Турдакун Ниязалиев "Жубайыма"
03:55
3,58 Мб
Жүктөлгөн: 07-12-2015
Жанр: Поп
Сөзү:Б.Акматов, Т.Ниязалиевдики
Обону:Т.Ниязалиевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.58/5
(36 добуш)
Чарчап келсем кубатым сен,
Жылмайып тосконуң ай-күнгө тең.
Очокту жандырган мээнеттериң,
Мелтиреп чалкыган көлдөй терең.
Очокту жандырган мээнеттериң,
Мелтиреп чалкыган көлдөй терең.

Кайырма:
Кандай сезим сүйүү деген?
Балдай сезим сүйүү терең.
Жароокерим, өзүң барда.
Жашоом шаңдуу бакыт белең?
Жароокерим, өзүң барда,
Жашоом шаңдуу бакыт белең?

Жүрөгүм сүйүп алганымсың,
Жүдөсөм үмүт байларымсың.
Ар убак шүгүр Жаратканга,
Арманды жолотпос майрамымсың.
Ар убак шүгүр Жаратканга,
Арманды жолотпос майрамымсың.

Кайырма:

Сени менен жашоо таттуу,
Кечирген күндөрүм салтанаттуу.
Кайгырсам капамды жууп турчу,
Камкордугуң таза суу сыяктуу.
Кайгырсам капамды жууп турчу,
Камкордугуң таза суу сыяктуу.

Кайырма:

Комментарийлер (37)

07.12.2015. 18:04
 uli95
маанис жана обонуна бали!!
07.12.2015. 18:34
 memphis7
эн соооооонууууун ыр
07.12.2015. 20:00
 dastan_nookat
Мааниси сонун сонун!!
07.12.2015. 20:06
 dastan_nookat
Башка ырлары болсо кошкулачы
07.12.2015. 23:12
 Jumaakb
Супер инфого кирбей жатты эле акыры кириптир да. Сөз жок.
08.12.2015. 00:31
 Nuri-Alina
Ушул ырды издеп журом супер унунузго
08.12.2015. 15:31
 ere
Керемет
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо