты деген ырды ким алдын ала рахмат
06.03.2015. 00:54
 NADUW
Ой Нурлан Аселди жакшы деле корвойт,Асель озу жабышат!А Сайкал молодец
06.03.2015. 06:49
 shurik.95kg
Любоф
06.03.2015. 08:55
 qursy
Койгула бекер эле тануулай бербегиле, Сайкал Нурландан эки эсе здоровый, же болбосо Нурлан ото кичинекей Сайкалдын жанында уруп койсо не болот
06.03.2015. 10:07
 maks94.kb
Сен мен бакыт издедик эн соонун создор камтылган баарыныздар издеген бактыныздарды табыныздар ыр супер
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо