Коом жана турмуш: "8 жыл үйдө бидонго заара кылып, заңдап жашадым" дейт күйөөсүнөн зомбулук көргөн айым
00:15:18
143,93 Мб
Жүктөлгөн: 14-08-2015


Автор:Гүлжамал Полотбек кызы
Оператор:Эрмек Райымбеков

«КҮЙӨӨМ МЕНИ ЗОРДУКТАП, ТЕРИДЕЙ ИЙЛЕП САБАЙТ»
"8 жылдан бери күйөөм мага физикалык, психикалык, сексуалдык зомбулук көрсөтүп келет. Өзүмдү түрмөдө отургандай эле сезем" деген Айзада Мырзалиева Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунан Бишкек шаарына качып келгенин айтат. "Эми жолдошумду мыйзамдын негизинде жазалатыш үчүн бүт күчүмдү жумшайм" деп кошумчалаган айым 18 жашында Акматбек Желдеңовго турмушка чыккан экен. “Жолдошум чогуу жашаганыбызга 3 ай боло электе эле кол көтөрө баштаган” дейт. Анда эмне үчүн ал ушул убакка чейин чыдап жүргөн? Чын эле ага күйөөсү зордук-зомбулук көрсөткөнбү? Төмөндөгү видеорепортаждан көрүӊүздөр.
  • Currently 5.00/5
(2 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (52)

15.08.2015. 04:29
 Meerima.Majitova
Э Аллах адамдар не гана болуп бара жатат коруп жатып коркуп да кеттим
Ойго ар нерсе келет экен.Аллахым балдарыныздын омурун узун кылсын,антип кор болгндон коро эри жок эле жашаганыныз он
Озунузго ден соолук берсин
15.08.2015. 09:23
 suiuu09
Иий угуп отуруп ыйлап да алдым..Мындай нерсе кооп уй-булодо бар.Аялдар мындайды уялганынан жашырат коркот.Айтабериш оной...бирок бул абдан оор нерсе ушундай эркек менен жашоо...
15.08.2015. 10:40
 zolushka77
Кап бекер айтып атасын кыздарын эртен куйоого тийсе создору калта болуп калат.Супер жок дегенде сексуальдык зомбулугун кыскартып корсотпой койсонор болмок .Ачуулука алдырып атат да
15.08.2015 15:37
mirlan15
zolushka77, ушу силер кандай адамсынар , тушунук барбы деги эгер аларын айтпаганда , бул жакта такыр башкача коментарийлер болмок , чыдаса болмок деген сыяктуу эчким билбей калмак эшектин жоругун , бизде именно ушундай коп нерсени калайык калктан жашырып айтылбай калат, анан кантип азаят ? Ошондуктан баардыгы толук жазылышы шарт!
15.08.2015. 11:21
 bosmos777
Тообо! Жараткан сактасын!
15.08.2015. 12:31
 MIRAN
Жашырганда эмне,8жыл эмес мен 8кунго чыдамак эмесмин.Байкуш балдары аман эсен чоноюп кетсин.
15.08.2015. 12:42
 meka_060790
Ииий байкушум,жаман болуп кеттим эмне 8жыл куурап журдунузкен,азыр жалгыз бой деле аялдар балдарын тыпырайтып баккандар жок эмес
15.08.2015. 13:20
 nurzada78
Сексуальный манях,мындай эркек менен жашагандан коро,жалгыз бой жашаган жакшы,эркексиз деле беш,алты баланы тарбиялап остурот аялдар!Аял озун ойлосун,балдарынан да!Балдарым атасыз калат десе,анда ал аял куйоосунон зомбулук жеп оорукчан болот бир куну!
22.08.2015 23:43
Nurluujan16
nurzada78,чын эле сексуальный маняк окшойт! Соо киши мынчалыкка барбайт! Же жин кирип кеткенго!
15.08.2015. 15:13
 aqua.94mema
Видеосун коруп зеенин кейийтго кишинин ... Байкуш аял чындап эле жашоодон артта калыптыр ... Беш баласы мотурайып турса кантип эшике чыгарып коет тооба ....
15.08.2015. 16:09
 kirgizstan
Эх турмуш кыйын белен чечилбеген
Адам барбы жолдорунда эзилбеген
Айтчы неге, мынча татаал болбосон
Боорун ачып адамзатын ойлосон
15.08.2015. 16:50
 ilknur_95kg
Мындан ары да аракет кылса баары жакшы болот. Сабыр тилейм.
15.08.2015. 16:57
 akus
супер аягын дагы кутобуз сиздерден
15.08.2015. 18:20
 AIZAD
Супер инфо канчалаган адамдарга чоон умут, куч кубат. Бар экенинерге шугур! Рахмат! Дагы да болсо силердин жардамынар менен бул аял, деги эле зомбулука кабылгандардын жашоосу онолот деген умуттомун!
15.08.2015. 19:58
 elli_88
ХХХ ХХХ Ушунча да кордойбу балдарынын энесиго кантсе да.Ий эмнени айтып жатам бул жада калса балдарын ойлобойткен соз жок. Модератор admin_media түзөттү 2015-08-17 09:50:18
17.08.2015 09:50
admin_media
elli_88, Biinura,
Эскертүү! Кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынат!
15.08.2015. 21:08
 burulsun33
Ошол эч жака чыкпай,эч ким менен суйлошпогон учун беш баланы удаа торогон да.Канча кечирим сураса да барба.
15.08.2015. 22:37
 bei
Kaira barsan olturup koet go baikushtu( albette mundai nerseden saktasun). Barba, ar bir balanun oz yryskysy bar Kudai den sooluk berse, bolot baaru. Erten baldarun chonyup ketet. Sen kalasun oshol jerde omur boyu tayk jep kuurap. Kuioo degen tabulat. En birinchi ozundu myndai azap jashoodon birotolo arylt.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Саясат
Cоңку кабар
Коом жана турмуш
Саясаттагы соттук иштер
Маданият, шоу-бизнес
Кылмыштар, кырсыктар
Спорт
Супер-Инфо
Пайдалуу кеңеш
Түркүн дүйнө
Жылмайып коюңуз
Пресс-Борбор
Жан дүйнө
Эмгек жарчысы
Көз караш
Шайлоо-2020
Бизнес-инфо
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: