Урмат Усенов "Болбой эле"
Жанр:Эстрада
00:03:36
54,94 Мб
Жүктөлгөн: 24-11-2008


Сөзү:Урмат Усеновдуку
Обону:Урмат Усеновдуку

Кайырма:
Билем, сөз жок чүрөксүң,
Тынчын алба жүрөктүн,
Таштап кетчи, тандап жетчи,
Махабат мүрөгүн.

Билем, сөз жок сулуусуң,
Сулуулугуң курусун,
Байкап көрчү, балдап өпчү,
Менден бир дурусун.

Болбой эле кадаламын,
Баш айланып ыр жазамын,
Магдыраткан махабатка,
Өзүң болдуң жан мазагым.

Тоңбой эле жазыламын,
Тоголонуп ачыламын,
Тоо карагат көздөрүңө,
Чабак уруп чачыламын.

Кайырма:

Качпай эле жабышамын,
Карек издеп табышамын.
Каш, көз, чач, кирпиктериңе,
Чаң жугузбайм ханышамдын.

Соолбой эле чачырадым,
Соо койбодуң, жан чырагым.
Жанчып тепсеп, тебелеген,
Балким, өзүң менин бактым.
  • Currently 5.00/5
(3 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (44)

24.11.2008. 17:16
 qwerty
в принципе ниче...
24.11.2008. 18:22
 Зарема
ДА Урматик клипин дагы БОЛБОЙ ЭЛЕ болуп калыптыр.
24.11.2008. 18:39
 Шаиста Шатманова
Мда. Урмат болбой эле онолуп баратат да! Баарынан да ханышасын клип тартылып буткон сон карабай басып кеткени кулкулуу экен.
24.11.2008. 18:40
 Шаиста Шатманова
Анан да Урматтын жаны образдары жакты. Ак костюм, шылапа кийип алса башкача балакай болуп калат экен. Ал эми жалюзинин жанында Энрикенин эле озу. Жарайсын 5!
24.11.2008. 20:53
 jazka
aaai,kaira koro albai jatam!dagy ele syranam!
25.11.2008. 09:16
 karyshkyr
kyz jalka bolupturda ayagynda :(
25.11.2008. 09:56
 МээримКа
орто!не туды не сюды!
25.11.2008. 15:57
 Candy
Ооийй да... башкы ролдогу кызды Нелякен десе!!!
25.11.2008. 16:18
 fanta
Jakshy ele aldyga jylysh bar dagyn ki4ine araket kyluusu zaryl....
25.11.2008. 16:19
 fanta
Jakshy ele aldyga jylysh bar dagyn ki4ine araket kyluusu zaryl....
25.11.2008. 16:24
 Perizat
Super!!!Azamatsiz!!!!!
25.11.2008. 21:37
 Малышка
Чын эле, девушку жалко. Ал эмне кылганы,этим он показал свою отрицательную сторону. Эшеги ылайдан откондон кийин(клип тартылган сон) тиги кызга рахматын айтып эле койсо болмок. Если, я клип правильно поняла.
26.11.2008. 13:51
 AsyaAsya
Horoshiy klip! Molodec' Urmat-Macho staraeshsya, rabotaesh' chem drugie. U tebya est' original'nost'! Tak derjat'!!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: