Нурмат Садыров "Торгоюм"
03:50
3,51 Мб
Жүктөлгөн: 06-11-2015
Жанр: Поп
Сөзү:Рыскулбек Турсуналиевдики
Обону:Советбек Урматбековдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.48/5
(61 добуш)
Сенсиң менин торгоюм,
Суук көздөн коргоюн.
Ысыгыңа жылытчы,
Суугуңа тоңбоюн.

Сенсиң менин торгоюм,
Суук көздөн коргоюн,
Ашык болдум жалындап,
Калпы болсо оңбоюн.
Сенсиң менин торгоюм,
Гүлдөй болуп соолбоюн.
Ысыгыңа жылытчы,
Суугуңа тоңбоюн.

Сенсиң менин торгоюм,
Күндөп-түндөп ойлоюн.
Ишенип кой сөзүмө,
Калпы болсо оңбоюн.
Менин ырчы торгоюм,
Жолугууну болжоюн.
Алтынчы күн - кадыр түн,
Карап күтөм жол боюн.

Сен торгоюм - сүйгөнүм,
Арнап өмүр гүлдөрүн.
Бир басалы гүл бакта,
Тыңшап торгой үндөрүн.
Ырахат го жаш кезде,
Күлүп-ойноп жүргөнүң.
Саймалайлы жылдыздай,
Жашообуздун түндөрүн.

Жалын болуп жаркылда,
Чагылгандай чартылда.
Көл үстүндө ойногон,
Ак булуттай калкылда,
Канат күүлө, күү чалып.
Ойноп-күлүп жаркылда,
Кадырлашып өтөлү,
Көңүлгө кир калтырба.

Көңүл куруп, күү чалып,
Күлүп-бийлеп, үн салып.
Менин сүйгөнүм торгоюм,
Эмгек жолун бир чалып.
Айыл ичин гүлдөтүп,
Обон созуп ырдашып.
Жаркылдаган жаштык кез,
Кете электе кырды ашып.

Өмүр суусун кечели,
Жабык сырды чечели.
Ак таң болуп нурданып,
Аппак гүлдү терели.
Ак нан болсо ыр болот,
Сүйүп дайым жешели.
Ден соолукта каткырып,
Соо жүрөлү дешели.

Комментарийлер (52)

06.11.2015. 15:46
 akzuura
Нуну байке азаматсыз.
ыр соонун ийгилик сизге
06.11.2015. 16:03
 dastan_nookat
Ушул ыр дагы!!
06.11.2015. 16:20
 tynystan
Мазза йу
06.11.2015. 18:16
 meka94
nurmat baike ar bir yryn jetkirip yrdait..yrlaryn kutup ugam,bul yry dagy hit yrlarynyn katarynda eken.chygarmachylyk iygilik aka
06.11.2015. 19:22
 Eseke2013
Сонун болуптур 555555
06.11.2015. 19:41
 Aitgul91
+55555.
06.11.2015. 22:43
 nurlan.gaipov.com
+5
06.11.2015. 23:12
 World_of_tanks
Ушул ырды уксам раматылык Гулзат Батырканова эжебизди эстейм
07.11.2015. 00:02
 joodar_myrza
Бали,жакшы ырдаптыр.
07.11.2015. 03:34
 barpynynkyzy
жакты сонун!
07.11.2015. 04:49
 Aichoy
Желкени былкылдатып,моюнду кылкылдатып бийлей турган болуптур. Жакшы
07.11.2015. 09:15
 baku0306
Азаматсын, Нурмат! Унуно береке.Чыгармачылык ийгилик сага.Биз сени менен сыймыктанабыз. Света
07.11.2015. 10:33
 Minka
soonun yr eken azamatsyn 55555555555555555
07.11.2015. 14:34
 Tima07
оооойййй Нурмат Садыров Азаматтсыз тим эле Бийлей турган ыр болуптурго.
07.11.2015. 19:07
 almadai
жакты...
07.11.2015. 20:34
 aizada15
Чын эле сонун ырдаптыр
08.11.2015. 02:44
 Torreto
Жакшы ыр болуптур.Азаматсын Нурмат.
08.11.2015. 15:14
 Kgstar96
Болот экенго бир куплеттида кайра кайра айтып ырдаса
08.11.2015. 15:40
 nursu93
жакшы ырдаптыр
08.11.2015. 20:17
 aika_87_2007
нурмат азаматсын унун соонун бул ырды жеткире ырдапсын кайра кайра угуп тажаган жокмун мен сенин баардык ырларынды суйууп угуп келем куйорманын Ай.....
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо