Нурмат Садыров "Торгоюм"
Жанр:Поп
00:04:06
62,62 Мб
Жүктөлгөн: 21-12-2015


Сөзү:Рыскулбек Турсуналиевдики
Обону:Советбек Урматбековдуку

Сенсиң менин торгоюм,
Суук көздөн коргоюн.
Ысыгыңа жылытчы,
Суугуңа тоңбоюн.

Сенсиң менин торгоюм,
Суук көздөн коргоюн,
Ашык болдум жалындап,
Калпы болсо оңбоюн.
Сенсиң менин торгоюм,
Гүлдөй болуп соолбоюн.
Ысыгыңа жылытчы,
Суугуңа тоңбоюн.

Сенсиң менин торгоюм,
Күндөп-түндөп ойлоюн.
Ишенип кой сөзүмө,
Калпы болсо оңбоюн.
Менин ырчы торгоюм,
Жолугууну болжоюн.
Алтынчы күн - кадыр түн,
Карап күтөм жол боюн.

Сен торгоюм - сүйгөнүм,
Арнап өмүр гүлдөрүн.
Бир басалы гүл бакта,
Тыңшап торгой үндөрүн.
Ырахат го жаш кезде,
Күлүп-ойноп жүргөнүң.
Саймалайлы жылдыздай,
Жашообуздун түндөрүн.

Жалын болуп жаркылда,
Чагылгандай чартылда.
Көл үстүндө ойногон,
Ак булуттай калкылда,
Канат күүлө, күү чалып.
Ойноп-күлүп жаркылда,
Кадырлашып өтөлү,
Көңүлгө кир калтырба.

Көңүл куруп, күү чалып,
Күлүп-бийлеп, үн салып.
Менин сүйгөнүм торгоюм,
Эмгек жолун бир чалып.
Айыл ичин гүлдөтүп,
Обон созуп ырдашып.
Жаркылдаган жаштык кез,
Кете электе кырды ашып.

Өмүр суусун кечели,
Жабык сырды чечели.
Ак таң болуп нурданып,
Аппак гүлдү терели.
Ак нан болсо ыр болот,
Сүйүп дайым жешели.
Ден соолукта каткырып,
Соо жүрөлү дешели.
  • Currently 4.62/5
(52 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (90)

22.12.2015. 16:03
 aida96
Жакшы клип
22.12.2015. 18:02
 altynbek_canto
Нурмат молодец ырды да клиптир да мыкты тартыптырсын, бирок клиптин аягында дискотеканын ордуна башка нерсе ойлоп таппапсынарда, фонго бир аз туура келбей калат экен. Бирок молодец.
22.12.2015. 20:36
 devo4ka
klip en mykty dengeeelde boluptur...molodsy nurmat menen ernist sydykov......eldi syimyktantyp juro berinizder
22.12.2015. 22:12
 aizada15
Ыры да клиби да сонун экен,кыз да жакшына аткарыптыр назданып.
22.12.2015. 22:21
 mi-li-na
клиптеги негизги каармандын он жагында жургон кыз татынакай экен
22.12.2015. 22:30
 Nurchikk
Клип просто шик братан.
Клиптеги кызды чиркин суйуп каламгоо. Жаным иий)))
22.12.2015. 23:59
 ayper
Озунун денгеелине жараша ырдаптыр.Бирок маркум гулзат батырканова сонун ырдайт болчу
23.12.2015. 10:12
 Erniet
Клиби жакты торгоюм болсо сулуу экен назданганынан эй
23.12.2015. 14:08
 ana222
Мага баары жакты озгочо жагымдуу шандуу унуно клипине ++55555
23.12.2015. 17:57
 Bayaz
Унун сопсонун эле жеткирип ырдаптыр азамат .
23.12.2015. 23:12
 aikol87
Мынча сонун красавчик болуп кетиптир. Кыз ашыкча жасалмаланып койуптур
23.12.2015. 23:16
 aikol87
Уну сопсонун бир жакшына ырдаган позитивный ыр болуптур.
25.12.2015. 00:29
 asel96
Салам достор баарынарга бугун мен 1-жолу билдируу жазып жатам.ураа.клип эн сонуун болуптур
25.12.2015. 21:34
 Aibekaiym
Эн сонун болуптур!Нурматтын уну сонунда Азамат!
26.12.2015. 05:52
 Nurpiri123456
Супер
26.12.2015. 12:51
 MOMPOSKA
Атабековдун МОЛМОЛУМ клибине таасирленгендей го сыягы,анан клиптин мааниси дал ошол клиптин кочурмосу болуптур)))))
26.12.2015. 15:28
 Aijash90
Супер клип!!!коро албагандардын оозуна толлооо ...
27.12.2015. 09:19
 Mystery
Super
27.12.2015. 10:41
 guljigit96
клип жакшы
27.12.2015. 16:00
 Mirba24
nurmat azamat.
28.12.2015. 14:03
 Albina.000
ыр соонун болуптур
28.12.2015. 14:57
 amanatym
балдардын бийлегени жакты
30.12.2015. 20:00
 hello.kg
Ортодогу созулган кыз кыжырды гана келтирдиго.башка кыз жок бекенле
01.01.2016. 12:07
 rahat97
жакшы клип болуптур мен 5 койом
03.01.2016. 02:54
 aika_87_2007
Азаматсын жаны жылды ушул ыр менен тостук айабай хит болотат бул клип ыр соонун ырдапсын сен ырдын ыр сенин багынды ачты окшойт.супер!!!
03.01.2016. 16:11
 avazbek1986
Бул ыр Питерде кафелерде мода болуп жаттат.Жакшы ырдаптыр
04.01.2016. 11:40
 bela77
Возвращение Нурмата Садырова болуптур!!!
04.01.2016. 11:45
 amanatym
уну бир аз ичке экен да а так жакшы
05.01.2016. 20:09
 Kyrgyz.Aksy
талантына ийгилик сонун ыр экен
06.01.2016. 15:34
 tursunai98
sonun yr boluptur
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: