Мирбек Атабеков "Мөлмөлүм"
Жанр:Поп
00:03:06
30,92 Мб
Жүктөлгөн: 07-09-2015


Сөзү:Барпы Алыкуловдуку
Обону:Барпы Алыкуловдуку

Беттин көркү нур менен,
Белдин көркү кур менен.
Биз сүйгөн сулуу Мөлмөлүм,
Белгилүү болсун ыр менен.
Эки илебиң кызыл гүл ачылгандай, Мөлмөлүм.
Бир карасаң жүрөккө от
чачылгандай, Мөлмөлүм.
Маңдай чачың Маргалаң
жибегиндей, Мөлмөлүм.
Сенин ышкың баланын
тилегиндей, Мөлмөлүм.

Өтүмдүүсүң Өзгөндүн
күрүчүндөй, Мөлмөлүм.
Созулганың зергердин
күмүшүндөй, Мөлмөлүм.
Майиндигиң жоргонун
жүрүшүндөй, Мөлмөлүм.
Гүлзар кылчы жүрөктүн
какшып жаткан чөлдөрүн.

Күйдүм, Мөлмөл, аппагым,
Ааламдан сендей таппадым.
Издеп-издеп күн-түнү
"Мөлмөлүм!" деп какшадым.
Секин баскан бутуңдан,
Сейдана мончок жытыңдан.
Кадам койгон бутуңдан,
Калемпир мончок жытыңдан.
Чыныга куйган бал болсоң,
Чымындай ага малынсам.
Чыга албай жатып ошондо,
Чын өзүңө багынсам.
Чыгарып койсоң боор ооруп,
Чырагың болуп жагылсам.
Алты оролуп мойнуңа мен,
Ак маржан болуп тагылсам.

Берейин десем малым жок,
Мал табууга алым жок.
Кедейликтин дартынан,
Тышым жалын, ичим чок.
Бирок да мунун баарына
Карабайт экен көңүл шок.
Көрүнүп койсоң бир жолу,
Булуттан чыккан айга окшоп.
  • Currently 4.73/5
(30 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (68)

07.09.2015. 17:50
 dastan_nookat
Мега жылдыздан мыкты клип!
07.09.2015. 18:39
 obon
Азамат
07.09.2015. 18:51
 alimyrza93
дурус дурус ))
07.09.2015. 19:55
 marty77
Ушу бала барган сайын өзүн кыйын сезип звезда болуп баратат. Үнү сонун бирок жөнөнкөй эле болсо жакшы болмок.
07.09.2015. 20:02
 KAN.ABI
Молмолум + кара жорго болуптурго
07.09.2015. 20:23
 beben
Ырдын кээ бир саптарын алып салыптыр уялган окшойт жигит кыскасы жаккан жок
07.09.2015. 20:27
 danasailya
tubasa talanty bar Mirbektin kudai uzun omur berse dagy dagy hit obondordu jarat alga Mirbek
07.09.2015. 21:09
 Nur0701
Sonun maga jakty,Atabekov mega zvezda!
07.09.2015. 22:40
 elli_88
Аябай эле мактап жибердинерго. Билбейм мага барган сайын герсейгендей сезилип жатат. Жерге туш Атабеков)
08.09.2015. 00:15
 optimistka
Жап жакшына эле. Мирбекте бир башкача (не обычный) талант бар. Копчулук ырчылар ырдай албаган ырларды ырдайт , байкап корсонор. Вокал жактан аябай кучтуу ырчы. Мен ушуга чейин бир да корбодум, Мирбектин бир да ырын хит болбогонун. Кайсыл ырды ырдабасын, популярдуу болот ошол ыр... ( бул менин жеке оюм).....
08.09.2015. 00:32
 Abdyrashit.Satylganov
Бүткөн ишке сынчы көп дегендей эле... Мен да өз оюмду билдире кетейин...
Чынын айтсам.. Клип бүткөнчө.. Башым ооруп..мээ чачырап кетейин деди...
Ырга жараша клип тартса болмок... Ырда жөнөкөй жигит "Мөлмөлгө" өзүнүн бай эмес экенин айтып жатат.. Бирок клиптен жөнөкөй жигит көргөн жокмун...мода көргөндөй эле болдум.
08.09.2015. 00:36
 Abdyrashit.Satylganov
Акыркы учурларда ырчылардан жакшы ыр же жакшы клип күтпөй калдык.. Баары эптемей... Мурда клип көрсөң көргөндөй болучсуң.. Азыр бүткөнчө шашасың..
Бул клип слайд шоу го окшоп калыптыр.. Дагы дагы изденсе болмок.. Бир укканга, бир көргөнгө жарайт
15.09.2015 22:15
bosmos777
Abdyrashit.Satylganov,Кыргыздар бир аз ырларды жаныртып кое берсин! Бир укканга, бир көргөнгө жарайт! Мирбек изденип эле ырдайт!
08.09.2015. 01:50
 aika_luna
Klip otluchnyi I ispolnil ee Mirbek kak vsegda klassno, I Rahat krasivaya , s etim ne posporish, ocenivayu na otluchno
08.09.2015. 04:20
 Maks_shop
Кыздар жакты мага
08.09.2015. 09:20
 Nazmirjaz
боор ороооп дейтго бир окшошсо олойун кичинеее ырдын созуно карап маанилууроок клип тартса жакшы болор беле деймда слайд графика деп эле жатып калышты клипмейкерлер
08.09.2015. 10:30
 barpynynkyzy
Кайран гана "Молмолум"((( Барпы атам укса, ыйламак гоооо;-((
08.09.2015. 11:53
 samaro4ka
кичине ырдын маанисине карап клип тартса болмок
08.09.2015. 12:00
 mendiba
Кара жоргого окшоп калыптыр
08.09.2015. 12:05
 formula12
Супер
08.09.2015. 16:16
 Bek94
жакшы клип болуптур маанайды которо турган
08.09.2015. 16:49
 uli95
Ырдабаган ырчы калбады окшойт..
08.09.2015. 17:08
 suidum.96
Бул клип Рахаттын багын ачкан го,сюжети деле жок.бирок жакшы ырдалыптыр
08.09.2015. 19:25
 lady.girl7997
жетт лиге окшоштурамда ушуну
08.09.2015. 19:38
 rnurzida
Өзү таланттуу ырчы, бирок ушул ырды өз жайына эле коюп койбоптур да. Ырдаганы да, клиби да окшобоптур. Буга караганда Мирбек Иманбеков жакшына ырдаган экен. Эски ырларды заманбап стилде ырдагыча, жаңы ыр жаздырып ырдагылачы, байкуш ырларды кыйнабай. Ырдашса же кыйратпай, же жөн койбой улуу инсандардын улуу өчпөс-өлбөс ырларын...
08.09.2015. 20:07
 Aikyn93
фотосессия болуп калыптырго
08.09.2015. 20:28
 atai9292
Ушул ырды ырдабаган Мирбек эле калды эле ырдабай эле койбоптур. Мирбектен мындан жогорку денгеелде ыр кутком жеткире албаптыр чиркин
09.09.2015. 00:48
 World_of_tanks
Атын чыкпаса жер ортто болуп жататко дейм бул ырчыга караганда Мирбек Иманбеков жакшы жеткире ырдаган эмне ыр таппай кайра СССР маалына кйтканго ырчылар э туугандар биз озгордук коом озгорду ырды кайра бууп койгон музыкасы кайра комуз менен отто жакшы уккулуктуу болчу бул эмне деген шумдук.
09.09.2015. 08:50
 guzel_
Клиптеги кыздар окшобой калган.кыргыздын нукура сулуу кыздарын тартпаптыр .коп боенуп алган.
31.08.2016 23:01
Sharos3
ХХХ ХХХ атабеков жакшы ырды бузуп коюптур,
Иманбеков жакшы ырдаганМодератор admin_media түзөттү 2016-09-01 11:18:39
01.09.2016 11:19
admin_media
Sharos3, кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынат!
09.09.2015. 09:42
 Nagi-s
Мага аябай жакты......
31.08.2016 23:05
Sharos3
Nagi-s,
Силерге айла жокда эми жаман ырдаса деле жага берет
09.09.2015. 10:08
 Zubi91
Мирбек алдыга сонун сонун биз бул ырды кечке жыйырм ирет угабыз.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: