Анжелика "Балалыгым"
Жанр:Поп
00:03:14
61,54 Мб
Жүктөлгөн: 26-10-2015


Сөзү:К. Урманбетовдуку
Обону:Р.Бейшеналиеваныкы

Жамгырда чуркап жүргөнмүн,
Жадабай ойноп-күлгөнмүн,
Карлыгач болуп учканбы, балалыгым.
Баягы тунук жок сезим,
Каякта калды шок кезим,
Кайрып бир алар күч барбы, балалыгым.

Кайырма:
Канча самаганга карабай,
Кайра боло албайбыз баладай.
Эми балам чуркап жамгырда,
Мендей ойноп-күлөт жадабай.

Ажайып күндүн биринде,
Акырын мага билинбей,
Качтыбы алтын балыктай, балалыгым.
Асманың ачык чайыттай,
Алыска кетпей, чалыкпай,
Жүрө бер жайнап бактылуу, балалыгым.

Кайырма:
Канча самаганга карабай,
Кайра боло албайбыз баладай.
Эми балам чуркап жамгырда,
Мендей ойноп-күлөт жадабай.
  • Currently 4.06/5
(17 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (32)

26.10.2015. 12:56
 snejinka
Энелерибизге таазим! Эзилип кеттим-сонун клип!
26.10.2015. 12:59
 Asel-91
Боюнда бар аял кандай сулуу! Бактылуу балалыкты тартуулаган энелер бар болушсун! Клип сонун!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: