Нурлан Насип, Бегиш "Ысык-Көлүм"
Жанр:Поп
00:03:23
35,53 Мб
Жүктөлгөн: 25-08-2015


Сөзү:Жылдызбек Турсунбаев, Кундуз Качкынбаеваныкы
Обону:Нурлан Насиптики

Бүтпөйт го эч качан иш деген,
Жүргүлө көлүмө биз менен.
Эс алуу жээгинде эң сонун,
Эңсөөнү табасың издеген.
Толкуну Ысык-Көлүмдүн,
Толкутуп турат өмүрдү,
Ыр-бийге толуп шаңданып,
Ар бир күн өтөт көңүлдүү.

Ысык-Көлүм, Ысык-Көлүм,
Кучагын жайып чакырат, го.
Ысык-Көлүм, Ысык-Көлүм,
Жээгине баарын батырат, го.
Ысык-Көлүм, Ысык-Көлүм,
Жүрөккө сүйүү толтур да,
Ысык-Көлүм, Ысык-Көлүм,
Жаныма кубат толкундар.

Ач чардак көл үстүн айланып,
Ажары күү болуп чертилер.
Ак кеме үн салып айдалып,
Азгырат чиркин, сымбаттуу селкилер.
Кыз-жигиттер жээктеги.
Кыналып бүтпөйт кептери,
Ырахат менен куурчалган,
Ысык-Көлүмдүн кечтери.

Кайырма:

Аба ырайы күн ысык кезде,
Керектүү буюмдарды тезден,
Чогултам мен, чогултат досторум.
Баарыбыз көл жээгинде бирге таңды тоскону,
Нурлар менен кубат алып, позитивди кошкону.
Баратам Ысык-Көл, керемети Салкын-Төр,
Калды саналуу мүнөттөр,
Сүйүнүч бардай жүрөктө,
Өтүп нечен чакырым, жай, ылдам, акырын.
Кирип келдик Ысык-Көлгө,
Жанымда бар жакыным.
Ысык-Көл керемети, кыргызымдын бермети.

Байлыгым Ысык-Көл,
Балуу, сыймыгым Ысык-Көл.
Келер дарегим Ысык-Көл,
Көрөр карегим Ысык-Көл.
  • Currently 4.38/5
(16 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (42)

25.08.2015. 11:02
 dastan_nookat
Оо Клип мыкты го !!
25.08.2015. 11:13
 jalyn93
Жакшы клип супер
25.08.2015. 11:28
 nurgultoktogul
Жердеш азамат
25.08.2015. 11:30
 burulai94
молочик сонун чыгыптыр
25.08.2015. 11:42
 jazgul80
Жакпады аракет кыллбай эле кой быйыл супер клип мырза Данияр менен Дайыр болот. Досторуна да бер. Жылдын мырзасын клипин.
25.08.2015. 11:53
 daniel87
Азамат ушундан жазба
25.08.2015. 13:35
 aza22
Ysykkol degen soz ayabay kop koldonulgan, klip da ancha emes
25.08.2015. 14:42
 strangergirl
жакшы клип болуптур
25.08.2015. 17:26
 Geroy
Жамгырдан сон чыккан козу карындай клиптерден тажадым.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: