Нурмат Садыров "Торгоюм"
Жанр:Поп
00:04:06
62,62 Мб
Жүктөлгөн: 21-12-2015


Сөзү:Рыскулбек Турсуналиевдики
Обону:Советбек Урматбековдуку

Сенсиң менин торгоюм,
Суук көздөн коргоюн.
Ысыгыңа жылытчы,
Суугуңа тоңбоюн.

Сенсиң менин торгоюм,
Суук көздөн коргоюн,
Ашык болдум жалындап,
Калпы болсо оңбоюн.
Сенсиң менин торгоюм,
Гүлдөй болуп соолбоюн.
Ысыгыңа жылытчы,
Суугуңа тоңбоюн.

Сенсиң менин торгоюм,
Күндөп-түндөп ойлоюн.
Ишенип кой сөзүмө,
Калпы болсо оңбоюн.
Менин ырчы торгоюм,
Жолугууну болжоюн.
Алтынчы күн - кадыр түн,
Карап күтөм жол боюн.

Сен торгоюм - сүйгөнүм,
Арнап өмүр гүлдөрүн.
Бир басалы гүл бакта,
Тыңшап торгой үндөрүн.
Ырахат го жаш кезде,
Күлүп-ойноп жүргөнүң.
Саймалайлы жылдыздай,
Жашообуздун түндөрүн.

Жалын болуп жаркылда,
Чагылгандай чартылда.
Көл үстүндө ойногон,
Ак булуттай калкылда,
Канат күүлө, күү чалып.
Ойноп-күлүп жаркылда,
Кадырлашып өтөлү,
Көңүлгө кир калтырба.

Көңүл куруп, күү чалып,
Күлүп-бийлеп, үн салып.
Менин сүйгөнүм торгоюм,
Эмгек жолун бир чалып.
Айыл ичин гүлдөтүп,
Обон созуп ырдашып.
Жаркылдаган жаштык кез,
Кете электе кырды ашып.

Өмүр суусун кечели,
Жабык сырды чечели.
Ак таң болуп нурданып,
Аппак гүлдү терели.
Ак нан болсо ыр болот,
Сүйүп дайым жешели.
Ден соолукта каткырып,
Соо жүрөлү дешели.
  • Currently 4.62/5
(52 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (90)

21.12.2015. 16:49
 Kurmanjan94
Соонун клип болуптур ийгилик нурмат байке!
21.12.2015. 16:53
 aitbek.06
жакшы
21.12.2015. 17:04
 akzuura
Клип жакшы болуптур!
ийгилигиңиз кут болсун !!!
21.12.2015. 17:08
 fit91
Жакшынакай кыз экен клиптеги
21.12.2015. 17:17
 NADUW
Клип абдан сонун болуптур!ийгилигиниз кут болсун!
21.12.2015. 17:41
 Musabaeva
Аябай жакты))
21.12.2015. 17:46
 Geroy
Клип соонун болуптур. Бирок, молмолум 2 дегендей болуп калыптыр.
21.12.2015. 18:10
 fayzi
Ыры аябай жакты клип да маданиятту болуптур.
21.12.2015. 18:52
 Cholponausenova
Эн сонун клип!
21.12.2015. 20:50
 nurzada78
Сонун болуптур!
21.12.2015. 21:05
 Mirba24
mykty, super.
21.12.2015. 21:10
 Mirba24
kyz tatynakai jyldyzduu eken.
21.12.2015. 21:41
 alisheran
Гүлзат Батыркановага жетпейт...ал жеткирет болчу
21.12.2015. 22:05
 IMALI_kg
toktogulduktar alga.

21.12.2015. 22:28
 asel96
Аа
21.12.2015. 22:32
 don.kg
Жакшы,Обону Ернар Айдардын ырына окшошко.
21.12.2015. 22:32
 13-nazi
Сонун болуптур, азаматсын!!!
21.12.2015. 23:04
 jaark.23
сонун клип соз жок
21.12.2015. 23:34
 aika_sv
Nurmat baike molodesss. Alga
22.12.2015. 00:37
 baku0306
Азаматсын, Нурмат! Мыкты клип болуптур. Ушунундан жазба.Биз сени менен сыймыктанабыз. Светлана
22.12.2015. 00:46
 Asel1994
жакшы ырдапсыз жалан 5555555
22.12.2015. 00:48
 suidum.96
Артындагы бийчи балдар кайсы топ эле?ошолор да молодец да биздин ырчыларга бийлегенди да уйротуп башташты окшойт)))
22.12.2015. 01:23
 SUBA_8493
Сонун мага өзгөчө жакты.
22.12.2015. 01:40
 Jazim93
Азаматсыз Нурмат....баары сонун клипте соз жок.....Дагы кооп коп жаны ыр клиптер жаралсын....
22.12.2015. 08:54
 Abaeva-1987
Азаматсын! Бирок мындан да жакшы болушун кутком!
22.12.2015. 09:27
 amanatym
унун жетпегенден кийин озун чыгарган эле ырлырдан ырдасан болмок экен.
22.12.2015. 09:38
 burulai94
молодец Нурмат алга
22.12.2015. 12:08
 uli95
эн соунун супер болуптур. кыз абдан сулуу экен . ийгилик ырчы мырзага
22.12.2015. 14:01
 ana222
Унуно береке соонун соонун копчулуктун арасында ХХХ болуп турат алар оздору эчнерсени кыйратпай кыйратканды коралбагандар))Модератор admin_media түзөттү 22.12.2015 14:36
22.12.2015 14:36
admin_media
ana222,
Кимдир бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болуңуз!Модератор admin_media түзөттү 22.12.2015 14:37
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: