КЕҢЕШ тобу "Жаккым келет"
Жанр:Поп
00:04:46
60,96 Мб
Жүктөлгөн: 27-10-2015


Сөзү:Замир Казакбаевдики
Обону:Мүзүр Мамбетовдуку

Мен сага арнаганы,
Гүлдсте тандаганы,
Баратам көңүл шайма-шай
Кыялдар орундалып,
Чуркасам жолум тарып,
Сүйлөсөк экен жайма-жай
Өзгөнү көзгө илбей,
Таманым жерге тийбей,
Баратам сага жакканы,
Алгачкы, акыркымды,
Бир келген бакытымды,
Баратам сенден тапканы.

Кайырма:
Жамгырда, жаанда калып,
Гүлдесте кармап алып,
Келе жатканын карачы.
Жылмайып койбодуң да,
Суу болгон колдоруңда,
Канча гүл даана саначы
Жөн эле койсоң болмок,
Көңүлүм ансыз тоймок,
Өзүңдү көргөнүм жетет.
Сүйүүнүн мааниси бар,
Жөн эле бере бербейт,
Гүлдүн да кадыры кетет.

Так санды болжогонмун,
Алганда ойлогонмун,
Түгөйү менен болсо деп.
Гүл берип көрбөптүрмүн,
Маанисин билбептирмин,
Сурабай алганым башка кеп.
Алдыңда билбей турам,
Гүлдү эми кантип сунам,
Ойлорум кетти чачырап.
Жетсем деп жүгүрөмүн,
Билбепмин күбүлгөнүн,
Кайчылап салчы, кайчылап.
  • Currently 4.83/5
(18 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (62)

27.10.2015. 16:17
 chonkurulush
Эн сонун соз жок мага аябай жакты
27.10.2015. 16:23
 Jazgulya22
Укмуш клип гоо.
27.10.2015. 17:31
 Асылжан
Инкубатор сыяктуу эле окшош-окшош ырларды жарата беришет))))
27.10.2015 22:49
World_of_tanks
Асылжан, Туура айтасын Кээде туруп ырларын угуп кулгум келет кээде туруп Бул кесиби да дегим келет бирок жакшы ырларды жаратса боло мен нике кайып деген гана ырын уккам азыр просто зээриккенде карап супер инфо тытмай бирок Клиптин акырында баланын ХХХ ХХХ ХХХМодератор admin_media түзөттү 2015-10-28 10:53:20
28.10.2015 10:54
admin_media
World_of_tanks,
Эскертүү!
Биринчиден, баш тамгалар грамматика эрежесине ылайык гана колдонулушу керек!
Экинчиден, кимдир бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болуңуз!
27.10.2015. 17:50
 salfego
Башкы актер жакшы аткарыптыр
27.10.2015. 18:04
 tuigan.
Жакшы.ар кимдин мээнетин баалай билели. Бул деле канча долларларга тартылса керек.тем более бул ырчылар шайлоодо жакшы
Иштей албай калышты
27.10.2015. 19:34
 NurikChita
Эң соонун клип мага жакты
27.10.2015. 20:33
 Tima07
жакшы клип болуптур.
27.10.2015. 21:58
 Maxima
Ииии кокуй не деген ыр? Же обону же созу жаккан жок. Звери тобунун солисти клубника издеп тун ичинде шаар аралай чуркаган клибине окшоп калыптыр...
27.10.2015. 22:33
 dawa
Зор чыгыптыр, супер инфо Турдакун Ниязалиевдин ырларын жуктоп койунуздарчы тексттери менен жубайыма деген ырын
28.10.2015 10:57
admin_media
27.10.2015. 23:45
 asia_92
Жакшы чыккан клиби,бирок тексте жон эле койсон болмок дептир гулду,анан клипте мага гул берген эмессин дептирго....
28.10.2015. 00:40
 kubaku
Чынын айтканда мага жаккан жок
28.10.2015. 01:12
 Altysh_Boldush
Супер ыр мага жагат. Маниси терен мен учун. Ийгилик. Клипда жакшы тартылыптыр
28.10.2015. 01:31
 Talantbek1994
Мага жакты ыры сонун экен
28.10.2015. 03:17
 adikon-00
Эн сонун!
28.10.2015. 03:41
 Aisanat
Музурдун бийлегенине кулкум келди. Озунчо эле интермедия го.
28.10.2015. 09:13
 M89
Мааниси жакшы ыр экен. Бирок жамгырдын жааганы бир аз окшошпой калыптыр да. Негизинен клипке 5!
28.10.2015. 10:13
 aikol87
Окшош обондор м куйормандарын тажадып албадыбы деймда Музур акебиз.Кайсы ырын укпа окшош.Гулмира женебиздин унун айтпайле койоюн.
28.10.2015. 11:39
 nazi8889
мага жакты жакшы ыр жакшы клип
28.10.2015. 12:09
 mira2006
Ырлары баары эле окшош, клип жакшы чыгыптыр
28.10.2015. 13:09
 Elya20
Туфта какая-та
28.10.2015. 13:31
 tolkun9090
Азаматсынар соонун болуптур.
28.10.2015. 14:10
 nazi25
Экөө өз өзүнчө да ырдап көрүшсө болмок.Чындыгында ырлары бири бирине опокшош.
28.10.2015. 15:20
 Otunbaeva.
Жакшы эле
28.10.2015. 16:14
 ayper
Зеериккенде бир жолу угуп койгонго болот
28.10.2015. 16:24
 Zai0888
Тажаткырлар кичине озгортушсо боло дайым эле мырза ырдайт анан айым ортосунан кайырма... опокшош инкубатор сыяктуу ырлар анан клиптееер
28.10.2015. 17:15
 sharolli
Ыры жакты!
Бирок буга окшогон кыздар жакпайт
28.10.2015. 17:40
 nurzada78
Гулдун кадырын билген орус туугандарга рахмат!Куну-туну гул саткан магазин иштеп турат!А бизде болсо,гулдун баркына жетпейбиз,ошон учун да гул саткан магазин жабык!
29.10.2015. 01:54
 joker007
Ырларынын бут эле обону озунуку болсо баардык ырлары окшош болот да башкалардын обондуу ырларына да кайрылып корушсо болмок...
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: