Нооруз Алымбаев "Сагындым сени"
03:28
6,34 Мб
Жүктөлгөн: 04-05-2015
Жанр: Поп
Сөзү:Самат Уланбековдуку
Обону:Самат Уланбековдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.39/5
(23 добуш)
Таңда, кеч эңсеп өзүңдү,
Тамчы жаш чайкап көзүмдү.
Сагынамын, сагынамын.
Ойлонуп сенсиз тура албай,
Оюмду сенден бура албай.
Сагынамын, сагынамын.

Кайырма:
Кайдасың?
Кайдасың, азыр кайдасың?
Кай жерде, кандай жайдасың?
Санаага батып, зар болуп,
Сагындым, сени сагындым.
Кабарың айтчы барайын,
Карааның издеп табайын.
Кайгыга батып зар болуп,
Сагындым, сени сагындым,
Сагындым, сени сагындым.

Убакыт өтсө, күн өтсө,
Уйкусуз, сенсиз түн өтсө.
Сагынамын, сагынамын.
Ай жылып, батып баратса,
Агарып жаңы таң атса,
Сагынамын, сагынамын.

Кайырма:

Комментарийлер (61)

04.05.2015. 10:48
 dastan_nookat
Алга!! Нооруз эн мыкты ырларды жарата бер!!
04.05.2015. 10:58
 AshatMJ89
Соонун!
04.05.2015. 11:24
 missO
ииий күтүп жаттым эле ушул ырды. Молодец!!!
04.05.2015. 12:12
 Alisher
Jaksi ukkuluktuu ir boluptur,Iygilik.
04.05.2015. 12:13
 Oi_pikir
Оранжировка жакшы жасалыптыр. Үнү да жакшы экен, бул баланыкы. "Көк жөтөлү" менен баа бериш кыйын болчу. Мына, өзүнүн ырынан байкаса болот, уга турган, эсте кала турган ырларды алып чыга алат экен. Жакты. Аягына чейин уктум.
04.05.2015. 12:34
 moskva.slezam.neverit
Бул ырды мурун ким ырдайт эле?Эгер билсениздер айтып коюнуздарчы.
04.05.2015 12:54
akzuura
ma.slezam.neverit,кайыргул деген ырчыгыг кайдасын деген ырына окшош экен создорун бурмалаганы эле болбосо
04.05.2015 20:19
i_am_simple
moskva.slezam.neverit,жазылып туратго,самат уланбеков деп
04.05.2015. 13:02
 Jakusya
Сагынамын, сагынамын... деген сөздөр кайталанып жатканы жакты... Кок жотолго жетпептир, но жакшы ыр)))
04.05.2015. 14:40
 KGmix
Жакшы ыр болуптур, азамат Нооруз
04.05.2015. 15:41
 sekelek96
Алга,Нооруз! үнүң тунук
04.05.2015. 17:45
 Jelmoguz.brat
Нормально
04.05.2015. 18:30
 maks94.kb
Ырды бузуп салыптыр бул ырды самат уланбеков соонун ырдаган болчу но азамат аракет кылган бирок мага жакбады
04.05.2015. 21:46
 damir11
эки жыл алдын уккам.биринчи аткаруучуга жетпейт барибир.
04.05.2015. 22:57
 Cholponnur.
самат уланбеков ырдаган версиясын жуктоп койунуздааарчы сураныыыыч админ???
05.05.2015 02:58
semakg
Cholponnur., Мен жуктойм кочуруп ал.
04.05.2015. 23:48
 Xperiaedil
Ийгилик дагы да
05.05.2015. 00:27
 san4ik.B
Ааайййиииииййй ушундай да ыр болот бекен.менин кутуп жургондой ыр года.суппппперррр соз жок!!!!!
05.05.2015. 01:09
 jazira_92
Адашпасам мурда Замир ырдаганбы?
05.05.2015. 01:41
 Bili
Мммм журоко жетет.......
05.05.2015. 02:50
 AiNuR_777
Бул ырды суйуп угат элем башка бироо ырдайт болчу. Бирок Ноорузга жарашыптыр сонун ырдаптыр. Эх бактылуу коз ирмемдерди эстетет да ушул ыр...ийгилик сизге.
05.05.2015. 02:59
 semakg
Самат Уланбеков озу сонун ырдайт. ишенбесенер угуп салыштырып коргуло.
05.05.2015. 05:59
 kychkyltek
Бали,мына ыр деп ушуну айтыш керек.Ырчынын үнү ачык экен.Демек келечеги ачык.Нооруз бизге сендей таланттар керек.Бизди Көк жөтөл менен коркутпай ушундай ырларды алып чыга бер.
05.05.2015. 10:24
 erkekyz22
Самат Уланбеков ырдаганын ушул жерден кочуруп алсанар болот http://www.super.kg/mobile/media/useraudio/94835/
05.05.2015. 12:09
 Elnuram090
сонун ырго а?
05.05.2015. 13:11
 suiuktuujar
Жакшы ырдаптыр бирок мурункусуна жетпептир.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо