Нурлан Насип, Бегиш "Ысык-Көлүм"
03:27
3,16 Мб
Жүктөлгөн: 11-07-2015
Жанр: Поп
Сөзү:Жылдызбек Турсунбаев, Кундуз Качкынбаеваныкы
Обону:Нурлан Насиптики
Көчүрүү
  • Currently 4.48/5
(21 добуш)
Бүтпөйт го эч качан иш деген,
Жүргүлө көлүмө биз менен.
Эс алуу жээгинде эң сонун,
Эңсөөнү табасың издеген.
Толкуну Ысык-Көлүмдүн,
Толкутуп турат өмүрдү,
Ыр-бийге толуп шаңданып,
Ар бир күн өтөт көңүлдүү.

Ысык-Көлүм, Ысык-Көлүм,
Кучагын жайып чакырат, го.
Ысык-Көлүм, Ысык-Көлүм,
Жээгине баарын батырат, го.
Ысык-Көлүм, Ысык-Көлүм,
Жүрөккө сүйүү толтур да,
Ысык-Көлүм, Ысык-Көлүм,
Жаныма кубат толкундар.

Ач чардак көл үстүн айланып,
Ажары күү болуп чертилер.
Ак кеме үн салып айдалып,
Азгырат чиркин, сымбаттуу селкилер.
Кыз-жигиттер жээктеги.
Кыналып бүтпөйт кептери,
Ырахат менен куурчалган,
Ысык-Көлүмдүн кечтери.

Кайырма:

Аба ырайы күн ысык кезде,
Керектүү буюмдарды тезден,
Чогултам мен, чогултат досторум.
Баарыбыз көл жээгинде бирге таңды тоскону,
Нурлар менен кубат алып, позитивди кошкону.
Баратам Ысык-Көл, керемети Салкын-Төр,
Калды саналуу мүнөттөр,
Сүйүнүч бардай жүрөктө,
Өтүп нечен чакырым, жай, ылдам, акырын.
Кирип келдик Ысык-Көлгө,
Жанымда бар жакыным.
Ысык-Көл керемети, кыргызымдын бермети.

Байлыгым Ысык-Көл,
Балуу, сыймыгым Ысык-Көл.
Келер дарегим Ысык-Көл,
Көрөр карегим Ысык-Көл.

Комментарийлер (47)

11.07.2015. 02:49
 miki11
Жакшы. Укса боло тургандайго.
11.07.2015. 03:05
 sama1212
Жакпады
11.07.2015. 04:00
 Jenish.95
Jakshy
11.07.2015. 05:33
 asanchik
жакпады
11.07.2015. 05:33
 asanchik
бул ыр сати казанова,арсениум ырдаган до рассвета деген ырды которуп койуптур
11.07.2015 17:27
KG_01
asanchik,туура
15.07.2015 09:45
meder.aralbekov
asanchik,койчу ай!!!! ото жанылышып жатасынн!1 кооой антпе иничек!!!
11.07.2015. 10:47
 bakaiBBBB
жакпайт
11.07.2015. 12:47
 chonkurulush
Жакпады
11.07.2015. 14:44
 Koshaly
Мен кутткондой болбой калыптыр
11.07.2015. 17:24
 dastan_nookat
Азаматсынар мырзалар!!
11.07.2015. 19:16
 Ulukbek_mirza
жакпады воще
11.07.2015. 22:23
 mirlan15
Такыр болбойт!
11.07.2015. 23:03
 maks94.kb
нурлан мактоону кото албады сыягы жанып кайра очуп барат улам улам кайра тажатма ырлар менен тажата баштады жана тоого чыктым кайра туштум кайра чыктым кайра туштум дегендей коёондой окшош саптар меген кайталап жатып барат мурда ар бир урун суйуп уксам азыр такыр укум келбей барат
12.07.2015. 03:22
 kuba01
Айта берет баары эн жакшы чыгыптыр деп айталбайм кечир Нурлан мырза Бегиш кичине жакшыраак ырдаптыр Бегиш кошулбаганда ыр олмок!!!
12.07.2015. 07:16
 Rasul_Rahmanaliev
сонун замандап ыр!Ийгиликтер болсун))
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо