Турдакун Ниязалиев "Жубайыма"
Жанр:Поп
00:03:54
60,81 Мб
Жүктөлгөн: 07-12-2015


Сөзү:Б.Акматов, Т.Ниязалиевдики
Обону:Т.Ниязалиевдики

Чарчап келсем кубатым сен,
Жылмайып тосконуң ай-күнгө тең.
Очокту жандырган мээнеттериң,
Мелтиреп чалкыган көлдөй терең.
Очокту жандырган мээнеттериң,
Мелтиреп чалкыган көлдөй терең.

Кайырма:
Кандай сезим сүйүү деген?
Балдай сезим сүйүү терең.
Жароокерим, өзүң барда.
Жашоом шаңдуу бакыт белең?
Жароокерим, өзүң барда,
Жашоом шаңдуу бакыт белең?

Жүрөгүм сүйүп алганымсың,
Жүдөсөм үмүт байларымсың.
Ар убак шүгүр Жаратканга,
Арманды жолотпос майрамымсың.
Ар убак шүгүр Жаратканга,
Арманды жолотпос майрамымсың.

Кайырма:

Сени менен жашоо таттуу,
Кечирген күндөрүм салтанаттуу.
Кайгырсам капамды жууп турчу,
Камкордугуң таза суу сыяктуу.
Кайгырсам капамды жууп турчу,
Камкордугуң таза суу сыяктуу.

Кайырма:
  • Currently 4.49/5
(61 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (77)

07.12.2015. 18:03
 uli95
ыр дагы клип дагы абдан мыкты денгээлде. супер соз жок ийгилик жаны ырчы окшойт
07.12.2015. 18:41
 asia_92
Вобще сонун клип , ыр да.Мазмуну дагы абдан терен.
07.12.2015. 20:00
 Turat737498
5555555555
07.12.2015. 20:03
 dastan_nookat
''Тунтуктук келин'' тасмасындагы актирса актёрлор экен жакшы аткарыптыр!!!
07.12.2015. 20:05
 dastan_nookat
Актриса абдан сулуу да
07.12.2015. 20:53
 aizada15
Клиптегилер сонун пара да уйлонуп алышса болмок.
07.12.2015. 21:30
 altyn2015
Абдан сонун ыр. Ишинизге ийгилик.
07.12.2015. 23:11
 Jumaakb
Сөз жок. Азаматсыз Турдакун. Өтө хит болуп жатат учурда.
08.12.2015. 00:04
 faraklit
Sonun ununuzgo bereke barakelde azamatsyz ishinizge iygilik!!!
08.12.2015. 01:19
 aqua.94mema
Жакшы ыр болуптур . кана бардык жолдоштор ушундай болсо
08.12.2015. 02:25
 Almaz-93
Улгулуу ыр жана клип
08.12.2015. 10:04
 andarbekov97
Ыр сонун кайра кайра кайталап уканда тажабайсын
08.12.2015. 10:37
 miss2014
Бул ыр менен ооруп калдым десем болот,кундо кайра, кайра угам, жана эч тажабайм. Эн мыкты ыр,Турдакун Ниязалиев азаматсын алганы!!!
08.12.2015. 11:46
 Kunbeken
Ырдын мааниси эн сонун,аткаруу чеберчилиги, клиби баарысы бири бирине топ келишкен сонун чыгарма болуптур. Ырдын авторлору азаматсынар, ийгилик.
08.12.2015. 11:48
 Alisher
Soonun klipda irda maaniluu iygilik
08.12.2015. 12:57
 muradil22
Турдакундун бардык ырлары мага жагат .
08.12.2015. 13:05
 begim12
Жон эле журогунду эзип ийет го аябай соонун ыр да
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: