Куралбек Чокоев "Ата-эне"
Жанр:Поп
00:04:09
57,51 Мб
Жүктөлгөн: 11-11-2015


Сөзү:Т.Бектургановдуку
Обону:Т.Бектургановдуку

Тарбия бардыгына бирдей берет,
Он бала болсун, багат ата-эне.
А бирок ошол ону биригишип,
Багышпайт ата-энени эмнеге?

Кол созуп бир кездерде: "Келе-келе,
Келе бер, кармат мага, өзүң жебе".
Дегендер боор көтөрүп, үй-жай күтсө,
Унутат ата-энесин эмнеге?

Оокат таап адилеттүү эмгек менен,
Адамдык сапатыңды тилеп келген.
"Ай, ушул адам болуп кетсинчи" деп,
Ата-энең болчу өргө жетелеген.

Көрүнүп эл көзүнө коройгондо,
Бой болсо ак теректей соройгондо.
Карабай атасына, энесине, энесине,
Кай мерез басып кетет чоңойгондо?

Турмуш оор, жүз каталык кеткен күндө,
Ойло, дос, жаңылыштык кылып жүрбө.
Өзүңдөй таш боордукту балдарыңдан,
Көргөндө өкүнбөгүн, ушуну ойлон.
  • Currently 4.67/5
(18 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (34)

11.11.2015. 17:54
 Daiza
Таасирдүү клип болуптур...
Ырды жакшы жаңылап ырдаган, өзгөчө кыйкырган жери жакты...
Куттуктайм, сонун эмгек!
11.11.2015. 18:13
 zakukya
Сонун, ырга клип топ келип жакшы чыгыптыр
11.11.2015. 18:54
 Altuna7
Неблагодарность самая гнусная,но вместе с тем и самая исконная - это неблагодарность детей к родителям. Детей надо учить тому, что пригодится им, когда они вырастут.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: