Нурлан Насип, Сайкал Садыбакасова "Бакыт издедик"
03:41
4,21 Мб
Жүктөлгөн: 04-03-2015
Жанр: Поп
Сөзү:Кудрет Тайчабаровдуку
Обону:Нурлан Насиптики
Көчүрүү
  • Currently 4.48/5
(44 добуш)
Бул өмүрдө ак сүйүү бир келет,
Ар жүрөккө бирден түгөй берет.
Ишене бергин жалган жашоодо,
Өзүңдү сүйгөн сезим өзгөрбөйт.

Билемин жаным ишениш керек,
Мындай сезимди жүрөк сезе элек.
Кыялдарымды өзүңө арнайм,
Жакшы тилектер кепилдик берет.

Кайырма:
Сен, мен бакыт издедик,
Тандап кимди сүйбөдүк.
Бакыт дайыма жанаша,
Жүрсө неге сезбедик.

Махабатыбыз ынтымак берсин,
Бакыттын дамын жүрөктөр сезсин.
Сүйүүнүн күчү күн өткөн сайын,
Салкындап кетпей, эселеп өссүн.

Жан шерик издеп, ак сүйүү таптым,
Көп жигиттерден бир өзүң жактың.
Түбөлүк сүйөм, сага сөз берем,
Жөлөгүм сенсиң, таалайым, бактым.

Кайырма:

Комментарийлер (82)

04.03.2015. 14:23
 zman53
Токтогул бутту,эми Ошко сапар!
04.03.2015. 14:28
 mendiba
Жакшы
05.03.2015 17:27
aidar.mirpaizov
админ ноябрьда болгон концерти качан киргизесинер
Комментарийлерди жашыруу
05.03.2015 18:11
admin_media
aidar.mirpaizov, саламатсызбы! Жакында.
04.03.2015. 14:44
 Jenish_kg1
Жакшы экен... Озгочо Малайзиядан келип эле бакыт издегендери жакты))) Ийгилик!
04.03.2015 14:54
damir007
Jenish_kg1,
Олтурдунуз го
04.03.2015. 14:54
 damir007
Базар жооок! Бактылуу болгула! Экоонор бири биринерге тутосунор, кучтуу чыдамкай болуп.
04.03.2015. 15:03
 chiko__89
damir007 базар бар базар толтура

04.03.2015. 15:45
 Nurlanchik
Мынтип ырдаганы жакшыы...бирок Асел Кадырбекова мне болот экен деймдаа??? Дубайга жонотуп экоону бакыт таптырган учун Супер инфого каттаа рахмаат!!! Асел не обижайся девеле)))
04.03.2015. 16:56
 sayakat
башкача ыр деп ойлоп аябай куттум эле бирок...
04.03.2015. 17:26
 dkanu
Сен мен бакыт издедик, Малайзиядан таптыыыык!
04.03.2015. 17:51
 Inwallah88
Асел жакпайт болчу сайкал жакшы кыз бул менин жеке оюм комментарий беруунун кереги жок
05.03.2015 17:17
goodman02
Inwallah88,коммент бере берейинчи)) оа менда ошентип ойлойм, Нурлан Сайкалга эле уйлончу))
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо