Анжелика "Сени ойлосом..."
Жанр:Поп
00:03:59
48,15 Мб
Жүктөлгөн: 16-03-2015


Сөзү:С.Шимеевдики
Обону:Ү.Сыдыковдуку

Сени ойлосом, канат бүткөн көңүлгө,
Бек сакталып жүрөгүмдүн төрүндө.
Таалайымдын жаркыраган жылдызы,
Махабаттын гүлүн терген өмүргө.

Алыс жакта жүргөнүңдө сагынып,
Жалынчумун, жаным, сага кагылып.
Кирпик какпай таң атырам далай түн,
Карааныңды бир көргөнгө зарылып.

Сен унутсаң, мен унута албадым,
Элесиңди көңүлгө бек кармадым.
Менден башка бар турбайбы сүйгөнүң,
Анда неге сүйөм дедиң, алдадың?
  • Currently 3.93/5
(15 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (115)

16.03.2015. 23:46
 nota89
ийгилик! супер супер)))))үнү укмуш,келбет ыооще)))шик шик...үнү алтын,клип өтө кымбат,ырды сонун ырдаптыр,фонограмма ырдаганды жек көрөт,үлгүлүү кыз))))))))ноборот тушунгуло
17.03.2015 10:03
goodman02
nota89,хехе олтурдунго)))
17.03.2015. 00:11
 AMOUR98
Ыр жакшы жазылыптыр бирок клип ырдын маанисине туура келбей калыптыр эгерде клипке жарашыктуу ыр болгондо башка кеп болот болчу. Бул эч кандай коро албастыктан эмес жон озумдун жеке пикирим бирок чындыка туура караш керек да. Дубайга барганда башка олко болгондуктан жакшыраак ойлонуштуруп тартканга шарт тузулбой калды окшойт. Например мурунку клиптери жакшы болчу "Бактылуумун" "Сагыныч" . Клипте тек гана озу болгону ырга жарашбаптыр.
17.03.2015. 00:21
 ajar4ik5
Селфи озунчоле. Клип деп айталбайм. Развлечение. Башка клиптери жакшы .
17.03.2015. 00:23
 sama1212
Красавица. Сыймыктанамго сыймыктанам ушул айым менен.
17.03.2015. 01:35
 SULUU-KYZ
soonun shik!!!
17.03.2015. 02:01
 sezim96
Жакшы укса болот
17.03.2015. 02:08
 rnurzida
Качан бир-эки каарман кошулат экен деп күтө берип, клип бүтүп калды го. Дагы бир аз изденишсе болмок экен.
17.03.2015. 05:01
 aizadaxan
Соз жок. Кыйынды кыйын деш керек Азамат
17.03.2015. 08:26
 uulay
Синдим,озундун унундун диапазонуна туура келген ырларды аткарып чыксан. Аракетинди,эмгегине соз жок.
17.03.2015. 09:01
 Erkekterdin-erkegi
ХХХ бир артист учун тытыша бербегилечиМодератор admin_superstan түзөттү 2015-03-17 12:20:56
17.03.2015 12:21
admin_superstan
Erkekterdin-erkegi, коомдук адепке туура келбеген билдирүүңүз үчүн 3 күн БАН!
17.03.2015. 10:58
 Oi_pikir
Ырдын текстин, маанисин кичине тушүнүп алып ырдаса боло! Алыс жакта жүрөгүңдө сагынып деп ырдап атат... Алыс жакта жүргөнүңдө сагынып, жалынчумун... деген маанини түшүнүү үчүн көп деле акылдын кереги жок го?
17.03.2015. 11:45
 tebessum
Bul yrlar kyrgyzdyn klassikalary. Oto biyik jana professionalduu un talap kylat. Barky kete tushkondoi. Original versiyalary jakshy ugulchu ele
17.03.2015. 12:08
 Bili
Уну таакыр эле жетпей калыптыр бул ырды Султан Садыралиев ырдаса жарашат
17.03.2015. 12:09
 Aksy-13
атайын Дубайга барып ушул клипти тартып росход кылганына ичим ачышты жалко ошончо акча, башкачарак кылып тартса болмок клип буткучо жадайсын экен зеригиштуу, идея деле жок чол менен эле Анжелика болду начар клип жакпады Дубайдын кооз жерлеринде суйгону менен ажырагандай же таштап кеткендей кылыш керек эле клиптин идеясы боюнча
17.03.2015 23:32
gulmi
Aksy-13, андай видеолор толтура,бул жакшы идеа коро билген адам учун,бирок уну тууралуу сынга кошулам,эски ырларды ырдабаш керек экен,жаны ырлардан унун анча эмеси экени билинбей калат.
17.03.2015. 13:25
 nur.
Клипти эле корбосо ун деген ноль. Кайран клип Юлияга окшошойун дегенго.
17.03.2015. 15:37
 erika8982
КРда деле талаа тус он дон топурак толтура го кечке эле топуракка оонай бериптир да оозуна чан кирип олду гоо, клипте анжеликаны карап эле суктанып олтура бере турган болуп калыптыр, андан коро озубуздун кооз жаратылышыбызда тартса тоо таш суу бак дарак аралашып бир аз кызыктуурак болмок белеее...
17.03.2015. 16:20
 spacegirl
Жакшы ырды бузуп салыптыр. Клибинин маанисин аппак сууйуго окшоштурдум жана да клондогу Жадинини туураптыр Эрнист Сыдыковдо жакшы идеялар калбай калды окшойт. Дубайга барып бир ок менен эки коенду атып келиптир.
17.03.2015 23:28
gulmi
spacegirl, анжелика эмне кылса бироого окшошпойт?таптакыр сындайт десе аша чабасынар да.Дубай шаарынын озундо тарса самара каримованын видеосуна окшошуптур демексинер,кол жээгинде тартса мирбек атабековго окшоштуруптур дейсинер,деги окшошпоз учун каяктан тартыш керек?чол болгондон кийин арабча кийинет да,же чолдо улуттук кош этек койногун кийип алсынбы?
17.03.2015. 17:42
 batma1996
скучняк клип болуптур Анжелика

17.03.2015. 19:20
 4agylgan
Клиптеги идеяны Анжелика озу жаратса керек. Балким Юлиянын клибин коргон эмес. Анжелика сулуу айым, клип да жакшы тартылган окшоштуктар албетте боло берет да, унуно сын айтуудан алысмын.
17.03.2015. 19:58
 Aselya_9105
Мен не демекчимин, клип жакшы. "Анжелика жакпайт"- деп комментарий жазган айрым корормандар, жакпаса неге ачып коросунор, каршы отуп кеткенге болбойбу? Азыркы кээ бир ырчыларга рахмат айтышынар керек, эски ырларды унутта калтырбай жандандырып жаткандарына! Озунор бир ырды, обонду курай албай же созо албай, анан башкаларга тийише берген болбойт, ошондой эле сын айтып калыптырсынар, чыккылачы сахнага...
17.03.2015. 21:49
 APMAH
Ушул ырды ким ырдайт эле мурун анжеликадан башкп .
17.03.2015 22:23
Tukeler
APMAH,ЭЛЕС тобу,Салтанат Аширова ырдайт
17.03.2015. 23:49
 Samat.A.A

Клип жакшы класс, тим эле укмуш десек, кудайга да жакбайт. Ушудан көрө, өзүбүздүн бийик тоолордо тарса жакшы болмок, чолдо тартбай. Ошол үчүн айтат да, жакынкы суунун баркы жок деп. Эмне дейбиз аман болсун! Бир клип кошуп алыптыр эмнеси болсо да))))))
18.03.2015. 07:18
 melek1
ar kim oz iun aitkanga ukuktuu.birok anjelikada baaryy bar ak4a,atak dank,suluuluk,ui bulo,ata ene,kyzdary,janynda koldo turgan jakyn joldowu,biznesi,kolunan koru togulgon dizainer bul jawoodogu baktyluu aiymdardyn biri.bul baktyluulukka jetiw u4un da kancha emgek kylgan.myndai aiymdar azyrkyzamanda az kezdewet.myndai jaman sozdordu anjelikanyn dengeeline jete albagan ichi taar adamdardyn gana oozunan 4ygat!!klipke toktolsom en jogorku dengeelde.sapaty jagynan da akterduk cheberchilgi jagynan da
18.03.2015. 07:22
 melek1
''DUBAİGA JON BARBAİ KLİP TARTTYRYP KEİPTİR''-dep ichi kuigondor tuz jalagyla!!!!!!!!eje ech konulunuzdu tuwurboi alga umtula beriniz dagy kop kop janylyktardy kutobuzz....
18.03.2015. 09:07
 Ali94
Соонун болуптур
18.03.2015. 09:36
 GULYA5555
Озун реклама кылгандай болуп калыптыр негизи еле мактанганды жакшы горот Ажелика ХХХ ХХХ гийим тигиип еле иштей берчи Модератор admin_media түзөттү 2015-03-18 09:42:26
18.03.2015 09:42
admin_media
GULYA5555,
Аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат! 3 күн банга!
18.03.2015 11:55
amanatym
GULYA5555,озун жазганды уйронуп алсан болмок экен Гийим дебей анан бироого соз суйлосон жарашчудай.анан аябай эле кыйын болсон сен да чык ырда ГИЙИМ тик
18.03.2015. 11:53
 amanatym
комментарийлерди окуп элдерде аябай ич тар, коралбастык деген нерселер коп экен. Силерден бир нерсе кетип жатабы? жакпаса корбогуло.
18.03.2015. 13:01
 Daryika00
Анжелика эже азаматсыз! Клип да, ырда жакшы чыккан. Ал эми озубуздун тоо, таштарда тартса болмок дегендер ,озубуздун кооз,жакшынакай жерлерибизде тартылган клиптери бар.Бул да болсо озгочо клип болгон.
18.03.2015. 13:54
 Qnet
Буга чейин тартышкан,мындан ары да тарта беришет чолдо!Юлияны туурады десенер,анда Юлия да мин деген дуйно жузундогу ырчыларды туураптыр!
19.08.2015 00:04
Ruslan-83s
Qnet,Айым Айылчиева, Аяна Касымова ларга салыштырмалуу таланты ото томон, Аяна Касымова жана Айым Айылчиеванын ырларын хит парадка киргизиш керек, келгиле бул жаш ырчыларды колдойлу
18.03.2015. 13:58
 Qnet
Силерге созсуз эле ырдын маанисине карап,кайгылуу бир клип тартыш керек эле да,а бирок мындай классика ырыбызга эн эле топ келген клип болуптур,ашыкча ызы-чуусу жок.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: