ДОБУЛБАС тобу "Биздин айыл"
04:57
4,52 Мб
Жүктөлгөн: 11-08-2015
Жанр: Поп
Сөзү:М.Осмоновдуку
Обону:М.Осмоновдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.65/5
(23 добуш)
Айланасын тоолор курчаган,
Кайда жүрсөм эстен чыкпаган.
Биздин айыл жердин сулуусу,
Жылда барсам, жылда суктанам.

Кайырма:
Биздин айыл – биздин сүйүүбүз,
Береке көп, толо үйүбүз.
Айланайын, менин айылым,
Түбөлүк сага калат сүйүүбүз.

Шылдыраса тоонун булагы,
Көңүлүмдүн канат кумары.
Ыйык туткан биздин айылдын,
Өчпөсө экен дайым чырагы.

Кайырма:

Ыйыктыгың сенин билемин,
Дайым таза сага тилегим.
Алыс жакта иштеп жүрсөм да,
Сен деп согот дайым жүрөгүм.

Кайырма:

Комментарийлер (35)

11.08.2015. 20:29
 Aimeerimka
Сонунго Айылымды сагындым.
24.08.2015 14:14
nmposta
Aimeerimka, ayulga kettik
12.08.2015. 00:10
 joker007
Молодцы жакшы ырдашыптыр.Салима Балтаева да ырдаса керек эле,бирок ага караганда балдар жакшы ырдаптыр.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо