Роза Шакирова "Кызганыч"
03:26
6,27 Мб
Жүктөлгөн: 07-12-2015
Жанр: Эстрада
Сөзү:Тууганбай Абдиевдики
Обону:Сыймык Бейшекеевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.67/5
(18 добуш)
Көлөмүң болуп кичине,
Көзүмдүн батсаң ичине.
Көргөзбөй алып жүрмөкмүн,
Көңүлү бузук кишиге.
Карааның болуп кичине,
Каректин батсаң ичине,
Каратпайт элем өзүңдү,
Карашы бузук кишиге.

Карасаң башка кишиге,
Кан толо түшөт ичиме.
Эриксе жүрөк булкунуп,
Ээ боло албайм күчүмө.
Жанаша калсаң кичине,
Жалдырап карайм жүзүңө,
Балакет кылбасаң экен,
Башканын кирип түшүнө.

Бийлетип ой-санаамды,
Биликтей күйүп-жанамбы?
Элестеп жүрүп өзүңдү,
Эс жинди болуп каламбы?
Кыйсыпыр кылдың санаамды,
Кыргыздан сендей табамбы?
Сыртыңдан жүрүп кызганып,
Сыркоолуу болуп каламбы?

Көлөмүң болуп кичине,
Көзүмдүн батсаң ичине.
Көргөзбөй алып жүрмөкмүн.
Көңүлү бузук кишиге.
Айтканга күйүп айла жок,
Ашыктык оту кайда жок.
Мени сүй, эгер ишенсең,
Мен сүйгөн менен пайда жок.

Комментарийлер (37)

07.12.2015. 15:37
 Aichoy
Ушул ырды Сыймык акенин озу ырдаганын жуктоп коюнуздарды суранам Урматтуу Админ!
07.12.2015 16:54
admin_media
Aichoy,
Саламатсызбы! Аткаруучунун өз суранычы менен порталдан ырларын алынган, ошол себептен жүктөй албайбыз.
07.12.2015. 15:37
 sabyr86
Аман болуңузчу Роза эже,үнүңүз эч качан өчпөсүн,ушундай берилүү м.н уктум.бүгүндөн баштап ушул ыр м.н оорудум достор.
07.12.2015. 15:39
 jazira_92
Жагымдуу ыр экен.Сураныч Сыймык Бейшекеевден интервью алгылачы.
07.12.2015. 15:47
 Kgstar96
Эжеке талантынызга таазим журокко жеткирип ырдаптырсыз
07.12.2015. 15:58
 aidai88
Ар дайымкыдай укмуштуусуз эже,эч качан талыкпаныз.
07.12.2015. 18:29
 edu.kg.
Ун деп ушуну айт,ыр деп ушуну айт обон деп ушуну айт! Унунуздон сиздин урматуу Роза айым. Самарага окшогон шагыраган ырчылардын онуна тен келуучу ырчы айым. Бар болунуз.
07.12.2015. 20:10
 sayakat
роза эже ийгилик.унунузго соз жок.
08.12.2015. 00:18
 Ern
Чындап эле, С.Бейшекеевден интервью алгылачы? супер инфо!
08.12.2015. 03:20
 joma.z
Аябай жакшы ыр,Роза эже ийгилик,сизге..!мен куткон чыгарма,сизге бизден чоон,рахмат!!! Питерден
08.12.2015. 09:13
 Benos
Супер инфо ушул ырды бир байке ырдачу элего,ошол ырдын ссылкасын берип койгулачы. Рахмат
08.12.2015. 14:12
 aika_sv
Roza ejekebiz kak vsegda sonun
08.12.2015. 18:02
 Мэри
Тексти элдик ашыктык ырлардын стилинде экен. Автору ким болду экен, бирок жакшы, а обону жаккан жок...
08.12.2015. 22:49
 Maks1
Урматту админ. Ушул ырды ким ырдайт тап жүктөп коюнузчу. Алдын ала рахмат. Жанырган айды көрсөм сени эстеймин, Ачылган гүлдү көрүп аны сен деймин. О гүлүм кыйнадынго мени мынчалык.
09.12.2015 16:21
admin_media
Maks1,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!Модератор admin_media түзөттү 2015-12-09 16:21:48
10.12.2015 15:02
Мэри
Maks1, бул ыр Бек байкеники да. "...алты тоонун тескейи... алсырадым, аздым го, алтыным келип кетпейби..." деген...
09.12.2015. 16:40
 Роза Шакирова
Рахмат баарыныздарга.
09.12.2015. 17:40
 aitowa11
Эн соонун ыр болуптур. Уккулуктуу,маанилуу. Роза эже ишинизге ийгилик, талыкпай эмгектенип журо бериниз. Биз сиз менен
09.12.2015. 18:53
 BRILIANTTKA
Соонун ыр экен,муюююп алып уктум го...
10.12.2015. 15:03
 Мэри
Аа, тексти Тууганбай Абдиевдики турбайбы, ошо дейм да...
14.12.2015. 00:13
 gulia.87
Урматтуу Админ Бек Борбиевдин мен сени суйом жана мен сени сагынган бойдон журом деген ырларын жуктоп коюнуздарчы суранам. Алдын ала ыраазычылык билдирем.
14.12.2015 11:16
admin_media
gulia.87,
Саламатсызбы! Аткаруучу өз суранычы менен порталдан ырларын алдырган, ошол себептен жүктөй албайбыз.
24.12.2015. 00:09
 karlik
Ушул ырды Сыймык Бейшекеевдин аткаруусундагы вариантын кайдан тапсак болот? Админ жуктоп кое аласыздарбы ?
31.12.2015. 00:25
 Samat.A.A
Унунузду суйом суйом)))
15.01.2016. 03:48
 Shurab
Соонун ыр экен. Роза эже ийгилик сизге.
17.01.2016. 17:04
 Ankel
Керемет!!!
18.03.2016. 18:34
 nurii
Роза эже сиз менин идеалымсыз. Ар дайым сизге чыгармачылык эргуу каалайм. Эл аман,эл ичинеде уй булоонуз менен сиз аман болунуз.Жалабатка качан концерт койосуз?
04.05.2016. 13:45
 kuba_1977
Кыргызымдын чыгаан кызы Роза онорун оркундоп кыргызымдын жылдызы болуп журобер.
01.06.2016. 09:01
 buduz-80
Эн сонун аткарыптыр,созу обону не деген керемет
03.06.2016. 12:09
 asko55
Укмуш ыр деп ушуну айтса болот!
17.06.2016. 01:52
 tynar92kg
Эн сонун ыр болуптур! Суйуунун кереметин даназалаган .... Коломун болсо кичи, Козумдун батсан ичине...... Деген саптары жакты?
21.10.2016. 10:28
 buduz-80
Керемет ээй укмуш,не деген керемет саптар, Бали !!!!
21.12.2016. 11:35
 Arlenchik
Азаматсыз эже сонун ырдаптырсыз,унунузго береке.
11.01.2017. 06:03
 Nurzhigit97
Абдан сонун ээх
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо